Жоробек уулу Эстебес: Эгемберди датка

This post is also available in: Орусча

Жоробек уулу Эстебес, 93 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Өзгөрүш айылынан Эгемберди деген датка чыккан экен, ал адам эмнеси менен таанымал болгондугун айтып берейин. Жанболот жана Бекболот деген эки бир тууган болгон. Алардын атасы Бостон деген болгон. Ал Аксыдагы Кызыл-Жар деген жерде бий болуп жашаптыр. Апасы Таластагы Көк-Ой деген жерден экен, атасы Бостон өлгөндөн кийин эки баланы алып Таласка баса берген экен. Эки бир туугандын бирөөсү Бекболот 35 жашында каза болот. Ал өлгөндөн кийин агасы Жанболот бир жыл өткөрүп ашын берет дагы, келинин алат, Бекболоттун аялын өзүнө нике кыйып алат. Ошондо Эгемберди 3 жашта экен, апасы менен кошо ээрчип келет. Эгембердиден улуусу Эшей, андан кийин 3 айлык боюнда Эшаалы калат экен. Булар Бекболоттун балдары, Жанболотко барышат. Жанболоттун өзүнүн жети баласы бар экен, алар Эгембердиге койду сен кайтар деп кайтартып коет. Эгемберди эстүү болуп чоңоет, кой кайтарып жүрүп 14 жашка келип калат. Жанболот миң жылкы күтүптүр, ошондуктан Жанболоттун санкарасы деп койгон. Малына эсеп жетпегендиктен санкара деп коюшчу. Ал учурда Капканын нары жагындагы Жамбылда алакчындан Нурак деген датка болгон. Жанболоттун эли ошого карайт экен. Жанболоттун санкарасынан Нурак датка жылда он эки жылкысын алып кетчү экен. Бир жылда он эки ай да, ай сайын бир жылкысын союп жейм деп алып кетчү экен. Эгемберди жаш да, аларга алы жетепйт. Анан Жанболот бир жигитти таап, ага аял алып берип, балалуу болот. Анан ал жигит малды мен кайтарайынчы, тигилердин келгенин көрөйүнчү дейт. Анан малды алып кетчү убакыт келип, Нурак датканын алты жигити келет. Тиги Жанболоттун жигитин Нурак датканын алты жигити ортого алып өлтүрүп кетишет дагы, он эки жылкыны алып кетет. Жанболоттун ачуусу келип, ар кайсы жактан сураштырып отуруп, он эки жакшы жигит камдап коет. Анан жылкыларды алып кетээр маал келгенде жигиттерди малдын жанына чуңкурга жашырып коет. Нурактын алты жигити келет да, ошондо жашынып турган Жанболоттун жигиттери тура калып, кууп, бирөөнү аттан түшүрө чабышат. Бешөө болсо качып кетишет. Ошондо кечке маал болуп калган экен, аттан түшүртүп салган. Нурак датканын жигитин тигилер сабап, уруп жатышат. Эгемберди болсо кой кайтарып келип, короого киргизип жатып, көрүп калат. Эгемберди 14 тө да, коюн короого киргизип, эмне болду деп чуркап келет. «Булар жылына он эки жылкыны бөлүп кетет, өлтүрөбүз», – дешет жигиттер. Эгемберди «Акелер, кичүү да болсом менин тилимди уккула», – деп кыйкырып жиберет. «Ии, айт», – дешет жигиттер. “Эгерде Нурак датканын жигитин өлтүрүп койсоңор, эртең Нурак катуудан тулгаңды, жумшактан күлүңдү койбойт. Миң жылкыңа дагы тойбойт, үйүңдүн баарын алып кетет, эчтемеңди койбойт. Шорго бата албай турган экенсиңер, урбагыла. Тигил жигитти үйгө алып келгиле дагы жуунткула”, – деп бакырат. Тиги жигиттин өзүнүн аты бар да, Эгемберди: “Мага бир ат бергиле, анан жаныма бир жигит кошуп бергиле. Үчөөбүз Нурактын туугандары болгон, алакчындан чыккан Сатылганга барып күбөлөндүрөбүз, эгер күбөлөндүрүп койбосок, эртең Нурак доого алат”, – дейт. Кичүү болсоң дагы, сенин акылыңа көнөлү дешет дагы жөнөтүшөт. Сатылган дагы датка да, ага барып жылда он эки жылкыны бөлүп кетээрин баарын, төкпөй-чачпай Эгемберди айтып берет. Акыркы жолу келишкенде бирөөн аттан түшүртүп алып калдык, бешөө качып кетти дейт. Эртең Нурак бизге доо артат, сиз кудай үчүн, кудайчылыгыңызды айтасыз. Биз сизге бул баланы тирүүлөй тапшырып кетебиз. Же болбосо Нурак бизге сөзсүз доо артат дейт. Ошондо Сатылган датка кудай үчүн деп 3 жолу айтат дагы, макулдугун берет. Эртеси күнү болсо, Нурактын жигити өз үйүнө кетип калат. Арадан бир жыл өтөт, бир жылдан кийин Нурак датка менин бир жигитим, менин жакын тууган үкөлөрүм болот кетип баратса Жанболоттун жигиттери кармап алып, өлтүрүп сууга салып жиберишиптир, дайыны жок деп дароо доо артат. Таластын суусуна салып жибериптир, өлүгүн дагы таппай калдык деди. Анан Кокон хандыгынын эң чоң өкүм чыгара турган өкүлү болгон. Ал Жамбылда турчу экен, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан карайт. Жакшылы, жамандык болсо сен текшерип турасың деп Кокон хандыгы коюп койгон. Жамбылдан, Нурак даткадан ага менин тууган үкөлөрүмдү Жанболот өлтүрүп койду, жооп берсин деген кат келет. Жанболот Нурак жалган жерден жалаа коюп жатат, доо артып жатат деп угуп калат. Ошондо Жанболот 87 жашка чыгып калган учуру экен, жети баласын чакыртып «Эй, балдар кимиң барып, жооп берип келесиң», – дейт. Жети баласы тең андай кыйын жерге биз бара албайбыз деп коюшат. Ошондо 14 жаштагы Эгемберди:

