Ак-Тайлак мазары

This post is also available in: Англисче

Маргун айылы

Ыйык жердин түрү – терек

Ак-Тайлак же Ак-Терек баба деп аталып жүрөт. Маргун айылынан тоо тарапка карай5 км. Мазарда чоң теректер бар, адам кучагы жеткис, өзүнөн-өзү өсүп, карып, сынып жатат. Ыйык болгон соң эч ким кармабайт, бир арык суу агат астынан, анын күүсү капчыгай зоого жаңырып, өтө сүрдүү, жалгыз адам алдынан өтүүдөн коркот. Ак-Терек баба мазары Сулайман-Тоодон эски. Адегенде ага сыйынуу керек деп эски адамдар айтышчу экен.

Оозеки тарыхы:

2004-2005-жылдары Кулунду айылынан Момун деген көзү ачык киши келип, ”Мага аян болду, Тайлак бабанын балдары өлгөн жерди тосуу керек” деп, эл менен кошо  зымтор кылып айландыра тосушту.

2010-2011-жылы Бишкек шаарындагы чапкынчылар акча чогултушуп, Ак-Тайлак мазарына күмбөз тургузуп, зыяратчылар олтурууга чоң-чоң шыйпандарды курушкан. Ал жерге илгертен зыярат кылучулардын аягы үзүлбөйт. Өзү өтө кооз жер. Илгертен айылдагы чоң ишембилик – апрель айында Ак-Терек бабада өтүп, эки, үч майда мал союлуп, курмандыкка чалынып, Кудайдан жылдын жакшы (жаандуу, тынч) келишин тилешет. Катуу же көпкө ооругандар союш атап, балдардын башына нияз чач коюшат. Сакайып кеткендер көп.

XIX кылымда Тайлак баба каапырлардын колунан ушул жерде өлгөн экен. Ал жерге терек өсүп чыккан. Анын балдары атасынын өлгөнүн көрүп качышат. Бирок сайдан өрлөп 100, 150, 200 метржерге жеткенде эле каапырлар аларды атып салышат. Ал жерлерге долоно өсүп турат. Долоно ыйык дарак. Аны эч ким кеспейт, кессе зыянга учурайт. (Маалыматчы: Жусупов Дыйкан,  1910- жылы туулган, чоң молдо, санжырачы).