Сейитбеков Тилеген: Издегенимдин өзү – көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган сырдуу дүйнө

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Сейитбеков Тилеген, 46 жашта, Талас аймагы

Мен Токтогул районунун Көтөрмө айылынан болом. Айтылуу Семетейчи Сейдене[1]. уулумун. Ошол чыгармамды жаратууда, образдардын элесин чагылдыруу үчүн, ушул жерге (Манас күмбөзүнө) келип, олуя, пирлерден руксат сурап, күч топтоп жүргөн убагым. Мен ушуга 20 жылдык өмүрүмдү сайгам. Издегенимдин өзү – көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган сырдуу дүйнө. Эми мунун акыры кай жерге барып такалат, аны турмуш өзү көргөзөт. Бирок, мен бул дүйнөдөн чыныгы жашоону, чыныгы адам болуп кандай жашоо керектигин, бейиштегидей турмушту элестетип алгам. Эми ошого кантип жетүү керек деген ой, изденүү менен алпурушуп жүргөн адаммын апанын уулумун. Бул жерге үй-бүлөм менен 3-жолу келип жатам. Ал эми келгенимдин максаты – «Манас» эпосунун жаңы вариантын жаратып, бүтүн элдин алдына алып чыкканы турам.

Мазарлардын ар бири өзүнчө касиетке ээ. Бир мазар менен бир мазар бирдей эмес. Бизди табият жараткан, ар бир жер өзүнчө өзгөчөлөнгөн касиетке ээ. Бүт жер касиеттүү, касиеттүү эмес жер болбойт. Кандайдыр бир касиетке ээ болгон, жаратылыштын же бир жердин кичине бөлүкчөсү – мазар.

Мен өзүм карапайым адаммын. Тээ балалык кезде мен чыгарма жаратамбы дегем. Анан кайра «мен акын болбосом, же жазуучу болбосом, менден кандай чыгарма чыгат» – деп ойлондум. Бирок, баары бир бул ойдон эч кутула албадым. Ошентип ойлорум мени ооруга алып келди. Анан оорудум. Менин оорум «чыгарма» деген оору болду. Чыгарманы жаратайын эле дейм. Бирок ага кудуретим толук жетпесине көзүм жетип, түшүндүм. Анан мага кошумча аң-сезим, кошумча күч-кубат керек болуп калды. Мен анан ошол күчтөрдү мазарлардан издедим. Бир эле эмес, көп мазарларды кыдырдым. Барып алып ыйладым, сурандым, мына бул жерден деле «Ээ кудуреттүү олуя заадалар, баарыңарга сыйынып келдим, мага ашыкча акыл бериңиз, мага ашыкча күч бериңиз, мен ушундай чыгарма жаратууга кудуретим жетпей жатат, мага бир ырайым этип коюңуздар, мен акча табыш үчүн эмес, же өз кызыкчылыгым үчүн эмес, бүтүндөй эл үчүн, бүтүндөй кыргыз мекени үчүн, Ата Журт үчүн, ата-бабалардан келе жаткан салт-каадаларды эл алдына алып чыгыш үчүн ынтызармын, мага ушундай касиеттерди бере көрүңүздөр» – деп ыйлап отурам. Мына, буюрса ошол мен издеген касиет, күчтөр келип, мен ушул жашоодон издегенимди таап, кудай буюрса бүтүндөй элдин алдына чыгамбы деген өтө чоң ойдо жүрөм. Эми буюрса, арбактар колдосо, олуя, мазарлар колдосо, менин да оюм ишке ашып, келечекте мен да бул жашоодо тек гана курсак тойгузуп, бала-чакамды гана багып өтпөй, бул жашоодогу кызыкчылыктарды кайра ушул жашоого тартуу кылып кетем деген үмүттөмүн. Буюрса, аракетим натыйжалуу. Чыгарма жаралды, каармандардын элестери келип жатат. Мен өзүм негизи мазарларга бейшемби күндөрү барам. Анан бирок башка күндөрү деле бош болсом бара берем.

Ал жерлерден, албетте, ар кыл сыр, аяндарга туш болдум, бир эле жолу эмес, бир нече жолу. Ар бир мазарга барганда сөзсүз өзүмө кандайдыр бир касиет таап кетем. Менин мурдагы чыгармам күндөн күнгө мазарларга барган сайын өсүп-өнүп олтурат. Мен ушуга бактылуумун. Биз түштүктө Шамшикал ата деген чоң мазардын жанында жашайбыз. Ал мазар Шамши Табирип деген адамдын атынан аталган. Ал өзү илгери, көп кылымдар мурун олуя адам болгон экен. Бул адам жалаң дин жолунда жүрүп, жалаң адеп-ахлак жөнүндө иш жүргүзүп келген. Ошол адам жол жүрүп бара жатканда Кетмен-Төбөдөн кайтыш болот. Кайтыш болгондо ал кишинин сөөгүн өчөшкөн адамдары билбей калыш үчүн, адам басып бара алгыс татаал жерге көмүшкөн дешет. Анан ал киши коюлган жер Шамшикал аталып калган экен. Ошол тоо кийин ыйык, касиеттүү деп таанылып, Шамши ата коюлган жер бүтүндөй тузга айланып калган. Ал жер азыр «Шамшикал туз кени», анан «Шамшикал ата мазары» деп да эл оозунда айтылып жүрөт. Ал өзү – узун тоо, бөлөк тоолордон бөлүнүп турат. Нары жагы Нарын дайрасы, бери жагы – кандайдыр бир тегиздик. Баш жагынан да, этек жагынан да суу агып турат. Ортодо тоонун бөлүкчөсү. Жалаң ошол тоо Шамшикал тоосу болуп, тузга айланып калган. Бир гана ошол тоо ошондой, башкалары андай эмес. Тегерегиндеги башка тоолордо туз такыр жокко эсе.


[1]Сейдене Молдоке кызы (1922, Кетмен-Төбө өрөөнү, Көтөрмө айылы) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. С. өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. С. «Семетей» айтып калышын башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Анын түшүнө адеп улуу акын Токтогул кирип, «Манас» айт дейт. «Айланайын Токо! Аял киши болсом кантип айта алам?» – деп макул болбойт. Көп өтпөй С. катуу ооруйт, түшүнө Семетей кайра-кайра кирип, эпосту айтууну талап кылат. Ушул мезгилде С-нин баласы чарчап калат. Муну ал эпосту айтпаганы үчүн түшүнө кирген баатырлардын (Семетей ж.б.) арбактарынын жазалоосу катары түшүнөт да, ээн калганда, көбүнчө түн ичинде өзүнчө «Семетейдин» ар кайсы эпизоддорун айта баштайт. С.Молдокеева 2006-жылдын апрель айында 87 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>