Ахун-Баба мазары

Ак-Булак айылы

Ыйык жердин түрү – булак

Шайыгы – Алиматов Эгимурат, 1978-жылы туулган

Бул мазар Исфана шаарынан 8 км. аралыкта турат. Түркестан тоо кыркаларынын астында. Аксакалдардын айтымына караганда, бул мазар тээ XIX кылымдан бери сакталып калган мазарлардын бири. Булакка балалуу болбогондор балалуу болуу үмүттөрү менен барышса, ооруп калгандар сакайып кетүү үчүн барып сыйынышат. Мазардын шайыгы пенсияга чыккан аял, ал жердин тазалыгын ирээтке келтирип турат.

Оозеки тарыхы:

Ахун баба көп жылдар бою балалуу болбойт. Кудайдан тилеп, суранганынан, ал улгайып калган мезгилинде балалуу болот. Бирок ошол баласы көпкө узаган эмес. Ахун баба коон айдап жаткан учурда үйүнө конок келет. Кызматкерлеринин бирине “Тур, конокко бир коон алып кел” дейт. Анда кызматкери: “Жаңы эле чаптым го, быша элек да” дейт. Ошондо олуя: “Эй баласыз өткүр, тур” дейт. Баягы кызматкери барса чын эле коондун бирөө бышып калган экен. Кийин Ахун баба кызматкерин чакырып алып: “Жана жиним менен баласыз өткүр деп алдым. Эми силер баласыз өтөсүңөр. Ме бул эки чыбыкты Коргон-Талаага сайып койгула. Ошол силерге перзент болот” деген экен.