Мухтарова Гүлнара: Шакирт даяр болсо – устат табылат

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Муктарова Гүлнара,

1954-жылы Ташкент шаарында төрөлгөн. 1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика бөлүмүн, 1996-жылы Бишкектеги медициналык училищени аяктаган. 1988-жылдан бери дарыгерчилик жолунда келе жатат.

Элдик дарыгерлик кылып жүргөнүмө жыйырма жылдан ашты. Бул мезгил менин андай-мындай нерсеге баам салып карап калган учурум, ага чейинкиси балалык болчу. Балалыгымдан – өзүмдүн алгачкы там-туң баскан учурум эсимде. Ошондой эле ата-энем менен Киев-Печорский лаврасында болгондугум, кандайдыр бир коридор же төрт бурчтук көзөнөкчөлөрү бар туннелден өткөнүм эсимде. Мен бул жерди жүрөгүм, жан дүйнөм менен эстеп калгам. Болжолу 3-4 жашымда менде элестөөлөр болуп, болочок күйөөмдү, анын атасын жана өзүмдү көргөм жана өз турмушум жөнүндө алдын-ала бир нерселерди билгем. Түнкүсүн күзгү карагандан коркчумун, күзгүдөн, мага ал кезде ошондой сезилгендей, ак булуттар жана дагы эң-эң эле жарык нерселер көрүнчү! Биз Бишкек, ал кездеги Фрунзе шаарынын борборунда биздин Алымкул Үсөнбаев, Саякбай Каралаев, Мыскал Өмүрканова сыяктуу кадырлуу жана атактуу замандаштарыбыз менен катар турчубуз. Эч ким менин эсимде көп калбаса дагы, аларды эстеп калгам! Өзгөчө – Саякбай атаны. Анын көз караштары эсимде.

Бала кезимде менин ыксыз кыялданууларымдын дээрлик бардыгы ишке ашчу. Мен эмне жөнүндө айтып жатсам, алардын бардыгы менде жашап келет. Ал нерсе менден бөлүнгүс! Менин үчүнчү чоң атам думана болгон. Ал бир жакка кетип, жок жерден эле кайра пайда болуп калчу, ушунчалык тездик менен бир жерден экинчи жерге барып калчу. Дуба менен агып жаткан сууну артка буруп, жамгыр жаадырып, зикир чалган учурунда боз-үйдүн тик керегелери аркылуу   кадимкидей басып кетчү экен – атам менен эжем чоң атамды ушундайча эскеришет. Өзүнүн өлөөрүнөн аз убакыт мурда думана ата туугандарын чакырып, көзү өткөндө аны көмбөй эле коюулары керектигин, анткени ал денеси менен Мекеге учуп кетээрин айткан. Аны укпай, өлгөндөн соң жердеп коюшат. Бирок кийинки күнү анын мүрзөсүндө воронка түрүндөгү көзөнөкчөнүн пайда болуп, бир таман изи калганын, ал эми көр бош экендигин көрүп, абдан таң калышкан.

Үчүнчү таятам болсо кайыптан кабар алган көзү ачык адам болгон. Анын көз карашынан улам каалаган адам эсинен танып жыгылышы мүмкүн болгон, ошондуктан ал дайыма рамага кездемеден керип жасалган, бүгүлмө тосмонун ары жагында отурчу дешет. Адамдарга жардам берип, анын айтканынын бардыгы ордунан чыкчу. Балким, дал ушундан улам менде бул билимдер бар! Мен ошол жактан тамыр алгам. Алар менин Кудай тарабынан берилген окутуучуларым.

Жолумдун кайсы бир башталыш учурунда мага чоң атамдар келишти, Бул түн ичинде болгон окуя. Ачык турган эшик капысынан өзү жабылып калды. Жамынган төшөгүм өзүнөн-өзү ээгиме чейин жылдырылып жабылды. Менин бет маңдайымда чоң аталарым, алардын аркасында дагы көп адамдар турду. Эчтеке айтпастан, алар менин бүткүл денем аркылуу, менимче, нур өткөргөндөй болушту дагы, кетишти. Дал ушул мүнөттөрдөн тартып, мен боло турган нерселерди алдын ала билип, айта баштадым. Көктөгү окутуучуларым мага бул касиеттин керек же керек эместигин сурап да коюшкан жок. Окутуп эле кетип жатышты. Андан соң мени кол менен иштөөгө үйрөткөн Окутуучуларым болушту.

