Казыбаев Алыбек Закенович 1954-жылы туулган, Ак-Суу айылы, Ак-Суу району, Ысык-Көл

Дары чөптөрдү чогултуунун эрежелери

  1. Дары чөптөрдү терип, чогултуп, кургатып жана даярдоочу адамдын ден – соолугу таза болуш керек. Ошондой эле тал оорулуу адамга карата ниети түз болуп;  ушул дары чөптөрдөн оорулуунун айыгып кетүүсүн кудайдан тилек кылып ( суранып) чогултуп, даярдоосу керек. Ошентип чогултуп, даярдалган дары чөптөрдүн касиети күчтүү болуп, оорулууга карата дарылык касиети жана таасири чоң болуп бат сакаят.
  2. Дары чөптөрдү терип жыйноочу дарыгер, чөптөрдү жыйноонун алдында таза жуунуп, даарат алып, куран окуп, ниет кылып кудайга сыйынат.
  3. Дары чөптөрдү жыйноочу дарыгер чөптөрдүн түрлөрүн, өң – түсүн, эркегин жана ургаачысын ажырата билүүсү керек.
  4. Дары чөптөрдү шаарлардан жана кыштактардан алыс болгон таза жерлерден ( тоодон же талаалардан), чогултуу керек. Эгер оорулуунун денеси ысыкчан болсо, анда ал чоптөдү салкын, нымдуу жерлерден терип чогултат. Эгерде оорулуунун денеси суукчан болсо, анда шамаалдап турган бийик жана кургак жерлерден терип чогултат.
  5. Дары чөптөрдү айсыл мезгилде жана кайсы убакта чогултуу керек:

1)      Дары чөптөрдүн тамырын, жалбырактарын жана бутактарын күзүндө даярдайт.

2)      Дары чөптөрдүн жалбырактарын, ширесин (согун, сүтүн) бутакчаларын, жалбырактары толук чыкканда – жазында жыйнап алат. Булар негизинен жыныс органдарын, чучук, жүлүн жана муундарын даарылоого пайдаланылат.

3)      Дары чөптөрдүн мөмөсүн, гүлдөрүң, уругун – күзүндө чогултат. Булар менен негизинен көздү, бетти, башты даарылоого болот. Назик гүлдөрүн ( лепесток) – жазында чогултуп алат.

4)      Кабыгын, чел кабыктарын, чайырын бүчүр байлаган учурда чогултат. Буларды негизинен – териси, тарамыштары жанан муундары ооругандарга пайдаланса болот.

  1. Дары чөптөрдү айдын фазаларына  карап чогултуу керек.

1)      Айдын биринчи фазасында ( ай жаңыргандан кийин) өсүмдүктөрдүн тамырларын, уруктарын, мөмөлөрүн чогултса дарылык касиети күчтүү болот.

2)      Айдын экинчи фазасында – сабагын, бутагын, жалбырагын жана гулдөрүн чогултуу керек, ошондо дарылык касиети күчтүү болот.

3)      Айдын үчүнчү жана төртүнчү фазаларында , оорулууну тынчтандыруучу дары чөптөөдү чогултуп алат. Ушул учурдагы чөптөр оорулууга жакшы таасир берип жагымдуу болот.

1)      Ашказанга, тамак сиңирүү органдарына жана кан тамырлардын  жакшы          иштешин ( циркуляция) жакшыртууга колдонулуучу дары чөптөрдү күндүзү – түшкө чейин терип чогултса оң таасирин берет.

2)      Ал эми ( Ц.НС-ке) нерв системасына , нервди калыбына келтирүүгө – дары чөптөрдү түнкүсүн ( түн ичнде) чогултуу керек, пайдасы чоң жана бат болот.

3)      Дары чөптөрдүн гүлдөрүн түшкө чейин

4)      Дары чөптөрдүн жалбырактарын, кабыктарын, тамырларын кечке жуук    18 00  гө чейин терип чогултуу керек.

