Мамбеталиев Уркаш: Жөлөгөн өрдө күч кандай, жөрөлгө жакшы, түш кандай

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Мамбеталиев Уркаш, 1934-жылы Ысык-Көл областынын Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Манасчы.

Менин манасчылык өнөргө болгон кызыгуум мектеп босогосун жаңы аттаган, чаңдуу аяк эселек кезимден башталган. Атам Ата Мекендик согуштан курман болгон. Ошентип, боконо сөөгүм ката электе эр кызматын моюндап, турмуштун ысык-суугуна эрте бышыга баштадым.

Көз жарган тууган жердин табигый кооздугу дээринде кичине «чымыны» бардын шыгын ойготоор болсо, тообуз жайдак төш тартпай, каркыра канат каркылдай өскөн карагай, дүйүм уруктуу жыгачтары менен төө кийиктеринен куру эместей. А жака жактагы Түп суусу болсо, малга жайыттуу келип, жашыл шалбаалуу. Суусундагы сандай сары сазандары менен айга аптыла серпилген алтын боор ак чабактарычы!

Чоң атам Дүйшаалы колхоздун уюн баккандыктан, ошондой ажайыптуу жерлерге көчө, конуп жүрүшүбүз менин көркөм ой жүгүртүүмө огожо болгондой. Ага шайкеш чоң атам элдик табыпкер, балбандык москоол мүчөсүндөй, сөзгө балбан жүйрүк чечен, сынаакы санжырачы эле. «Манасты» да жорго кара сөз түрүндө куюлуштура, кулак курчун кандыруучу. Өз апам Катипа да ырга шыктуу, шайыр мүнөз, өнөрдү аздектей билген өтө алпейим, сергек, сезимдүү жан болгондуктан, менин ички дүйнөмдүн бүчүр байлашына себепкер болушкандай.

Эми менин жашымдан күткөн жышааналуу манасчылык түш көрүүмдөн сөз козгосом, ошол чоң атамдын ортончу уулу Саты экөөбүз өнөктөшө уй кайтарчубуз. Күндөрдүн бир күнүндө Түп суусунун боюнда уй кайтарып жүрүп, түшкө чукул жаным жер тарта, уйкум катуу келе баштады.

Мен жан-жайымды Сатыга түшүндүрүп, атымды тушай салып, бир аз тук этип алууга топ бадалдын түбүнө кыйшая кеттим. Анан төмөнкүчө кызык түш көрдүм. Түшүмдө кандайдыр шашылыш ишим бардай жөө-жалаңдап, ошол Түп суусун бойлой келе жаткан болом. Аңгыча алды жагымдан ак чардактай алты канат ак боз үй эшиги түрүлүү боюнча көз алдыма тартыла түштү. Тамагым кургап, катуу чаңкап тургандыктан, босого жакка баш баксам, айчыктуу ак калпакчан, бедерлүү күмүш сакалы көкүрөгүн жайкала жапкан, чытыраган кызылдуу иреңинен ырыс тамчылап тургандай аксакал: «Кел, балам!» дегендей, төр жакка кол жаңсай, ишаарат кылгандай болду. Муну кадимки угуп жүргөн олуя заада Бакай ата деп туюндум.

Тигил оймолуу чыгдан тараптан ак шөкүлөлүү, балжууран түспөл, шыңга бойлуу ак келинчек чакан тасмал жая, жукача ак нан менен төөнүн көзүндөй ак чыныга бал сала, сыр аяк толо кымызды тасмалга аярлай койду. Муну Бакайдын жакын келини Айчүрөк деп туюндум. Анан чекемден тер сызыла, кысыла отуруп, ошол даамдарды толук таткан болдум. Ошол замат жанагы жандуу көрүнүш желге бүркүлүп кеткендей, ың-жыңсыз, көздөн кайым болду. Ошондо «Ой бала, турбайсыңбы!» – деген, жар көчкөндой айбактуу добуштан кулагым туна, жүрөгүм оозума кептеле, жанчкан коёндой төрт бүктөлө түштүм.

Саты мени ары-бери шылкылдата оодара тартып, ойгото албаган соң, «Уркаш өлүп калды» – деп, Шамшы жеңеме чапкан бойдон жете барыптыр. «Ок оозуңа! Эмне дейт караң күн!» – деп, Шамшы жеңем улуу баласы Эсенайды Сатыга кошо, кайра чаптырат. Ошентип, айтымда агам мени атка өңөрүп, көтөрүп келиптир. Оозума бирде «Манас» келе, чалды-куйду, ыр сымал түрмөк саптарды айта бергенимден, чоң атам Дүйшаалы: «Баланы Манас жылоологон белем», – деп бир ак эчкисин түлөөгө чалып, коңшу-колоңдон бата алыптыр.

Бара-бара бой токтотуп, бирок, манасчылыкка болгон кумардануум күйгөн оттой тутана, күндөн-күнгө күч ала, делөөрүүм тынчымды алып, жүрөгүмдө көктөн тилегеним жерден табылгандай, оңдой берди күн болду.

