Кызыл мазары

Сур айылы

Ыйык жердин түрү –  таш, булак

Кадамжай районунун Сур айлынан10 км. алыстыкта жайгашкан Сарканда деген жерде Кызыл мазары бар. Илгери бул жер кыргыздардын жери болгон. Азыркы мезгилде Өзбекстанга караштуу Сох айлынын тажиктери ээлеп алган.

Оозеки тарыхы:

Алибай уулу Шамши: 81 бир жаштамын. Чоң атам Канкелди өз учурунда Сур айылынын улар, кийик аткан көзгө атар мергенчиси болуп өткөн. Кокон кандыгы мезгилинде Кудаяр хандын мөөр бастыруучу катчы кызматын өтөгөн. Ичкилик, анын ичинен жоокесек уруусунан. Бул жердеги урууну «Лаачи» деп да аташат. «Лаачи» деген сөздүн келип чыгышы  жөнүндө айтсак, ал ыйык Курани-каримде келтирилген Ла – «ла-илахха иллала» деген сөздөн алынган. Айдеркендеги жоо-кесек уруусун Лаачилер – «Ла-илохо-илааланы» айтып жүрүүчүлөр деген мааниде айтылган.

Элдик уламыш боюнча бир азиз киши өткөн. Ал бир жөөттөн (еврей) үч дилде карыз алат да өз убагында төлөй албай калат. Жөөт “төлөй албасаң кызыңды бересиң” деп шарт коет. Байкуш кандай кылам деп ыйлап, Кудайга жардам бер деп жалынат.

Ошондо Теңирден: «Кам санаба, Шерди жөнөтөм. Ал сени куткарат» ,- деген үн чыгат (Шер – Азирети Али пайгамбарыбыз). Азирет Али:”Менин айтканымды жасасаң, жардам берем”, – дейт. Ал “алгач Барбар (Варвар) шаарына алпарып кул кылып сат”, – деп айтат. Алар бул шаарга келишет. Пайгамбардын колун байлап, кул базарга алып чыгат. Ал мезгилди шаарды хохол башкарган, хандын вазири кул базардагы өтө чоң, күчтүү кишини көрөт. Кулдун наркын сураганда үч дилдеге сатыларын угуп, кымбат айтып жатасың дейт. Тиги киши кырк жигиттин күчү бар, арзан айттым деп туруп алат. Анда вазир:”Мен бир иш айтайын, үч шартымды аткарса үч дилдени берем”, – деп макулдашат. “Аша чаап мактап жатасың, жерге тийип жыгылбаган палван менен күрөшсүн”, дейт. Азирет Али ал палванды бир эле көтөргөндө эле жыгылат.

Эртеси болот. Сох дарыясы суу көбөйгөндө дайыма шаарды алып кетчү экен. Падыша:”Кырк аскерим менен сууну башка нукка буруп бере алар бекен”, – дейт. Азирет Али cуунун жолун көрүп келейин деп жалгыз жөнөйт. Кырк жигиттин бири анын артынан аңдып барат. Азирети Али бир тоону көтөрүп, суунун жолун тосуп коет. Дарыя шаарга карап акпай, башка нук менен ага баштайт. Мындан кабар тапкан падыша үчүнчү шартты коет.

“Азирети Али деген келе жатат имиш. Ал баарын баш ийдирип, баш ийбегендерди кырып келе жатат экен. Ошол кишини кармап келесиң”, – дейт падыша. “Анда бизге кырк төөгө чынжыр жүктөңүз”, – деп айтат. Кырк жигит кырк төөнү минип, Азирет Алини кармаганы жолго чыгышат. Бир жерге келгенде токтогула:”Азирет Али мен болом”, деп аскерлерге жар салыптыр пайгамбар. Муну уккан кырк жигит кача баштайт экен. “Токтогула, мен силерге тийишпейм. Мени чынжырга байлап, Азирет Алини кармадык деп, мени хан сарайга алпаргыла” деп буйрук бериптир. Айтканын жасап, кырк жигит Азирети Алини шаарга алып келишет. Падыша элге той берет. Аны дарга асабыз деп жатканда “үч шартыңарды аткардым, эми менин колумду бошотуп коюңуздар” деп суранат. Кайда качат, бошотсо бошотолу деп колун чечишет. Ошол убакта асмандан кайып канаттуу дулдул ат түшүп, Азирет Али Варвар шаарынын паашасы Хох коколдун башын алган экен. Калган аскерлерди да өлтүрө баштайт. Ошондо эл Азирети Алиге баш ийип, ислам динин кабыл алып жиберген экен.

Ошол согушта Азирети Алинин буту чоң ташка чатыштап кеткен экен дейт. Ал ташты алып ыргытканда, таш жердин ичине кирип кетип, бир аз гана бети көрүнүп калат. Эл ошол ташка сыйынышат. Таштын айланасына пайгамбардын беш манжасы тийген жерден суу чыгып кеткен деген кеп бар. Ошол жерлерден булак пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин агып турат экен. Сарканда – баш алынган жер деген маанини берет. Сох деген жердин аталышы арабдар менен каапырлар ортосунда согуш болгон жерден калган.