5)      Күн күркүрөп, жаан жааган кундөрү эч кандай дары чөптөрдү чогултпайт

6)      Чөптөрдөгү эртең мененки шүүдүрүмдүн суусун чогултуп алса, көпчүлүк баардык ооруларга жагымдуу таасирин берет

Чогултуп алынган дары чөптөрдү сактоо эрежелери:

1)      Чогултуп алган дары чөптөрдү бүктөбөй, сындырбай, этияттык менен көлөкө жерде (сквознякта), кургатуу керек.

2)      Жайып кургаткан чөптөрдүн калыңдыгы 3 см.ден ашпоого тийиш.

3)      Суукчан делген дары чөптөрдү салкын, көлөкө жерде кургатат.

4)      Ал эми ысыкчан делген дары чөптөрдү жылуу жерде (оттун жанында же күнгө) кургатуу зарыл.

5)      Кургатып жаткан дары чөптөрго эч кандай түтүн же башка химикаттар, нефтепродуктылар (бензин ж.б.) жыт – жыбырларды такыр жолотпош керек.

6)      Кургатылган дары чөптөрдү өз – өзүнчө түрлөрүнө жараша бөлөк – бөлөк кылып кагаз баштыкчаларга салып сактап коет.

7)      Жаңы даярдалган дары чөптөргө мурунку эскисине чөптөргө такыр аралаштырбайт.

8)      Эгерде сакталган дары чөптөрдүн жыты жоголуп калса, анда аны колдонбойт, дарылык касиети болбойт. Аны ыргытып салуу керек.

9)      Даярдалып, кургатылган дары чөптөрдү бир жыл аралыгында гана пайдалануу керек.

Өсүмдүктөрдүн, дары чөптөрдүн оорулууга керектүү дарылык касиеттерин чыгарып алуунун жолдору жана пайдалануу.

  1. Дары чөптөрдүн, өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерин чыгаруу жана дары жасоо жолдоруна:

1)      Дары чөптөрдүн, өсүмдүктөрдүн майдаланган күкүмдөрүң майга көөлөө

2)      Спиртке, майга эритүү

3)      Кайнатма кылып чыгарып алуу

4)      Демдөө жана ширилентүү жолдору менен алынат.

Спиртке же аракка эритүү үчүн дары чөптөдү, өсүмдүктөрдү майдалап, 60% же 40% спиртке салып 3 күндөн 21 күнгө чейин карангы жерге коюп коет да, кийин аны, оорунун түрлөрүнө жараша тийиштүү өлчөмү менен пайдаланат.

Даярдоонун өлчөмдөрү: Өсүмдүктө өтө күчтүү дары болсо 1:10 өлчөмдөрдө, жөнөкөйлөдү 1:5 өлчөмдөдө жасалат. Андай дарыларды 2-3 жылга чейин сактоого болот.

Дары чөптөдүн көк кезинде сыгып алган ширесин ( согун) 1 чай кашыктан 2 чай кашыкка чейин ичүүгө болот.Анын өлчөмү 5 млден 30 миллилитрге барабар болот.

Кайнатма менен ширелентүүнүн жолдору аркылуу даярдалган дарыны күнүнкүсүн – күнүнө даярдап ичип турган өтө пайдалуу жана касиети күчтүү.

Демдөөнү жалаң гана фарфор, фаянс же айнек идиштерге даярдоо керек. Демдөө 30 мүнөттөн ашпайт. Даярдалган бардык дарыны муздак абалда ичпейт.

Ширилентүүнү – 15 мүнөттөң ашырбайт. Ал мындайча жасалат. Керектүү өлчөмдөгү дары чөптү айнекже фарфор идишке салат да, ага керектүү өлчөмдөгү кайнак сууну куят. Ошол эле замат, аны  кастрюлда кайнап жаткан сууга (идиши менен) салып, 15 мүнөт кайнатат. Бирок идиштеги дарысы бар суу кайнабаш керек. Убакыт өткөндөн кийин дарысы бар идишти кастрюлдан алып муздатат да, чөптөрүн сыгып алып чыпкалайт. Бирок чыпкалагандан кийин идиштеги дары суу азайып калгандыктан, аны мурунку деңгээлге жеткириш үчүн, үстүнө керек өлчөмдө кайнак суу куюп туруп, анан пайдаланат.

