Моңолдоров Кубанычбек: Көрсө,Мазар менен ойноп болбойт экен

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Моңолдоров Кубанычбек. Орто мектептен кийин Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун физика бөлүмүн аяктаган. Андан соң областтык пландоо бөлүмүндө башкы экономист, Ак-Суу районунун Маман орто мектебинде мугалим, Каракол шаарындагы №14 кесипчилик-техникалык окуу жайында тарбиячы, областтык кесипчилик-техникалык билим берүү борборунда методист, Ысык-Көл мамлекеттик областтык администрациясынын каржы башкармачылыгында башкы адис болуп иштеген. Учурда изденүү үстүндө жүргөн адам.

Менин атым – Кубан Моңолдоров. Бирок, мен өзүмдү ушул кезге чейин тааныбай келем. Мен өзүмө өзүм суроо салам: «Мен киммин?» – деп, бирок буга жооп таппай келем. Бир уккан адам мени «өзүн тааныбаган кандай пенде?» деши толук мүмкүн, себеби ал менин өткөн өмүрүмдү, баскан изимди билбейт да. Башкаларга түшүнүктүү болуш үчүн, мен өзүмдүн баскан изимди жай тааныштырып өтөйүн, балким, ошондо сиздер менин ким экендигимди таап берерсиздер.

Мен касиеттүү көгүлтүр көл жергесинде жарык дүйнөгө келгем, тактап айтсам, топурагы алтын Тоңдон болом, Бөкөмбай айылынан. Эстүү кыргыз адамы шыр уруусун айтат эмеспи, уруум – Бугу, Бугу ичинде кыдыкмын. Ата-энемдин алгачкы сүйүнүчү – тун уулумун, эки кыз, эки эркектин улуусу, сулуусу дегендей. Балалыгым өтө таттуу өттү. Энем партиялык жогорку иштерде иштегендиктен, жокчулук дегенди, чынын айтсам, жон терим менен сезип көргөн эмесмин. Бала кезимде эрке талтаң өстүм десем да болот, башка балдарга салыштырмалуу өтө шок элем. Балдар менен болгон кандай оюн болбосун, өзүмө оюн учурунда кадыр-барктуу орунду алчумун, азыркыча айтканда, лидерлик орунду ээлечүмүн. Апам билимдүү киши болгондуктанбы, же дээримде барбы, мектепти жакшы окудум. Жалаң чоң муштум балдардан дос күттүм, көп мушташсаң, мушташ деле оюн сыяктуу болуп калат экен. Үстөмдүк кылып, башка балдарга коркутуп салык салып, акча алчубуз, алган акчабыз бүт бойдон ичкиликке кетчү. Спорттон да ийгилик жарата алдым, бокс менен машыгып жүрдүм. Апамдын таасиринин негизинде Караколдогу институтка дагы өткөм. Көпкөндүктөн, сабакка көп барчу эмесмин. Аны мындан эле билсе болот, бирге окуган группалаштарымды экинчи курстун аягында гана толук тааныдым. Бирок бош убактымды жалаң китеп окуу менен өткөзчүмүн. Атуулдук милдетимди аткарып, аскердик кызматтарда болуп келдим.

Жаш кезимде тентектигимди койбой койгонумда, Тоңдо Каниметтин кемпири деп коюшчу, Ажар деген бир апа бар эле, ал өзү төлгөчү болчу, ошол кишиге апам болбой мени алып барды. «Бул бала кийин жети аял алат экен, кийинчерээк өкмөттүн колуна түшөт экен», – деп келип, «Сен кийин молдо болуп элди алдайт экенсиң, ошондо жетимиш мазарды басасың», – деди мага Ажар апа. Мен күлдүм, чынында, ичимде арак бар эле, кайдагы жети аял, кайдагы молдо? Ажар апа: «Бул өзү күлбөй эле, ичиндеги арак күлдүрүп жатат», – деп койду. Чын эле, кийин бардыгы туура болуп келатат, эми кеп башынан болсун.