Бир дагы батаны мен алардын жардамысыз үйрөнгөн жокмун. Мен жан-дүйнөм менен угуп, баталардын күч-кудуретин сезип баштаган учурларым болот. Бир жолу мазарда зыярат кылып отуруп, мен Курандын аяттарын көрүп жаттым. Алар мазардын дубалы аркылуу жылып, алтын тамгалар менен жалтылдап өтүп жатты. Алар менин аң-сезимимде дагы жылып жатышты. Ошол учурдан бери мен Курандан башка эч бир бата-дуба окубайм. Бул нерсени мага Жараткан Окутуучуларым аркылуу бергендигин билем.

Менин жашоомдо эң эле жаркын күндөр дагы, ошол эле учурда түшүнбөстүктөр, кайгы менен ызалар, көңүл чөгүүлөр дагы болду. Эң жакын деген туугандарым деле мени бардык эле учурда түшүнө беришкен жок. Дал ушундай күндөрдө менин жанымда эң кымбат адамдарым – менин устаттарым – менин жердеги окутуучуларым болушту. Аларга ийилип таазим кылып, эң жылуу тилектеримди билдирем! Балким, алардын бардык эле аракеттери туура боло берген эместир, бирок мунун бардыгы Кудайдын эркиндеги иш!

Жаңылышып, өз кезегинде мага жамандык кылышса дагы, алар мени көп нерсеге үйрөтүштү, жана эң чоң билим – эмнени жасабоо керектигин таануу үлгүсүн беришти!

Азыр мен кара дуба дагы Кудайдын уруксаты менен болоорун билем. Ал биздин башкача адам болуп, Кудайга келишибиз үчүн берилген! Менин устаттарымдын ар бири мага өз издерин калтырышты. Алар менин бүгүнкү түшүнүккө келишимдеги тепкичтер болушту. Алар мени элдик дарыгер, устат катары жаратышты. Муну мен тарбия мектеби деп атаар элем. Мен ал мектептен жан дүйнөнүн оорусун, түшүнбөөчүлүктүн оорусун баштан кечирдим.

Жердеги устаттарым аркылуу мен мурдагыдан алысты көрүп калдым, Кудайды сүйгөндү үйрөндүм. Алар аркылуу мен «Шакирт даяр болсо – устат табылат!» сөзүнүн маанисин түшүндүм.

Менин үйрөнүүмдүн ар бир баскычында Кудай мага устаттарды – көктөгү жана жердик окутуучуларды берип жүрүп отурду.

Учурунда менин жакшы көргөн эле жердеги устаттарымдын бири же бата берээрин, же мени оң жолдон чыгарып коерун билбей, узакка кыйналган. Бирок анын жана менин көктөгү Окутуучуларым, ыйыктар ага тек гана мага бата берүүсү керектигин билдирип коюшту! Биздин дүйнө таанымдарыбыз менен билимдерибиз ушунчалык окшош жана реалдуу эле, ал мага батасын берди – муну менен дарыгерликкке, андан соң устаттыкка өтүү жол-жобосу аткарылды. Ошондо мен бата устат-адам тарабынан эмес – жогору жактан, Кудайдын уруксаты менен, биздин көктөгү колдоочуларыбыз жана ыйыктарыбыз аркылуу бериле тургандыгын түшүндүм. Ыйыктардын батасы – бул биздин ата-бабаларыбыздын өтүнүч-тилеги жана ал Кудай алдында биздин бакубат бүгүнкүбүз менен эртеңибиз үчүн ыйык.

Устат, менин түшүнүгүмдө, – бул баарыдан мурда жаратылыштын мыйзамын жакшы түшүнгөн, башкаларга мүмкүн болбогон белгилүү бир билимдерге ээ болгон жетекчи. Ал үйрөнчүк адамга түшүнүксүз нерселерге анын көнүгүшүндө жардам берет.

Каалаган эле адам устат боло албайт, ал жогору жактан тандалат. Устат дагы – өз кезегинде шакирт болгон, болгондо дагы жогорку окутуучулар менен ыйыктардын белгилүү бир билимине ээ болгон шакирт болгон. Устаттар – булар атайын тандалгандар! Алардын Кудай алдындагы жоопкерчилиги зор.

Устат өз окуучу-шакирттери менен мектеп түзөт, ал мектеп өз кезегинде бүтүрүүчүлөрүн чыгарышы керек, ал бүтүрүүчүлөр андан ары билимдерин өркүндөтүп, канча бир учурдан кийин, Кудай жактырса, өз мектебин түзүп, устатка айланышат.

Менин жанымда дагы окуучу-шакиртим болуп, мен аны «окутаарлыгым» жөнүндөгү ой мага абдан кеч келди. Мен кайсы бир ыйык жерден белгилүү бир абалга келип, төөнүн сөөгүнөн жасалган кандайдыр бир буюмга ээ болоорлугум жана 7 жылдан соң Устат болуп калаарлыгым жөнүндө көрүп жана тез эле унутуп калган учурумда болгон! Бирок мен качан Индиядан белек – төөнүн сөөгүнөн жасалган тесмени алгандан кийин, чындап эле, туура 7 жылдан соң менин биринчи шакирт-окуучуларым пайда боло баштады!