Кайнатма дары жасоонун жолу:

Фарфор же айнек идишке белгилүү өлчөмдөгү дары чөптү салат да, үстүнө керектүү өлчөмдөгү муздак сууну куят. Аны муздак суу куюлган кастрюлга салып кайнатат. Кастрюлдун ичине дары чөп салынган идищтин кайноо мөөнөтү 20-30 мүнөттөн ашпоо керек. Кийин чөптөрүн чыпкалап салып алат да, бөксөрүп калган дары сууга , мурунку өлчөм болуш үчүн ага дагы көйнөк суу кошуп, пайдалана берсе болот.

Дары чөптөрдүн, өсүмдүктөрдүн: адам баласынын денесине тасир эткен касиеттери.

  1. Денеге суук тийгенде, сезгенгенде, суукка урунганда – антибиотик катары, же фитонциддери көп (микробдорду өлтүрүүчү же басаңдатып токтотуучу) болгон дары чөптөр жана өсүмдүктөр:

Чеснок (сарымсак), пияздын бардык түрлөрү, бүлдүркөндүн, тыт жыгачынын жана жангактын жалбырактары, чабрец, инжир жыпар мончок, карагайдын, арчанын жашыл бутакчалары, чистотель, кайыңдын жаш жалбырактары, өгөй эне кирет.

  1. Антисептиктери (микробдорго каршы таасир этүүчү химиялык заттары бар) көп дары чөптөргө, өсүмдүктөргө:

Календула (теңге гүл), зверобой ( сары чай чөп), пияздын түрлөрү, чеснок ( сарымсак), чистотель, шалфей, чабрец, кара редка ( туруп), бака жалбырак, туянын, карагайдын бүчүрлөрү, жалбыз, ромашка, карагай арча, кызыл арча, кайыңдын бүчүрлөрү, гүлдөрү, жалбыырактары менен кабыктары кирет.

  1. Антиаллергенге (дененин дүүлүгүшүнө каршы) колдонулуучу дары чөптөр, ширелер: ромашка, череда (ит уйгак), солодка (кызыл мыя), аир, кайыңдын жаш жалбырактары кирет.
  2. Дененин ысыганын басаңдатуучу дары чөптөр жана өсүмдуктөр: кызыл мыя (солодка), череда, ромашка, цикорий (чачыраткы), хвощ полевой (кырк муун), малинанын мөмөсү жана жалбырагы, кайындын гүлдөрү жана бүчүрлөрү, роза гүлүнүн лепестоктору (сарысы, агы кирет)
  3. Биостимуляторду, иммунитетти (дененин биологиялык түзүлүшүн) жакшыртууга жарай турган дары чөптөр, өсүмдүктөр: аир, лимон, левзей, золоой корень (алтын тамыр), радиола розовая, девясил (карындыз, сарындыздын тамырлары, лопух (төө уйгактын тамыры) кирет.
  4. Какырыкты чыгаруучу, жумшартуучу, дары чөптөр менен өсүмдүктөргө: солодка (мыя), аир, өгөй эне, чабрец, пияздын түрлөрү, кара редка (туруп), девясил (карындыздын) тамырлары ж.б. кирет.

Оорулууга тескери таасир берүүчү дары чөптөр жана өсүмдүктөрү

Жень – Шень-ди (мээр чөп), золотой кореньди (алтын тамыр), радиола розовая, Заманиханы – Гипертонияга (кан басымы жогоруларга), жүрөгү жана башы оорукчандарга, тынчы кетип, ыжаалат болгондорго, уйкусу качкандарга берүгө жана колдонууга болбойт.

Апельсинди – ичеги – мөөндөгү  жаралары барларга ашказаны ооругандарга болбойт.

Жүзүмдү – диабеттерге, колиттерге ( ичи өткөнгө), эти толук адамдарга, ашказанда жарасы барларга болбойт.

Баклажанды – өнөкөткө айланган энтероколитке колдонууга болбойт.

Кайындын бүчүрүн – бөйрөгү катуу сезгенгендерге колдонууга болбойт.

Горчицаны – бойрөк сезгенгенде, учук оорукчандарга колдонууга болбойт.