Эл катары үйлөнүп, бир татынакай жардын күйөөсү болдум. Жылдар өтүп, балалуу да болдум. Күтүүсүздөн катуу ооруп, жубайым 1981-жылы акыры ошол оорудан каза болду, 7 айлык балам энесиз, мен аялсыз бойдок калдым. Мына ушуга чейинки жашоомдо мен өзүмдүн ким экендигимди жакшы билсем, так ушундан кийинки жашоомдо мен өзүмдү билбей келем.

Билбегендер: «Аялы өлүп, ошонун кайгысын көтөрө албай, ушундай абалга кептелип калган экен», – дешээр. Чынында андай эмес, кыргызда жакшы бир макал бар, «катының өлсө кайгырба, кайра төшөк жаңырат» – деген. Негизи эле мен оңой менен бир нерсеге чөкпөгөн, кайраттуу кишимин. Өзүмдүн ким экендигимди билбей жатышымдын төркүнү такыр башкада. Ырас, 1991-жылы апамдын көзү өткөндөн соң, менин турмушумдагы кайгыга чөмүлгөн оор күндөр башталгандыгын жокко чыгара албаймын.

Жаңылыштымбы, же тагдыр жолу ушундайбы, бир кезде бокста чогуу машыккан мыкты спортсмен достор менен чогулуп, бир кезде катуу мода болгон рекет деген нерсе менен биз дагы чындап иш алып бардык. Албетте, жалаң байларды тонодук. Кыскасы, бат байыдык, байыганда, чыр чыгат деген чын экен, өз ичибизден чоң чыр чыгып, биздин топ экиге бөлүнүп кетти. Берки тарабыбыз эрте ойлонуп кеттиби, же биз алданып калдыкпы – билбейм, бизди алар сатып кетишти. Артыбыздан милиция катуу түшүп алды, бизге аргасыз качууга туура келди. Башчыбыз молдо болуп кетти, мен кандайдыр бир түш көрүп, мечитке эмес, мазарларга сыйынып кеттим. Аз убакыт өтпөй, башчыбызды мечитте намаз окуп жаткан жеринен менттер[1] кармап кетишти. Мен мазар кыдырып кеткендиктен, мени таппай калышты, бирок мен өзүм камакта болбосом да, камактагы адамдан да чектелүү абалга келдим. Бир кезде Ажар апа өкмөттүн колуна түшөсүң дегени ушул экен деп билдим. Адегенде, молдолорду алдап, көзү ачыкмын деп, мазар дүйнөсүнө кирип кеткем. Көрсө, мен ошондо чоң жаңылган экенмин.

Кайра артка чыга албай калдым. Тынымсыз ышкыра баштадым, өзүмдү өзүм токтото албай ышкырам. Бир күнү мазарда отурсам, көзүмө бирдемелер көрүнүп, кулагыма үндөр угулуп баштады: «Сен камактан качтың беле, эми биздин камакка түшөсүң!», – деп айтышты. Ошондон ушул күнгө чейин өз алдымча эч нерсе жасай албай калдым. Өзүм каалаган сөздү сүйлөбөйм, бир күч бардык кылганымды тескеп турат. «Тигил мазарга бар, бул мазарга бар», – деп билинбей жатып эле, мен жетимиш мазарды басып койгон экемин. Ажар апанын жетимиш мазар басасың дегени ушул экен деп коем.

Мазарга барганда, өзүмдү башкара албай калам. Кээде карышкырча улуйм, жыланча ышкырам, ар улуттун тилинде сүйлөйм, кээде бийлейм. Акылым жетип туруп эле, эрксизден ушундай кылам, кылбаска айлам да, аргам да жок. Себеби, мени акылым жетпей турган бир күчтөр башкарып алды. Кыл дегенин кылбай койсом, буту-башымды толгоп, муунтуп, кыскасы, адам чыдагыс кыйноого салат. Көрсө, мазар менен ойноп болбойт экен. Мазар деген, менин оюмча, касиеттүү кишилердин энергиясын кылымдар бою сактап кала турган жер. Кылымдар бою сакталып турган энергия, албетте, күчтүү болот да. Андай жерге туш келген кандай адам болбосун, күчтүү энергиянын таасири аркылуу өзүнө жаңы маалымат же энергия топтой алат, ал эми энергиясы бош адамдар өзүнө жаңы энергия топтогондуктан, өздөрүн жакшы сезишет.