Шакирттерим – ар кыл адамдар. Алар ишеними жана алдына койгон максаттары жагынан ар түрдүү. Алардын арасында бизнесмендер, укук коргоочулар, мугалимдер жана аз санда элдик дарыгерлер бар. Биздин бардыгыбызды бир гана нерсе – сүйүү – Кудайга болгон ысык сүйүү бириктирип турат!

Менин шакирттерим мага ар кандай жолдор менен келишет, көп учурда ден соолугу түшүнүксүз кеселдеп келишет дагы, бирок келгенден кийин, узакка калышат. Дээрлик көпчүлүк учурда болочок дарыгерлер өздөрүн йоганын элементтери менен дарылап башташат. Менин алгачкы окуучуларымда дагы ушундай болгон: Евгения – мусулманчылыкты кабыл алып, өз ысымын Жаңыл деген ысымга алмаштырган кореянка, Калиман – ДЦП[1]ны  башынан кечирген жаш кыз. Менин бул кыздарым, өзгөчө Калиман, – ойго келгис (ал кезде мен эсептегендей) кыймылдарды жасашчу, уялып, таңыркап, көздөрүнө көрүнбөгөн окутуучуларынан токтотууну суранышып, бирок кыймылдай беришчү. Андан кийин арка омурткаларындагы чуркусунан (грыжа межпозвоночного диска) кыйналган Гүлмира кайрылды. Ал мага өтө оор ахыбалда келип, өзү баса алчу эмес. Анан терең көңүл чөгөт (депрессия) болгон Албина келди. Жадагалса, кашыкты кармай албай, колунун травмасы менен Алла кайрылды. Бөрү жатыш болуп Мекен келди. Бирок алардын бардыгы тең хатха-йоганын элементтерин жогорку профессионалдык деңгээлде жасашчу. Ушул белгилерине карап, мага шакирт болчуларды мен дароо билем, анткени өзүм дагы дал ошолор сыяктуу баштагам. Мунун бардыгы, менин түшүнүгүмдө, кандайдыр бир жол менен биздин башыбызды бириктирип жаткан Жогорку окутуучуларыбыздын иши. Бул – Кудай тарабынан берилген тобум, мектебим.

Менин түшүнүгүмдө өзүнө окуучу-шакирттерди Устат тандабайт, аларды Жогорку Окутуучулар, олуялар тандап жана баштарын бириктиришет, Кудай буюрса, бата-жол-жобосун беришет.

Адамдарга жардам берүү билгичтиги Жогортон берилет! Ал каалоо менен эле келе бербейт. Жердик устат үйрөнчүккө, же шакиртке болуп жаткан нерселердин эмне экендиги жөнүндө түшүнүүгө гана жардам берет. Ооба, балким, шакирт-окуучуну кайсы бир билгичтиктерге, айталы, камчы менен бычакты кандайча колдонуу керектигине үйрөтүүгө болоттур. Бирок, кеп аны жөн гана билүүдө эмес, кеп ошол сырдуулукту жан дүйнө менен көрүүдө, Жогорку күчтөр менен ыйыктардын кудурет-күчүн, жардамын туюуда турат.

«Шакирт даяр болсо – устат табылат» сөзү өз маанилүүлүгүн дагы бир жолу качан мен таптакыр капысынан өзүмдүн устатымды – Будда монахы Жетендраны жолуктурганымда көрсөттү. Ал РЭЙКИ дарыгерлик багытынын эркин тибеттик-индиялык бутагына кирет. Ал адам аркылуу Кудай мага бата – РЕЙКИ чеберинин батасын алууга мүмкүндүк берди.

Дарыгерлик – бул адамдардын ортосундагы улуттук да, диний да, андан дагы саясий бөлүнүү болбогон өз ара аракеттешүү институту. Ал, баарыдан мурда, сүйүүгө жана Кудай алдындагы ар биринин жоопкерчилигине негизделген ишенимдүү инсандар аралык өз ара аракеттешүүнү көздөйт.

Батанын сыры Биздин Кудайга, Жогорку окутуучуларга, олуяларга гана белгилүү. Ошондуктан, анын жемиштерин биздин оопасыз дүйнөдө көрсөк, жакшы болмок. Бизге ички билимдерди берген Кудайга чоң сүйүү жана ыраазычылык, жердеги мугалимдерим менен устаттарыма жана шакирт-окуучуларыма терең урмат билдирем.


[1] Детский церебральный паралич – балдардын мээ параличи.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>