Токтогул-Бава мазары

Булак-Башы айылы

Ыйык жердин түрү – таш, топурак.

Токтогул-Бава мазары Баткен шаарынын түндүк тарабында, шаардын четинде жайгашкан. Мазардагы таштын көлөмүнүн диаметри 1,5-2 метр. Ал тегирмен ташына окшош. Ошол жердин ыйыктыгын алгач Токтогул бава аныктаган (1780-1820-жылга чейин). Демек, ушул жылдан бери ал жер ыйык. Ал жерге адамдар жаздын алды менен талаа эгиндери жакшы, түшүм жогору болсун деп мал союп, кан чыгарып, куран окушат. Жаман адамдарга тескери таасир берет. Мисалы, жаман жоруктарды жасагандар барса буту шал болуп, ооздору кыйшайып калат.

Оозеки тарыхы:

Токтогул ошол жерди байкаган үчүн анын аты менен аталып калган. Токтогул өзү олуя киши болгон. Ал саруу элинин өкүлү. “Мен кайсы жерден өлсөм ошол жерге сөөгүмдү койгула. Саруу элинин итинин аягына чейин күмүш болот”, – деп айткан экен. Саруу элинин бир бөлүгү Таласта, бири – Баткенде. Токтогул каза болгондо сөөгүн тоого алып баратканда, ошол жерге келгенде тоодон сөөгү кулап түшөт. Саруу элинин өкүлдөрү уялышат “ээн талаага көмүп койду” дедирбей деп, Тегирмен-Башы деген мазарга алып барып көмүшөт.