Кырк-Чилтен мазары

Коргон айылы

Ыйык жердин түрү – талаа

Кырк-Чилтен мазары – эгин талаасына окшош эки-үч гектардай тептегиз жер. Зардалы айылынан 1,5 км  түштүк тараптагы Коргон айылында жайгашкан. Ошол мезгилде коргон менен курчалып тургандыктан, ушундай аталып калыптыр. Зардалыдан Коргонго келип, жол ушул жерден Шудуман жана Кожешкен тараптарга бөлүнүп кетет. Кырк-Чилтен мазарын жаңыдан барган адам мазар деп да атабайт. Анткени, ал эки-үч гектардай эгин талаасы болгондой тептегиз жер. Бирок эл өмүрү ал жерге эгин экмек түгүл, малын да айдап өтүшкөн эмес. Ошондуктан ал жердин жашоочулары, айрым жолоочулар билбей, ал жерге олтуруп калбасын деп эскертип турушат. Ал жерди билген өткөн-кеткен жолоочулар токтоп, кан чыгарып, дуба кылып, сыйынып турушса, ал жердин жашоочулары жылына жаз алды менен чоң кудайы-аш өткөрүп турушат.

Айрыкча, жолу болбой калган же кайсы бир улуу ишти баштаган адамдар бул жерге келип, мал союп, куран окуп, тилектерин айтып, дуба кылып кетишет. Жергиликтүү жашоочулар, элге бир кырсык келер алдында, же жаратылыштагы бир кубулуш болор алдында бул жерден катуу кыйкырык үндөр чыгып, аттардын дүбүртү угулуп турат деп айтышат.

Оозеки тарыхы:

Мезгилинде Манас баатыр өлүп, анын сөөгүн күнүватча (энелери башка аталаш) бир туугандары, же сырт душмандар кор кылбасын деп, аялы Санирабига (Каныкей) бийик тоого жашырат. Кайтып келе жатып, сөөктү айтып коюшпасын деп, сөөк көмүүгө катышкан кырк кызматкердин башын ушул жерде алдырып көмүп, ал жерди тегиздеттирип салган деген уламыш айтылып келет. Ошондон улам, бул жер ыйык да, коркунучтуу да болуп саналат.

Бул жердин тарых-таржымалы тууралу белгилүү жазуучу Мурзапар Үсөн сурамжылап, иликтеп, тактап, өзүнүн “Сакылар жери” деген китебинин “Кан Манастын бейитин издеп” деген бөлүмүндө кеңири айтып кетет.