- Ата, мен барып келейин, – дейт.

- Ой, балам сени бирөө жака чаап жиберет да, сени ким тоготот экен дейт.

Эгемберди нары жакка басып кетет.

Бир аздан кийин Жанболот: “Мен картайып калдым, жаш болсом өзүм эле барат элем. Мен сууга сийген экенмин, менден эркек туулбаптыр”, – деп буркурап ыйлайт. Анткени доо арткан Нуракка барбай койсо миң жылкысын, анан үй-жайын кошо алып кетет да. Атасынын ыйлап жатканын көрүп Эгемберди:

- Ой, ата, мен барып келейин, – дейт.

-  Ой, балам, сени урат да, – дейт.

Эгемберди кайта ары жакка басып кетет. Кайта бир аздан соң кайра келет. “Сенин балдарыңдан эч ким бара албайт. Эптеп болсо дагы мен барып келейин”, – дейт. Атасы макул болот дагы, сага мен бир адамды кошуп берейин дейт. Кең-Аралда бир акылдуу адам бар экен, аны чакыртып пул берет, балам менен кошулуп жообун угуп кел деп айтат. Ал жактан тамак-ашка, атка чөпкө деп үч сомдук алтын берет. Силер келгенче мен Манас атанын күмбөзү жакта дөбө бар, ошол жакта жатам. Күндүр-түндүр кудайдан тиленип жатам. Эгер силер доодон кутулсаңар бир улак алып, көк бөрү тартып келгиле. Мен сүйүнүп өйдө турайын дейт. Эгерде доодон кутула албасаңар анда бүрүшүп келе бергиле, мен ошондон билейин дейт. Ошентип Жанболот экөөнү узатат. Өзү болсо ыйлаган бойдон Манас атанын күмбөзүндөгү дөбөгө ыйлап жатып калат.