Зверобойду (сары чай чөп) – гипертониктерге (кан басымы жогоруларга) жана денеси ысып тургандарга колдонууга болбойт.

Инжирдин момосүн – диабеттерге, эткөөл адамдарга, подаграсы барларга, колити барларга колдонууга болбойт.

Девясилди (карындыз) – бөйрөгү оорукчандарга, боюнда бар аялдарга болбойт.

Коонду – атеросклероздорго, миокардит менен эндокардиттери барларга жана жүрөк оорукчандарга, безгек оорукчандарга болбойт.

Алоени – табарсык, бөйрөк, өт, боор, ичеги карындар, геморрой менен катуу ооругандарга, боюнда барларга, учук менен катуу ооругандар, жүрөк системалары жагынан, онкологиялык жактан ооругандарга колдонууга болбойт.

Душицаны, пижманы, шыбакты, эрменди – боюнда бар аялдарга берүүгө жана колдонууга болбойт.

Сабизди – ичеги – карында жаралары барларга колдонууга болбойт.

Селдерейди – ичеги – мөөндөгү жаралары барларга колдонууга болбойт.

Петрушканы (аш көк) – нефриттери барларга колдонууга болбойт.

Пастушья сумканы (койчу баштык) – тромбафлебит жана каны тез уюучу оорукчандарга колдонууга болбойт.

Арчаны – бөйрөгү сезгенгендерге, водянка болгондорго колдонулбайт.

Турупту (редька) – бөйрөк, ка боор, боор, ашказан, жүрөк, ичеги – мөөндө жаралары барларга колдонууга болбойт.

Зыгырдын данын – холецистит жана кератит менен ооругандарга колдонууга болбойт.

Чалканды – гипертониктерге, атеросклероздорго, каны тез уюп кетүүчүлөргө болбойт.

Деңиз капустасын (морская капуста) – боюнда бар аялдарга, фурункулез, ринит, крапивница, учук оорукчандарга, нефрит менен ооругандарга, геморрагический диатези барларга колдонууга болбойт.

Пиязды – ичеги – карындары, бөйрөгү, боору, жүрөгү ооругандар өтө аз өлчөмдө пайдаланылышы керек.

Щавелди (ат кулак) – гастрит, бөйрөк, кош бойлууларга, ичеги – карындары ооругандарга колдонууга болбойт.

Хренди – гастрит, боор жана бөйрөгү ооругандарга, ашказанда, ичегисинде жаралары барларга колдонууга болбойт.

Эфедраны (чекенде) – жүрөк, атеросклероз, гипертония, боору ооругандарга, колдонууга болбойт.

Кырк муунду (хвощ полевой) – нефрит, бойрөк, невроздорго колдонууга болбойт.

Солодканы (кызыл мыя тамыры) – эткээл адамдарга, мээси оорукчандарга, гипертония, жүрөгү ооругандарга, уйкусу качкандарга колдонууга болбойт.

Чеснокту – стенокардия, көк боор, нефрит, геморрой, гастрит, гиперацидный, эпилепсия оорусу барларга колдонууга болбойт

Адамдын терисинин сырткы түсү (өңү) аркылуу дененин ички органдарынын (мүчөлөрүнүн)  абалын аныктоо.

Өңү аябай эле кубарып турса, өпкөнүн же ашказандын жакшы иштебегендиги.

Өңү кубарып турса, кан басымы төмөндөгөнүн, же кандын айланышы бузулгандыгын, каны аз же анемия  болушунун, же бөйрөк сезгенгендигин билдирет.

Өңү кер – сраы тартып турса, боордун же өттүн бузулгандыгын  ( оорусу) билгизет.

Өңү кызарып турса, кан басымы көтөрүлүп тургандыгын, же жүрөк катуу согуп жана апоплекция экендигин билгизет.

Өңү кокусунан саргыч тартып кетсе, көк боордун бузулгандыгы же сарыкты билгизет.

Өңү бир кызарып, бир бозоруп турса, анда кан бирде көбөйөт же азаят: (мисалы этек кири келгенде), же ичегиде же бөйрөктө шишик пайда болгонун билгизет.

Өңү кызыл күрөң тартып турса, бөйрөктү жана надпочечникти текшертүү керек.

