Ибраимов Керимбай

68 жашта, Кара-Буура районундагы Шекер айылынын Аүй мазарынын шайыгы.

Маалымат алган: Иманалиева Дамира, Талас мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү.

- Сиз кандайча кароолчу болуп калдыныз, кимдер себепчи болду? 

- 15 жыл мурда менин түшүмө кирген. Мени бул жерге мурдагы молдо алып келди. Бул жак ошондо таза ээн болчу. Рахманберди молдо ушул жерге шайык издеп таппай, анан мага барышты. Бир жолу айтты, болбой койдум. үч күндөн кийин дагы барды. үй-бүлөм менен акылдашайын дедим. Анан элдин батасын алышым керек, ага менин колумда жок дедим. Ал киши шариятта колунда бар болгондо гана түлөө берсе болоорлугун айтты. Кемпирге айтсам алгач макул болбой, чүкүндөн кийин эптеп макул болду. Анан көчүп келдик. Келсек каралбай, аябай жаман болуп калган экен. Эски кийиз, жаман төшөктөр гана калыптыр. Жылаан, музообаш дегенди айтпай эле кой, азыр дагы бар, бирок бизге тийбейт. Аябай көнө албай жүрдүк. Бир базардан кийин түндµ эшикте бирөөлөр жүргөндөй болот, карасак эч ким жок, бирок жатсањ күбүр-шыбыр болот. Учурда кара курттар түндө түшүп, эртең менен бастырманын төбөсүнө чыгып кетет. Учурда да кычырап, түнкүсүн кубүр-шыбыр болот.

   Ошентип келип, балдар менен ремонт жасадык. Эски мечиттин орду тазаланып, анан бул жањы мечит салынды. Эски мечитти буздуруп, жаңы мечит курдуралы десек, бузулган мечиттен бир кап китеп чыкты. Окуй албагандан кийин Мүзүлүмай деген кемпир келип жүрөт бул жерге (Ак үйгө), тиги атасынын булак, дарактарына (Чаргын молдонун), ага берели дедик. Чаргын молдо дубакөй киши болгон экен. Мурдаарак ал бул жерге мечитти айланта дарак тиккен (бирок молдолор келип, теректи кестирген). Жана дагы бул жер ыйык деп эки сандык китебин ушул тегерекке каткан, эки сандыгын тоого алып барган, ал жакка балдары барып турат экен. Ал эми бир сандыгын бул мечитке каткан.

Трактор менен буздуруп жатканда, трактор туура күн батыш жактагы мечиттин бир дубалына келгенде жүрбөй коюп, ошол бир сандык китеп чыгып жатпайбы. Ошол жердеги аксакалдар бул Чаргын молдонун китептеринен го деп айтышты. Чирип, күйүп калыптыр, ичинен жарактуулары 4-5 гана, аны болсо биз жањы мечитке коюп койдук. Китептер арабча жазылган экен. Кийинчерээк аны эч ким окуй албагандыктан, иши кылып ар ким окуйбуз деп сурап кетти, ошону менен жок болду. Чаргын молдонун кызы Мүзүлүмай апа: «Атамдын бир кетиби калыптыр, мага берињиз эми, түшүмµ аян берип жатат, өзүндөй кылып алып жүрөйүн», – дегенинен, эњ арткы калганын ошого бердик. Мүзүлүмай ал китепти, бир инилери молдонун окуусунда араб тилинде чоң окууда окуйт экен, ошол алып кетип, эми китеп ишенимдүү жайда, бир музейде экендигин айтты.

Чаргын молдонун олуялыгы ушунчалык күчтүү болгон экен. Адамды эшек кылып минип алган дешет эл арасында. Чаргын молдо неберелеринин кайрымсыз болоорун айткан. өзүнүн касиетин балдарына толугу менен үйрөткµн эмес, анткени балдарым бул касиетти терс нерселерге, жаман жакка колдонуп жиберет деп корккон экен. Анын уулу Сыялы да чоњ молдо болду, бирок Чаргын молдодой болуп не бир жин ооруларын айыктырууга алы келген жок.

Бул мечитке кµп эмгек жумшалды, кеткен каражатычы: суу, кирпич, тамак-аш ж.б. Бирок эл бар экен, бүтүп калды. Мечитти курганда мага эч нерсе төлөшкөн эмес. Жањы мечит 5 жылда (1998-2003) бүттү.