Эгемберди менен Кең-Аралдан келген аксакал барса, эл абдан көп экен. Казагы, өзбеги, кыргызы да бар экен. Акимде үч жүздөй адам бар экен, анткени башка дагы көптөгөн доолорду да чечип жаткан экен. Ага чейин Нурак датка: “Жанболоттун жигиттери менин тууганымды өлтүргөнү үчүн келбей жатат, – деп айтып жаткан экен. Ошол жерден Эгемберди учурашып кирип барып калат. Жаш баланы ким тоготот, Эгемберди бардыгы менен саламдашып, кол алышат. Байкаса акимдин оң жак тизесинде Нурак отуруптур, сол тизесинде Нурактын орун басары отуруп алыптыр. Эгемберди баары менен саламдашып, акимдин сол тизесиндеги Нурактын жигитин сүйрөп салат. Тиги тура калып, жаакка чаап жиберет. Аким болсо: “Ага тийбе, тынч отур!”, – деп бакырып коет. Ошондо Эгемберди: “Бул аким деген баарыбызга тең карайт, эч кимди бөлбөйт, а силер ээлеп алдыңар, силерди эле карабайт да”, – деп кыйкырат. Отургандар ыраазы болуп калышат, ооба чын айтып жатат  деп макул болушат. Анан териштире башаташат, анда Нурак: “Менин жигитим кетип баратса Жанболот аны өлтүрүп коюп, сууга салып жибериптир. Дайыны жок, издеп өлүгүн дагы таппай калдык”, – дейт. Эгембердиге сөз келгенде: “Нурак жалган айтып жатат. Сиз баарыбызды тең караңыз, баарыбыздын үстүбүздөнсүз да. Менин атам жылкы кайтарат, жылда Нурактын жигиттери он эки айга деп он эки жылкыны бөлүп кетет, Нурак зордукчул. Аны баары билет, эл билет, сураштырыңыз. Жылда алып кетип, бизди кедей кыла турган болду, биз тентип кете турган болдук. Эгер калыс болсоңуз угуп туруңуз. Бир күнү жылкы кайтарып отурсак, дагы Нурактын алты жигити он эки жылкыны алып кетебиз деп келишти. Биз аларды урган да жокпуз, бирок куудук. Бирок бирөөнү аттан түшүрүп кармап алдык. Нурак доого ураарын билип, өзүнүн бир тууганы Сатылганга ал баланы дайындаганбыз”, – деп айтып берет. Анда Сатылган каякта деп аким сураганда, ал жерде көптөгөн адамдар отурушат да, алардын бирөө Сатылгандын баягы күнү Нурактын айылына келгендигин айтып калат. Көрсө Нурак Сатылганды “биз доо артабыз, сен көргөн эмесмин деп тан”, – деп алдыртыптыр. Анда Сатылган: “Эгемберди мени кудай үчүн, кудай үчүн, кудай үчүн деп 3 жолу кудайга тапшырган. Бир эле жолу айтсам, сенин тилиңди алат элем, 3 жолу айткандан кийин мен макул боло албайм, эртең мени кудай уруп кетет”, – деп болбой койгон экен. “Кудай уруп кетет, эртең мен өлүп калам, андан көрө мен сенин колуңдан өлгөнүм жакшы”, – дегенде, Нурактын ору бар  экен, макул болбогондон кийин Сатылганды сүйрөтүп барып орго таштатып коет. Бир маал оокат берет, кээде бербей дагы коет экен. Ошентип Сатылган Нурактын айылында деп угуп калып, анда эмесе сураштырып келгиле деп аким 3 жигитти жиберет. Бир жигити өзүнүн жигиттеринин бирөө, экинчи жигит Нурактын жигиттеринен болот, үчүнчү жигити Эгемберди менен кошо келген жигит болот. 3 жигит баш болуп Нурактын айылына келип, Сатылганды ар кимден сурашса, “билбейбиз” деп жооп беришет. Анан бир жигит мен билем деп айтып берет. 3 жигит орго барып, Сатылган деп кыйкырганда, ээ деп Сатылган жооп берет.

- Сизден калыстык кеп сурайлык деп келдик, – дешет.

- Сурагыла, – дейт Сатылган.

- Нурак менин жигитимди Жанболот өлтүрүп койду деп доо артып жатат. Биз болсо ал жигитти Сатылганга дайындаганбыз деп айтып жатабыз. Ага болбой сага калыстыкка аким жиберди дешет.

- Эртең Нурак өлтүрөт деп корккондугумду айтайынбы же кудайчылыкты айтайынбы? Анда акимдин жигити:

- Эртең мен акимге ордо жатканыңды айтам, ал сени эртең эле чыгарып алат, андан көрө кудайчылыгыңды айт, -дейт.

Сатылган анда айтат, ал бала аман-эсен эле. Менин үйүмдөн аман-эсен кеткен, жана эле кичинекей баласын көтөрүп алып, менин үстүмө отуруп, жаңы эле кеткен дейт. Анан үчөө нары жака бастырып барып, тиги баланын үйүн сурашса айылдагылар айтып беришет. Айткан үйгө барышса чындап эле баласын алдына алып үйүндө отурган экен. Ошентип 3 жигит акимге барып айтышат, жалган доо экен. Нурактын жигитин Сатылган аман-эсен кое бериптир, ал жигит сопсоо айылында экен деп айтып барышат. Ошол жерден баягы аким Нурак жаман иштерди жасап жаткан турбайбы, мен муну иштен алам, эмесе тарагыла отургандар дейт. Элдер туруп, тарап баратканда «Акелер, отургула» деп Эгемберди бакырып жиберет. Эмне болду дешкенде, былтыр менин аталаш бир тууганымды Нурактын жигиттери жылкы кайтарып жүргөн жеринен өлтүрүп кетишкен. Аялды жаңы эле алып бергенбиз, баласы дагы жаңы төрөлгөн. Аялы алигиче ыйлап отурат, төркүнү сакоо сарайда, ошонун жообун берип кетсин дейт. Баягы үч жүздөй киши кайта отуруп калышат. Аким баягы үч жигитти ошол аялга жиберет. Өлтүрүп кеткени чын да, үч жигит барса, аялы жаш баласын кучактап, кара жоолук салынып алигиче ыйлайт экен. Анан бир жаш бала келип: “Былтыр менин жездем Жанболотко жигит болуп кеткен. Жылкы кайтарып жаткан жеринен Нурактын жигиттери өлтүрүп кетишкен, эжем былтыртан бери кара кийинип ыйлап отурат”, – деп ыйлап кирет. Ал келинди үкөсү экен да, акимдин алдына мен дагы барам деп бакырып кирет.