Мазарга баруу мени жалпы түшүнүксүз абалга кептеп койду. Мен ар дайым эркиндикти жакшы көрөм, эркин болгум келет, жаткан-турганың, ичкен-жегениң, жасаганың эркин болгонго не жетсин. Мен ушундай эркин боло албай калдым, бардык жактан чектөө турат. Керек болсо, өтө жакшы көргөн суусунум пивону иче албай калдым, өзүм жакшы эле ичейин дейм, колум кое бербейт, кыскасы, чектөө. Ушул азаптан кутулайын деп, ар кимге барып жардам сурап келем, тилекке каршы, эч кимден керектүү жардам ала элекмин.

Өз алдымча ойлонуп, көзү ачыктарга барып көрүүнү чечтим, анан издей баштадым. Адегенде Ош базардын тегерегин кыдырдым, бирок ал жердегилер мага негедир жакпай койду. Акыры жүрүп, бирөөлөрдөн К. деген күчтүү көзү ачык бар экендигин уктум. Эмнегедир ошол кишиге баргым келди. Акыры издеп жүрүп, Бишкектин бир жаңы конушунан таптым. Менин оңой менен кишиге ишенбеген жайым бар. Бирок, адеп барганда, К. мени ишендирип койду. Себеби: менин энемдин баскан жолун, кантип, кайда иштегенин, эмне болуп өлгөнүн так айтып койду. «Өзүмө сенин келээриңди төрт жыл мурун эле билгем, күтүп жүргөм», – деп айтты. Мындай чындап касиети бар адамдар ошол эле маалда күчтүү психолог дагы болушат экен. Көрсө, мен барганда эле, менин ким экендигимди, кандай байлыгым бар экендигин билип койгон экен. Албетте, мындай билгичтик ар бир адамда эле боло бербейт, бул – чоң жөндөм деп айтса болот.

Баргандан кийин, ал кишинин сунушу менен мен ага шакирт болууну чечтим. Шакирт болуу жөнөкөй иш эмес экен, шакирт болуунун да өзүнчө ырымы бар, биз да ал ырымды аттап кетпей аткардык. Манас ата мазарына бардык, шакирт боло турган адам мен болгондуктан, бул ырымга арналып союла турган койду мен алдым. Эми шакиртикке өтүү ырымы башталды. Бата кылып койду сойгондон кийин, койдун канына колумду салып: «Мен сизди устаттыкка тандадым, сиз айткан нерселерди толук аткарам», – деп ант бердим. Өз ниетиң менен баш ийип, ант берүү – шакирт болуу дегендик экен. Ал кезде бул ырымды жасоо аркылуу устат шакиртин байкатпай байлап коеорун билбептирмин.

Ошол кезде устатымдын үч жүз, төрт жүзгө жакын шакирти болоор эле. Убагы келгенде, шакирттерди жөндөмүнө жараша камчы же теспе берип, шакирттиктен бошотот. Камчы албай калышса, «камчы албай калдым», – деп ыйлагандары да болот. Мен устатымдан эч нерсе үйрөнгөн жокмун деп айта албайм. Адамды жеңил гипнозго салганды, он-он беш метр аралыктан, кандай адам болбосун, жыга койгонду, айтымчылык кылганды, дем салганды үйрөндүм. Башка шакирттер, ашып кетсе, беш айда толук билим алып чыгышат. Ушул жерде катуу белгилей кетчү нерсе – башка адамдарда жок чоң касиетке эгедер адамдар бул өнөрүн бизнес катары иштетишкени болду. Көрсө, менин устатым менин акчам бар экенин билип туруп, мени үч жыл кое бербей, кармап жүргөн. Башкалар акчасын берип, бат эле жолго түшүп, кетип жатышты. Акчасын жакшы төлөгөндөр, жыйырма бир күндө эле же камчы, же теспе алып чыгып, кош айтышып жатты.