Бул согуштун жаңы басылган 1946-47-жылдары болуу керек. Кыштын кычырап толуп турган күндөрүнүн биринде жогорку борборубуз жактан айтылуу, легендарлуу Саякбай атабыз баштаган, үч элдик бакыйган шайырыбыз Талды-Суу айылыбызга келип түштү. Алардын бири опералык ырчы эжебиз Анвар Куттубаева болсо, бири таластык чоң ырчы Төлөш Турдалиев эле. Ошондо баралынын туу чокусуна жетип турган Сакебиздин курагы эр ортону элүүнүн орто белинде болсо керек дейм. Астында Алмамбеттин Айсараласындай төрт чарчы, тыгырчагынан келген чымыр туяк атына жараша өзү да кызыл тоголок, курсактуу чулу дене, калкайган сулуу муруту менен бүркүт кабак, кайнар көздүү алп манасчынын сүрдүү элеси алиге көзүмө чекиттей басылып тургансыйт. Оң каруусуна кондурган кара бүркүтү андан барааңдуу. Сакем эл жык-жыйма толгон кечки клубда Каныкейдин Тайторуну чабышын марага жеткире чаап, өзү менен бирге топ эл баш байгени бөлүшкөндөй, чоң рахатка бата, алкыштай тарашты. А түнкү отуруш башкармабыз Осмон аттуу агабыздын үйүндө өттү. А киши Сакеме мени тааныштыра: «Саке, сизди жолдоп, мобул кара балаңыз элдир-селдир Айкөлдүн баянын айта коюп жүргөнсүйт. Мүмкүн болсо, айттырып көрүп батаңызды бербейсизби», – деп калды. Мынча болгон соң, тобокел деп чөк түшө калып, алп манасчынын айдыңына тартыла, Сагымбай атабыздын Манасты сымбаттоосун эч мүдүрүлбөй шадырата айтып бергенсидим. Сакем олтурган топту күлдүрө: «О, көк жолборстун алдында, көк күчүктүн күрмөлбөй айтып берүүсүнүн өзү эле не деген жүрөктүүлүк?! Балада данек бар экен, буюрса манасчы болот», – деп өзү ооз тийип, шыбагасын чеңгелдей салып сунду. Андан бир топ жылдар өткөн соң, көзү тирүүсүндөбү, же аркы дүйнөгө карап кеткенден кийинби, айтор, эсте жок. Манастын Жайсаңдай жарчы жакын ырчыларынын бириндей туюлган залкар манасчы атабыздын тирүү руху түшүмдө мындайча аян берди.

Аптаптуу жай айы экен. Борбор шаарыбыздын Панфилов паркында, ачык асман астында кандайдыр бир жыйын өтүп жатыптыр. Мен Сакемдин арт жагында отурам. Жыйын тарай, Сакем жайкы филармониянын залына карай багыт алды. Мен улуу адамдын жолун кесип өтө албай, аркасында илкий басып келе жатам. Бир кезде Сакем мага чукул бурулуп: «Ой, Уркаш балам, менин ордумда калпагым менен таягым унут калыптыр, барып алып келе калчы», – деди. Энтеңдей жүгүрүп барса, жылаңач узун отургучтун кырбуусунда калпагы менен алтын саптуу кооз таягы ордунда туруптур. Шап илип алып, кайра Сакемди көздөй делкилдей кадам шилтедим. Анан ара жолдо башыма мындай бир ой кылт эте түштү да, башыма чак келээр бекен деп, калпакты кийип көрүүм менен түшүм чарт үзүлдү. Демек, арбагы бийик залкар манасчы атабыздын, тамчыдай болсо да, мага болгон жакшылыгын ыроолоосу эмеспи деп, көргөн түшүмдү көргөнүмдөй, эч бурмалоосуз Сакеме арнай төмөнкүчө айланттым:

Жөлөгөн өрдө күч кандай, 

Жөрөлгө жакшы, түш кандай.

Ачылып жолуң шар кетип,

Ачылган колдон иш кандай.

 

Кактап бек аптап төбөдө,

Кайнаткан сымал чөбөгө.

Опулдатат очоктой,

Оттуу табын жөн эле.

 

Эл жык-жыйма чоң жыйын,

Эр Панфилов паркында.

Ортон колдой Сакемдин,

Олтурам мен артында.

 

Так чыккандай талабы,

Тарап жыйын жанагы.

Жан калбай бир удургуп,

Жай-жайына карады.

 

Алп манасчы бабамын,

Аскар тоодой бараанын.

Ийменип мен соңунда,

Илкий басып барамын.

 

Кандайдыр өңү кубулуп,

Кардыккан үнү угулуп.

 

Далактай түшүп бир кезде, 

«Ой, балам!» деди бурулуп:

 

«Чалкуйрук элек, арыппыз,

Чабыттан туйгун таныппыз.

Көк жамгыр төкмө асыл баш,

Көксөө мээ тартып калыппыз.

 

Кап этпей асыл келе гой,

Карыны келсе аягың.

Калыптыр унут ордумда,

Калпагым менен таягым».

 

Күткөндөй Сакем ашыга,

Күймөлбөй кайттым шашыла.

Чак этти бир ой, калпагы

Чак келээр бекен башыма?

 

Байкоомдо астырт карашып,

Бап көрүп көргөн жаратып.

Жан апам арнап тиккендей,

Жарашып калды, жарашып.

 

Улуу инсан жүргөн жылоолоп,

Унутпайм кызык чакты ушу.

Андан бейм, конду башыма,

Акындык деген бак кушу…

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>