Кудушова Анаркүл

Кыргыз, Бакай-Ата районунун өзгөрүш айылындагы Курташ жана Дөлөн ата, Осек ата мазарларынын  кароолчусу.

Маалымат алган: Сатишева Назира, Талас мамлекеттик университретинин тарых бөлүмүнүн студенти, Айгиненин Таластагы мүчөсү. 

-  Эже, сиз кандайча мазар басып калдыњыз?

- Менин мазар баскан себебим ден соолугума байланыштуу. Мен 14 жашымда эчтеке билбей оорукчан болуп калдым, анан 22 жашымда ал оорум катуу кармады, ошондон баштап мен намаз окуп, 38 жашымдан баштап мазарлай баштадым. Менин өзүмдүн бир аз талмам бар, анан Алла Таалам өзөмү кандайдыр бир сезимди киргизип турат. Айтымчылык[1] жагым да бар. Кайсы мазар мага түшүмө аян берип түшсө, мен ошол жерге барып зыярат кылууга милдеттүүмүн. Түшүмµ аян берип, өзүм атын койгон мазар бар, Курташ мазары деп коет, жанында булагы да бар, анын суусу ашказанга жана беттин аллергиясына шыпаа берет. Ошондой эле төрөбөгөн аялдарды ошол жерге алып барып эмдесе эми түшөт.

Эњ биринчи Курташ мазарына, Осек атанын, Дµлµн атанын мазарына (үчөө тењ өзгөрүш айылында) баргам. Аян көрүп, катуу ооруп жүргөн кезимде айылдагы Ажыбек деген молдо (ал азыр Ысык-Көлдө) мени көрүп, актыкты ушул Курташ мазарынан кийгем. Ушул жерден айыккам, барып карап, тазалап турам. Мурда алысыраак турчумун, азыр жакынбыз. Бул мазарга мурда эл көп келчү, азыр азыраак каттайт (күнүнө 5-6, кээде айына 10-15 киши). Курташ мазарына көбүнчө жолу болбой жаткандар, баласыздар келет, аллергияга, кµз ооруга жакшы.

Айылда Байсейит деген киши бар эле, Курташ мазары ошол кишинин жерине кирчү, башында бир аз түшүнбөй жүрдү, азыр жакшы түшүнөт, эч нерсе дебейт, андан башка эч ким деле бут тоскон жок.

Мендеги касиет апамда болгон. Ал да киши карачу, ал кезде мен жаш болчумун, түшүнчү эмесмин. Апам өлөөрдө өзүндөгүнү мага таштап кеткенин айткан, мен анда отуз жетиде болчумун.

- Кароол болгонуңузга үй-бүлөңүз каршы эмеспи?

- Жок, жолдошум төшүнөт, өзү да дем салат. Мындай жөндөм бир уулум менен бир кызымда бар эле, кызым кайтыш болуп калды. Менин киши көргөнүмө он сегиз жыл, ачыкка чыкканыма он эки жыл болду. Эми жеке тажрыйбам жөнүндө эмнени айтсам. Ооруп адамдар келет, көбүнчө догдурдан чыгарып койгондор келет. Колумдан келгенин кылам, мен деп да айтпайм, биринчи Кудайдан. Кудайдан эм, шыпаа консо, жакшы болуп кетишет. Мага келген кишилерди менден гана айыгаарын айтып кармабайм. Колумдан келсе жардам берем, келбей тургандыгына көзүм жетсе, догдурга бар дейм, же башка мага окшоп киши карагандарга жиберем, «ошого бар, ошо билет» деп. Мага келгендердин айыгып, сүйүнүп кеткендери да бар, айыкпай кеткендери да бар.

- Ооруп келгендерге кандай ырым жасайсыз?

- Балдар көк жөтөл болуп келсе, суу чачам, топурагынан жалатам. Орловкадан бир бала келген, башынан сотрясениеси бар экен, омурткасы да тайып кетиптир, эч бир жумушка жарачу эмес экен. Бир күнү Курташ мазарына барып түнөдүк, карасам, бала аябай кыйналып жатты, апасы да ойгонуп кетип, баласынын абдан кыйналып жаткандыгын айтты. Мен: «Дарылап жатышат, буюрса балаңыз жакшы болот», – дедим. Эртең менен бала түндө бир кызыктай болгондугун айтты. Таң калычтуусу – баланын аркасын карасак, кийими кан болуп калыптыр, бел жери кадимкидей тигилгени билинип турат. Ошо менен бала азыр жакшы, иштеп жүрөт. Биринчи Кудайдан эм берди, шыпаа болду, жакшы болуп кетти, биз жµн гана себепкербиз да.

Төрөбөгөн аялдар келишет. Бир аял он сегиз жыл, дагы бир аял 6 жыл, дагы бири 4 жыл төрөбөптүр, ошолор тµрµп алышты, ниет койсо эле болду.

Бул Курташ мазары бир кезде жок болуп кетип, кайра пайда болгон экен. Балдар киренелеп калса, үч күн жети жолудан киринтем. Нервине суук тийгендерди биоток менен дарылайм. Укалоо жасайм, айтымчылык жагым бар, айтып берем, карта менен тµлгµ ачам, шам жагып айтам, зикир чалып айтам. Курандын он эки сүрөөсү менен айтам.

Мурда жүрөгү ооругандар көп келчү, аларды сеанс менен көрчүмүн, азыр антип кµрбµйм. Анткени андай адамдар азыр кµп келбей калды. Алты жыл баспай калган бир кишиге жолдошум дем салып, мен жыйырма бир жолу шам жагып, анан басып кеткен. Бут ооруга болсо адырашманды кайнатып берем. Сары сууга буулайм. Укалоо жасайм. Биоток менен чыгарам. Көз ооруларды да эмдейм. Оймок менен суу бүркөм.

- Канча жолу жасайсыз?

- 3 же 7 жолу, ар кандай.

- Бул ырымдарды эмненин негизинде жасайсыз?

- Аян менен көрүп, жасай берем. Мисалы, бир киши келсе, эмне кылып дарылоо керектигин, кайсы жерге алып баруу керектигин аянымда көрсөтөт. Мазарга алып бар десе мазарга алып барам. үйдөн эмде десе, үйдөн эмдейм.

- өзүңүздү киммин деп эсептейсиз?

- Пендемин дейм. Эл шайык, умай эне дешет. Пасенде болгум келет.

- Пасенде деген эмне?

- Жµнµкµй адамды Алла жакшы кµрµт. Пенде катары пенделерге жардам бергим келет. Мазарда элге, эл үчүн иштегим келет. 3-4-күнү дайыма шам жагам. Кудайдан суранып, бала-чакамдын, үй-бүлөмдүн, элдин ыймандуулугун тилейм


[1] Айтымчылык – боло турган нерселерди алдын ала билип айтуу.