Устатым бир көргөндө, 25 кишини киргизип көрчү. Ошондой бир отурушта устатым олтургандарга: «Алла, алла, алла, сүф, сүф, сүф», – деп, дем салып жатат. Анан ошол жерден мен жөн турбай: «Ой эже, сиздин Алла, алла, сүф, сүф», – дегениңиз мага «акча, акча, бер», – дегендей угулуп жатат» – деп айта салдым, бетке айткан жаным. Ошондон чыр чыкты.

Мен өзүм акчаны, байлыкты жакшы көрөм, себебин өзүм да билбейм. Же бардар үйдө өскөндүктөнбү, мен деле акча алайын дейм, бирок, жанагы милициядан качып мазарга баргандан баштап «акча алба!», – деп катуу тыюу салып койду. Устатым бир күнү эле: «Сага камчы да, теспе да бербейм», – деди. Көрсө, менин болгон байлыгым түгөнгөн экен. Коркууну билбеген жаным, анда мен кетем деп чыктым, «кетсең, дубалап салам, баспай каласың», – деди. Бирок, андай кылган жок, себеби, менин мурунку жашоомду жакшы билчү да, ошондон корксо керек. Минтип көзү ачыктар да мендеги маселени чече алган жок десем эч жаңылышпайм.

Арадан убакыт өтүп, кеңеш берүүчүлөрдүн аркасы менен оорулуу адамдарды дарылап кирдим. Баш-аягы үч жүз сексен беш кишини карадым. Канчасы жакшы болуп кетти – билбейм, жаман болуп, абалы төмөндөп кеткени болгон жок, анткени, мага даттанып кайрылган жан болгон жок.

Кийинчерээк бир күч «айт!» деп кыйнап, «Манас» айттырат. Бирок айткан «Манасым» салттуу манасчылардын айтканына окшобойт, такыр башка нукта кетет. Мурункумдун жообун табалбай жатсам, кийинкиси кошулду. Эми менде: «Мен манасчымынбы же киммин?» – деген жаңы суроо пайда болду.

Бул суроо менен Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборуна да кайрылдым. Бирок, ошондо өзүмө «булар так айтып бере алабы?» – деген бир суроону берген эмес экенмин. Барсам, жакшы кабыл алышты, менин айткан «Манасымды» угуп көрүштү. Мени таң калтырганы, бардык илимпоздор бир гана ойду айтышканы болду. Самар Мусаев ал жерде аттуу-баштуу киши экен, ал: «Сенин талантың бар экен, мунуңду тим коюп, Саякбай Каралаевдин айтканын жаттап алып айтчы», – деди. Бардыгы ушул ойго кошулат экен. Илимпоз деген бир тараптуу ойлонбой, бардык жагын ала жүрүш керек да. Мусаевдин оюна бирөө да кыңк этпей макул болгону жинимди келтирди. Мен Мусаевге карап: «Менин манасчы болоюн деген оюм жок, мен эмне айтып жатам, билип бере аласыздарбы деп келип отурам», – дедим. Бул жерден да ким экендигимди, эмне айтып жатканымды биле албай чыктым. Азыр деле келген нерсени айтып жүрөм.

Ажар апа айткандай, азыр жетинчи аялым менен жашап жатам, аты – Гүлмира. Мага түшүнүү менен мамиле кылат, мен мазарларга барсам, жолдош болуп кошо барат.

Мени ибилис же шайтан аралап кеттиби деп, молдолорго да бардым. Алар: «Сиз беш убак намазга жыгылсаңыз эле баарынан кутуласыз», – дешти. Дешкенинен, намазга жыгылсам, белимди оорутуп, бутумду кайырып, «намазга жол жок», – дешип, айламды кетиришти.

Мазарга барсам, жеңилдеп калам. Азыр ар кандай маалымат алчу болдум, алардын дээрлик көпчүлүгү туура келет.


[1] Милиция кызматкери.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>