Өңү кара – көк тартып турса, жүрөк жакшы иштебей жаткандыгын билгизет.

Ооздун тегерегиндеги кан тамырлар көөп кетсе, ашказандын иштебей жаткандыгы.

Тери кургак болуп, шуудурап турса, тери ооруларына чалдыкканын же денеси ысып тургандыгын билгизет.

Териде ак тактар пайда болсо, жалпы эле дененин зат алмашуусу жакшы иштебей жаткандыгын билгизет.

Тери өтө эле жумшак, шапыдай болуп турса, бөйрөк же табарсык сезгенгендигин, кызыл жүгүрү же подагра болуп калгандыгын билгизет.

Теринин үстүн майда – майда кан тамырлар басып кетсе же чач түптөрүнө күрөң тактар пайда болсо, боорго аябай күч келип жаткандыгын билгизет.

Тилдин сырткы көрүнүшү аркылуу дененин ички мүчөлөрүнүн (органдарынын) абалын аныктоо.

Тилдин өңүнүн өзгөрүшүнө жараша оорулууларды мындайча аныктайт:

Дени сак адамдардын тили – өзгөрүүсүз бир калыптагы чоңдукта жана боз – чаңгыл болгон былжыраган илээшмеси жок, кызыл – куба жана коңур кургак түстөнүп, тилдин үстүндөгү майда бүдүркөйлөрү байкалып турат.

Тилдин алдыңкы үчтөн бир бөлүкчөсү –

-          Жүрөккө жана боорго; тилдин так ортосу

-          Ашказанга, ашказан бездерине жана көк боорго тилдин түп жагы (көмөкөй жагы)

-          Ичегилерге тийиштүү болот

-          Тилдин каптал жактары боор менен бөйрөккө тийиштүү

Тилдин орто чениндеги үчтөн бири боз – чаңгыл, агыш илээшмеси жана  каптал жактарында майда жаракалары бар болсо – гастрит, ашказанда жана мөөндө, же 12 эли ичегиге кире бериш жеринде жаралар бар дешет.

Тилдин алды жагында үчтөн бири чениндеги капталдарында боз – чаңгыл илээшмеси болсо – өпкөсү оорукчан болот.

Тилдин түп жагындагы үчтөн бири ченинде боз – чаңгыл илээшмеси болсо, ичегиде энтероколити бар деп эсептелинет.

Тилдин түп жагында үчтөн бири ченинждеги капталдарында боз – чаңгыл, агысы илээшме болсо, бөйрөгү ооруйт дешет.

Тилдин үстүндө ак жана кызыл тактар бар болсо (клубникалык тил дейт) – скарлатина менен ооруган болот.

Тилдин үстү бүт боз – чаңгыл, агыш илээшме менен капталып турса, дисбактериоз, кандидаликоз стоматити бар деп эсептелинет.

Тилдин үстү күрөң түстөгү чел кабык менен капталып турса, ичеги – карыны ооруйт деп болжолдошот.

Тилдин үстү саргыч түстөгү чел кабык менен капталып турса, холецистити бар деп эсептелинет.

Тил жылмакайланып, кызгылт болуп турса, анемия, канында темир микроэлементи аз деп эсептелинет.

Тилдин үстү ачык, көгүш түстөгү чел кабык менен капталып турса, дизентерия  (ичөткөк), (тиф) же киста менен ооруйт делет.

Тилде тиштин тактары турса, ашказандагы тамак сиңбеген болот.

Тил жылмакайланып, кызарып жана жалтырап турса, боордун циррозу, дисбактериоз, ичеги – карындагы былжырак чел кабыкчалары кырылп калган (жок) делинет.

Тил кургак болуп жана жаракаланып турса, диарея, анемия, диабет, лихорадка.

Тилдин үстү бүт жаракаланып тусра гастрит.

Тил ачышып турса, вегетоневроз, стресс болгон, гепатохолецистит, моюн остеохондрозу деп эсептелинет.

Тилдин оң жак капталы кызарып жана шишип турса – генатохолецистит.

Тилдин сол жак капталы кызарып жана шишип турса, көк боор ооруйт деп эсептелинет.