Кыдырмаев Абакир: Озуйпа эже устат болуп, көзүмдү ачты

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Кыдырмаев Абакир. 1963-жылы Түп районунун Сары-Дөбө айылында туулган. Орто билимдүү. 2004-жылдан бери кыргызчылык жолунда келе жатат. Шарип кызы Озуйпанын шакирти.

Кичинекей кезде, 3-класста экенимде, көзүмө кишилер, от көрүнүп турчу. Союз маалында түшүнүк берген киши жок, армиядан келгенден кийин башталды. Сакмалда жүрөм, сакмал бүтүп калган кез. Ашказан ооруй баштады. Түнүчүндө куюн келип, «дүк» этип, жер жарылгандай болду, эшикке чыксам, тынч.

Ооруканада сегиз жыл жаттым – жүрөк, ашказан ооруйт, он эки эли ичегини жара басып кеткен, рак дешип, догдурлар операция кылганга болбой тургандыгын айтышты. Үйгө чыгып, үйдөн чөп-чар, жылаан, кымыз ичтим. Бир аз дартым жок болуп калып эле, кайра ооруйм. Ооруп жатканымда, өтүп кеткен байыркы адамдарды кинодой кылып көрсөтүшөт. Тартылган кинолорду көрсөтүшөт да, анан: «Бул туура эмес, мындай болгон эмес», – дешип, тазасын көрсөтүшөт. Дартаньянды, Норвегия, Швецияда жашаган жоокерлерди, викингдерди, казактардын талаасындагы, Боомдун ичиндеги жоокерлерди көрсөтүштү. Ким экендерин түшүндүрүшкөн эмес. Тагай бийди артынан күн жаркырап, бастырып кеткенде куюн калтырып, көрсөткөн. Ошентип, догдур мени өлөт деп чыгарып койгондон кийин, 1997-жылы Шарип кызы Озуйпа деген эжеге бардым.

Озуйпа эже мени Чоң-Беттеги Лесхозго, Бала Карач мазарына алып барды. Ал жерден дем салды. Ошол маалда 3-4 метр келген чоң жылаан оролуп келип, бутума асылды. Коркуп кетип, тура калайын десем, Озуйпа эже: «Актыкка моюн сундум де», – дегенинен, айтканын кылдым. Жылаан денемди бошотуп, жок болду.

Кечинде карындашымдыкына кондум. Мен жаткан жерде, баш жагымда баягы жылаан жатты. Мен аны карасам, ал да мени карап коет. Ошентип, коркуп, төшөктү башыма чейин жаап алып жаттым. Кайсы убакытта уктап калганымды да билбейм.

Озуйпа эже: «Эл дарылайсың», – десе, боорумду тытып күлгөм. Колум ысыганына чыдай албай, карга салчумун, кар эрип, буу чыкчу. Энергия кар сыяктуу аппак болуп айлананы каптайт. Денеси аркылуу сиңет. Оорулууну дарылаганда, ак сакал ата чөп-чарды көрсөтүп, кандай ооруга кандай дары жасаш керек экендиин көрсөтөт. Энем өлгөндө, табыпчылыкты токтотуп койгом, ал ата таарынып келбей койду. Кыргызчылыкты кармабай, молдо болсом дедим эле. Көрсө, болбойт экен.

Улуу күчтөр мени жаткызып, муунтуп, сабап, кыйнашты. Анан 2003-жылы толуктап кармадым. «Кармабасаң, ооруну салабыз, жаныңды алабыз. Өзүң эч нерсе кыла албайсың. Керт башың үчүн эмес, Кудай үчүн, өтүп кеткен ата-бабаларыңдын арбагы үчүн, эл үчүн, бала-бакыраң үчүн, ооруган кишини көрүшүң керек!», – дешти.

Үй-бүлөгө жаман көрүндүм. Кудай бекер берген нерсени бекер таратыш керек. Бата бериш керек. Кишилер бергенин алам, ашыгын кыйналып жүргөн адамга берем. Берсең, кээ бир адам таарынат, анан бир нерсени шылтоо кылып бересиң. Ойлосом, адам таза жүрүп, көкүрөгүндө ыйман болсо, Кудай десе, оору да жоголуп кетет. Ошого жетпей жатпайбызбы.

Мисалы, бир эле оору менен үч адам ооруйт дейли. А бирок, тамырын кармасам, үчөөнүкү үч бөлөк: бирөө суукчал, бирөө ысык, бирөө аралаш. Ошого жараша, үчөөнө чөп-чардан үч бөлөк дары жасалат.

«Көзү ачык» деген туура эмес. Биоток менен иштеген экстрасенстер бар. Экстрасенс катары 15-20 кишиден бир сеанс өткөзөм. Экстрасенс бүт тегеректи тазалаш керек, антпесе кара туман басып калат. Кара дубаларды чыгарам. Адам баласы үчүн эң жакшы нерсе – кайыр-садага бериш, кудай жолуна курмандык чалуу. Эң чоң күнөө – нандын күкүмүн тебелегендик.

Мазарларга барам – андай жерде тазаланасың. Кудайдын нуру төгүлүп турат. Мечитте намазга жыгылганда да, адам баласы жакшы тазаланат. Адамдын үстүндө Алланын нуру турат.

Ааламда, жер астында адам баласынын акылы, көзү жетпеген нерселер көп. Кең-Суунун тоосунда Жашыл көл деген бар. Бейшемби, жума күндөрү көлдөн түнүчүндө ай сыяктуу топтоголок нерсе көтөрүлүп, 3-4 саат айланып, кайра кирип кетет.

Түргөн айылында бир ооруга дем салып жатсам, бир аксакал (арбак) учуп келди. Ал – Тулпар-Таштын ээси экен. Артынан шар сыяктуу жаркыраган нерселер чубап ээрчип келди. Тулпар-Таштын касиети чоң экен, анын кайсы жерде жайгашкандыгын сураган жокмун. Ооруган адам, Кудайым жардам берип, жакшы болуп жатты. Кудайдын буйругу менен, мен көпүрө сыяктуу гана болуп бердим. Ошону таза кармабасаң, төмөн түшүп каласың.

Чолпон-Атада көлдөн 3-4 чакырым жээкте Темирландын чеби чөгүп кеткен. Киши дарылап жатканда, ушул сыяктуу нерселер көзүмө көрүнөт.

Жети кабат нур болот. Ошону адам кабыл ала албайт, жарым-жартылай гана кабыл алат. Жаман ой болбош керек, жүрөк таза болуш керек. Аллага ошондой киши жагат. Жакшылыктан жамандык көбөйбөш керек. Болбосо, ал көбөйүп кетсе, акыр заман болот. Жер жаралгандан бери жети жолу акыр заман болуп, кайта жаралган. Ошондо 7-17 метрге чейин бийик адамдар болгон экен. Алааматтан, акыр замандан калган адамдар азыр деле жомоктордо айтылып жүрөт.

Алла Тааланын айтуусу боюнча, ал адам баласын суу каптатып жок кылып коймок экен, бирок курт-кумурсканы кууратпайын деп, ал ишке барбайт. Оң энергия жерди айланып турат, таза киши кабыл алат, жаман киши – жок. Оң энергия – бул периште. Терс энергия – азгырык. Чоң азгырыктар көрүнбөйт. Динди бурмаласа, ошондо чоңдору келет. Мусулмандардын дини үтүр, чекитине чейин эч бурмаланган жок, ошон үчүн чоң азгырыктар келе албайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>