Коргон-Дөбө мазары

Маргун айылы

Ыйык жердин түрү – дөбө, түз талаа

Маргун айылынан төрт чакырым жогоруда Коргон-Дөбө деп аталып калган тарыхый эстелик дөбө жайгашкан. Ал тарыхый эстеликтер тизмесине катталган. Орто кылымдык архитектуралык ири курулуштун орду катарында болжолдонот. Дөбөнүн үстү жыйырма сотых аянттагы тегерек айлана. Коргон-Дөбө элдердин түшүнүгүндө ыйык жана сүрдүү көрүнөт. Ылдый жагында таштан эшик сыяктуу адам батарлык тешик бар. Ал тууралуу да коркунучтуу уламыштар айтылат. Кантсе да Коргон-Дөбө – Маргун айылынын символу,  келген конокторду зыярат кылдырып, көрсөтүүчү кооз жайы. Дөбөнүн айланасындагы чарбалык иштерден улам казылып табылган табылгалар биздин замандын биринчи кылымына таандык экени көрүнүп турат. Дөбөнүн айланасындагы булуң-буйткалардан башталып, тоого бийиктеп, өр тартып өйдөлөгөн беш-алты чакырым тескей беттин  башынан аягына чейин, кайсы бир заманда эгин эгүү үчүн пал-пал, тектир кылып тегиздеп чыккан. Мындай эмгек миңдеген кулундардын, же дыйканчылык боюнча өзгөчө маданиятка ээ болгон элдин гана колунан келүүсү мүмкүн.

Оозеки тарыхы:

Коргон-Дөбө тууралуу эл оозунда сакталып, эзелтен айтылып келген уламыш бар. Ал боюнча дөбө Шырдакбектин коргону болгон. Коргон шаарча абдан бекем корголгон. Күндөрдүн биринде кара ниет жоо каптап, кайра-кайра чабуул жасаган менен аракети таш каап, чеп коргонду алалбайт. Жоо тыңчылар аркылуу шаарды алуунун жашыруун сырын алат. Чыккынчы Шырдакбектин ай чырайлуу токол аялы болуп чыгат. Көрсө, шаарга жер астынан куур аркылуу тээ алыста турган өзөн сайдан суу келет экен. Ошонун көзүн бекитсе эле шаарда жашоо токтоп калмак. Душман дал ошондой кылат. Коргондогулар шаар дарбазасын ачып, баатырларча кармашышат. Бирок күч тең эмес болгондуктан шаарды алдырып коюшат. Душмандын падышасы Шырдакбектин жанда жок сулуу жубайынын ээси болуп калат да, андан кызыгып сурайт экен: “Айтчы жаш сулуу, сени Шырдакбек кантип бакчу эле?” деп. Аял айтат: “Күндө жаңы союлган койдун сөөк чучугунун майына аш кылдырып бакчу”. “Ошондой адамга чыккынчылык кылган болсоң, сенден жакшылык күтүүгө болбойт” деп, аялдын чачынан байлап, азоо атка сүйрөтүп камчы басат (Маалыматчы: Жоошбай Каримов).