Мен бул мечитке тал тиктим, анан бардыгы жакшы болгондо, айылдын молдосу менен сопусу шайыктыкты талашты. Милицияларды да жибериптир, милиция мас болуп келиптир. Кет деп куудум, сени алып барып тыгып коем деп кежирленип кетти. Анан булар догдурдан мени өпкө оорулуу деген справка алышып, аксакалдар сотуна беришти. Кудайдан адилеттикти тилеп бардым, мага жолдошум гана кошулду, туугандарым чындыкты айтуудан баш тартышты. Барсак клубда эл көп, мен үч киши менен бардым.

Молдо, милиция, сопу сүйлөдө, мени элге абдан жамандады, унчукпай уктум. Анан кезек мен тарапка келди. Жолдошум калыстыгын айтты. Кылган мээнетимди айтты. Мечит салынып жаткан учурда ал эсепчи болчу.

Кенжекул сопу 18 жыл молдо менен биргелешип иштешти. Бул Ак үйгө мени арањ келтиришти эле үч жолу барып атып, эми болсо минтип, баары даяр болгондон кийин кет деп айтат. 18 жылдан бери сопусу бир тал көгөрткөн жок. Анан сот сөздү адвокаттарга берди.

үчөө экен, экөө меникин туура дешти. Анан үчүнчүсү Ак үйдүн ылдый жагындагы талды ал чоњойтконун айтты: ал киши да бир убактарда колхоздун тапшыруусу менен суу чыкпаган жерге тал көгөрткөн эле, колу менен ташып жүрүп.

Анан жыйынтыктоочу сөз аксакалдар сотунун төрагасына берилди эле, ал:  «Сен акмак молдо экенсиң, муну эч мээнетиң жок кууганга ким укук берди?», – деп калыс сөзүн айтты.

Жумабай (милиция) молдонун тууганы болгонго тууганына  аябай тартты эле, ага дагы: «Картайганда калыстыгыңарды айтып, элге калыс болбойсуүарбы, ким мурда сүйлүсү ошону ээрчибей», – деди. Ошентип сот адилеттүү чечим чыгарып берди. Кудай деп жүрүш керек кызым, 3 күндөн кийин жогору жактан (молдолор) келишип, сопуну да, молдону да алып салышты, кудай бар экен. Аллага түз жүрбөсөң болбогон эле жерден айдалып кетесињ.

Анан дагы биз келе электен мурдаарак бул жерде, Ак үйдүн түштүк-чыгышында – ат майданда, сарайда бир тууганыбыз туруп калат. Кышында мечитте суук болуп, ак үйдү бузуп, малга жыгачынан бастырма тургузуп, чөбүн малга берди эле, малы кутуруп кетти. Ошол жерден жыгач ал деген киши урук-тууганы менен жок болуп кетти.

Андан кийин бул жерге бир кароолчу коюшуптур, ал кишинин 2 баласы каза таап, өзүнүн оозу кыйшайып, кийин бул жерден кетип калды.

Бир Оңолбү деген аял 1990-жылдары эшикти кулптап кетсе да, эртеси ачылып калганына таң калам дечү. Ал сооп үчүн бул жерди тазалап турчу. Мурда бул жерге бир дагы адам олтура албачу. Көң  үлү түз адамды гана кое берет.

Бул жерден Эшен ата касиеттүүТаласты тынчтык өкүм сүрөт деген экен. Манастын жүргөн жеринде эч жамандык болбойт деген. Ак үйдүн касиети Мекке, Медина менен бирдей деген да сөз бар.

Жакында эле Токтобүбү бубү бир аялды ээрчитип келди. Жанагы ээрчитип келген аял 8 жылдан бери жылаан менен жүрөөрүн, жылаан аны коркутуп, жүрбөгүнүн үшүн алаарын айтат. «Ушул жерге келгенде коркконум басылат, ушул жерге эле жашап жүрөйүн», – дейт. Ден соолугу үчүн макул дедим. Биринчи жолу укканда анча деле ишенген эмесмин, бирок чындап эле бир күнү жылаан мечитке кирип кетиптир, кадимкидей жанагы аял менен арбашып, ышкырып жатат, тањ калдым. Эшикке чык деп кетирип жибердим. Бир убакта келинимдин астынан чыгыптыр, келиним кош бойлуу эле, коркуп кеттим, акыры жанагы жылаанды өлтүрдүк. Жанагы аял анан кетти.