Азирети-Али мазары

Кадамжай шаарчасы

Ыйык жердин түрү – тоодогу таш

Шайыгы – Камбаров Адахан

Кадамжай шаарчасына түштүк тараптан кире бериште терең аскалуу коонун кырында эл кылымдар бою тооп кылып, сыйынып келген азиз жай бар. Ал ыйык пайгамбарыбыз Мухаммеддин төрт шакиртинин бири жана күйөө баласы Азирет Алинин атына байланыштырылат. Азирет Али пайгамбар душмандардан качып келе жатып, азыркы «Азирети Али» зыярат кылынуучу жеринде намазын окуп, тоону аттап, Шаймерденге өтүп кеткен. Ошол жердеги чоң ташта Азирети Алинин таманынын изи калган. Ал из өтө чоң адамдын изи экени көрүнүп турат. Бул издин айланасы оролуп, отургучтар коюлган. Келген кишилер бул ыйык жерде куран окуп өтүшөт. Cайдын аркы бетиндеги тоодо бармактарынын изи калган дешет. Ушул уламыш аркылуу Азирет Алинин кадам жайы деп, Кадамжай аталып калганы айтылып жүрөт. Бул сыйынуучу жай Шаймерден сайынын оң тарабында, Кадамжай – Кызыл-Булак жолунун сол жагында зыярат кылынуучу жайга айланган. Сай бойлоп тепкичтер жасалып, жан-жаныбарлардын айкелдери тургузулган. Бак отургузулуп, сөөрүлөр коюлган. Жаш-жубайлар келип бата алып, зыярат кылуу бул жерде адатка айланган.

Камбаров Адахан: 1999-жылы ашар жолу менен курулган. Ошондон бери шайык болуп иштеп келатамын. Зыяратка келгендер кан чыгарып, Алла Талаадан тилектерин сурап келишет. Жаман нерселерден сактасын деп шам коюшат. Шайыктын негизги милдети – Алланын берген насиби экен. Биринчиден, таза тутушум керек. Келген элдерди сыйлашым керек. Андыктан тазалыкты сактаймын, адамдар эмне тилек менен келсе дуба окуп Алладан суранамын. Күнү-түнү ушул жерде турамын. Элден түшкөн каражат экиге бөлүнөт: бирөөсү шайыкка тиет, экинчиси ушул жерге шарт түзүүгө сарпталат. Бул жерге молдо Мухтардын баласы Абдилхай Ахмедов демөөрчү кылат. Мамлекет деле карашкан. Мазарга келчү жолду салып берди.