Кожо-Матил-Бува

Кайыңды айылы

Шайыгы бар – Ормонов Матисак.

Ыйык жердин түрү – дарак, булак, күмбөз.

Кожо-Матил-Бува Кайыңды айылынын күн-батыш жагында жайгашкан. Бир кубдун үчтүн бир бөлүгүндөй болгон чоң булак. Анда бир тегирмен суунун ондон бир бөлүгүнчөлүк суу бар. Ошондой эле жыйырма-отуз дарак, анын ичинен бир көк терек жана арчаны ыйык санашат. Айылдын өз аты “Роут” эле, аны фарсча дешип, “Кайыңды” деп атап коюшту. Бул мазарга элдер келип, кан чыгарып, куран окуп, дуба кылып турушат. Бул жерге иши жүрбөй калгандар, кайсы бир улуу ишти баштоочулар, эгин эгүү башталарда же айрым турмуш жолун баштоочулар ушул жерге келип, Кожо-Матил-Буванын арбагына багыштап куран окуп, анан өз иштерин башташат. Бул мазарга тери, сөөл, кычыткы, кулак оорулары менен ооруп жүргөндөр келип суусуна жуунуп, ооруларына шыпаа таап кетишет.

Оозеки тарыхы:

Мазардын Кожо-Матил-Бува аталышы мындай. “Кожо” деген сөз баарына эле түшүнүктүү. Ал эми “матил” деген сөз – март, боорукер деген маанини берет. 1960-1980-жылдары бул жердин шайыгы Ормон аксакал болгон. Ал кишинин атасы шайык болуп турган кезде, Ош облустук “Ленинский путь” гезитине “Там, где течет древная река Сох” деген макала чыгат. Макаланын автору Ош пединститунун атеизм боюнча Петраш деген еврей мугалим болот. Ошол макаладан улам, “бөрк ал десе башын алып” дегендей, бийлик башчылары бул жердин элин басмырлап жиберишет. Атасынын аянычтуу абалынан улам, ошол учурда райком партиянын бөлүм башчысы болуп иштеп турган жаш Ормон өз алдынча араб тамгаларын өздөштүрүп, ислам дининдеги кереметтер менен тааныша баштайт. Анын оюна ар түрдүү нерселер келип, көп ооруй турган болот. Бир күнү түшүндө, “сен бул ишиңди ташта, буваңдар назар кылган жер кор болду” деген үндү угат. Ошол күндөн тарта ал жерге шайык болуп, өзү биротоло айыгып, келгендерге да оорусуна шыпаа таап кетишине көмөк көрсөтүп келген. Пенсияга чыккандан кийин биротоло шайык болуп кетет. Ормон аксакал өтүп кетип, анын ишин бүгүн уулу Матисак улантып келе жатат.