Алгожоева Нурча, 1947-жылы туулган. Талас району, Кырк-Казык айылы

This post is also available in: Орусча

Азыркы учурдун кыздары беттерине жагабы, жакпайбы алып эле баарын сүйкөй беришет. Анан беттерин өздөрү эле ошентип бузуп алышат. Ал кезде биз бээнин сүтүнө жуур элек да. Сүттүн көбүгүнө бетти жууса аябай жылмакай тартып, сулуу болоор элек. Анан «эндик» деген  өсөөр эле, анын тамырын сүткө ачытып туруп, бетке шыбаса аябай жакшы болчу. Андан тышкары сүзмө жабыштырып жатаар элек. Ал убакта самындын түрлөрү деле жок болчу.

Ал убакта мончо деген болгон эмес. Үйгө эле жуунуп алышчу . Анда самын деген жок да. Апам айтып калаар эле, биздин айылда бир студент бала болуптур. Анан ал баланын самыны бир укмуш жыттанчу экен. Ал эми биз болсо эптеп-септеп алабата менен жуунчубуз.

Ал убакта бир да адам баласы бош болгон эмес. Баарысы эмгек менен алек болушкан. Мисалы менин атам жумуш кылбасам ооруп калам дечү. Анан мен ойлойм, көрсө тирилик менен машыгышчу тура.

Leave a Reply