Жоо-пая жылуу суусу же Кызыл-Таштын жылуу суусу

Жон-Арык айылы

Ыйык жердин түрү – жердин алдынан чыккан ысык суу

Жоо-пая жылуу суусужердин алдынан чыккан ысык суу. Баткен шаарынан Сох дайрасын бойлой түштүк тоо тарапка 40-50 км, жолу таштак, машина менен барса болот, андан ары машина барчу жол жок. Дарыланчу жай жар четинде болуп, дайра 100-120 метр төмөндө калат. Дары суулар ошол дайранын боюнда, үч жерден чыгып турат. Кышында үчөөнөн тең пайдаланса болот. Ал эми жайында суу киргенде экөөсү суу астында калып, бирөөсүнүн айланасы бетондолуп, дары суу ошол жерден жогору жакка насос менен чыгарылат. Дары суунун жанында жалама асканын боорунда кемер (үңкүр) болуп, адамдар мезгилинде ошол жерде жатып дарыланышкан.

Бул жердин суусу Москвадагы минералогия институту тарабынан 1976-жылы иликтенип, курамында өтө көп минералдардын бардыгы аныкталып, дарылык касиети жагынан Союздун башка региондорундагы дары суулардан бир топ күчтүү деп белгиленген. Бул жердеги жылуу суунун дарылык касиети жогору болгондуктан, эл өтө көп келип, кан чыгарып, куран окуп, сыйынып, анан дарыланып кетишет. Бул жерге кошуна Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан тараптардан да келип турушат. Көбүнесе муун, тери, ашказан, бөйрөк, жыныс ооруларынан жапа чеккендер келип, шыпаа таап кетишет. Айыкпас делинип келген теринин ак так  (“пес”) оорусу менен жапа чеккендер көп келишет.

Оозеки тарыхы:

Мезгилинде келгендерге акыл насаатын айтып, куран окуп, тазалыкка үндөп олтурган шайыгы болгон, бирок атеизмдин колу ал жерге да жетип, дары суу шайыксыз калган. Союз мезгилинде совхоздун эсебинен ал жерге профилактория салынып, атайын ванналар орнотулуп, дарыланууга бир топ ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бул жерде илинген такталарда иликтөөлөрдүн тыянагы жазылып турат. Бирок 2000-жылдагы сакалчандардын басып кирүүсүнөн кийин, ал жер чек ара заставасы болуп калды. Бирок адамдар барып, зыярат кылып турушат.