Аким кунун кесейин деп элүү төө, жүз жылкы, беш жүз кой кесет. “Ушул кунду баланча күнгө чейин төлөп берсин, төлөп бербесе акимдин өндүргүч жигиттери бар экен. Алар барып катуудан тулгасын, жумшактан күлүн калтырбай баарын тиги келинге шыпырып берет”, – дейт. Келиндин үкөсү сүйүнүп калат. Ошону менен жыйналыш бүтүп, Эгемберди баягы акылман киши менен ошол жерде жатып калышат. Анан Нурак: “Мен Эгемберди менен достошом. Түндөп өтсө дагы мага ээрчитип алып келгиле, достошпосом мен ага элүү төөнү кайдан табам”, – деп Капкага жигиттерин коюп коет. Ошону менен Эгембери тиги киши экөө каткырып жолдон келе жатканда, Нурактын жигиттери алды-артынан чыгып ортого алып алышат. Бизди өлтүрүп коет экен деп Эгембердинин жанындагы жигиттин эси чыгат. Анан бир жигит: “Коркпогула, Нурак Эгемберди менен таанышам деп жатат, биз атайы 3 күндөн бери тосуп жатабыз”, – дейт. Мейли деп Эгемберди Нуракка барганга макул болот. Барышса ак үйдү тигип коептур, мал союп, казанга эт салып койгон экен. Таң атканча тиги экөөнү абдан сыйлайт. Эртең менен Нурак Эгембердиге мал аласыңарбы же баш аласыңарбы деп сурайт. Жанындагысы Эгембердиге айтат, мал эле алуусун айтат анткени элүү төө, жүз жылкы, беш жүз кой бериши керек болчу. “Мал өзүбүздүкү жетет, баш алабыз”, – дейт Эгемберди. Ошондо Нурак: “Менин келиним кыз төрөсө, эгерде сен уулдуу болсоң мен келинимдин кызын бекер берем. Үй-жайы, төшөнчүсү менен бекер өзүм жеткизип берем”, – дейт, баш алганы ошол болот. Эгембердиге набыты чепкен кийгизет, андай чапан илгери такыр табылбачу экен, эң кымбат чапан. Андан кийин абдан жакшы кара жорго мингизет, ал эми жолдошуна жакшы ат берип, жакшы чапан кийгизет. Анан жандарына эки жигит кошуп берет, өздөрү минип жүргөн аттарын коштоп, жеткизип кайта келгиле дейт. Анан жолдон Эгемберди улак сатып алып, төртөө улак тартып келишет. Жанболот “эгер доодон кутулсаңар улак тартып келгиле” деген да. Анан Жанболот каткырып тосуп чыгып, жолдон батасын берген экен. Ошо бойдон Жанболотту доодон кутказып, Нуракты доого жыгып салат.

Эгемберди мурда кой кайтарчу эмес беле, эми жылкы кайтарып калат. Ошентип Эгемберди жыйырма төрткө чыкканда акимден кат келет, Жанболоттун тобунан бул жакка бирөө келсин деген кагаз келет.  Барса казак, кыргыз, өзбек баары барыптыр, чоң Шабдан дагы барган экен. Аким текшерип жатыптыр, казакты текшерет, өзбекти текшерет, анан кыргызга келгенде Эгемберди менен чоң Шабдан кезекте бирге туруп калышат. Чүйдөн чоң Шабдан, Таластан Эгемберди эле барган экен. Чүйдөн барган чоң Шабдандан сенин атаң ким болгон деп сураса, хан болгонун айтат. “Аны хан деп айтпайт, аны миң башы, жүз башы деп коет, тим эле элдин кожоюну”, – деп коет баягы сурап жаткан киши. Шабданды бара бер дешет, ал шайланбай калат. Анан Эгембердиден эмне үчүн келгенин сурашат. “Менин атам он беш жыл бий болгон экен, анан атайы чакырган кагаз келиптир, ошон үчүн келдим”, – деп жооп берет. Урук, тууганы кайдан болоорун сурашса, “Шералы хандын кемпири таластык болот, ал биздин эжебиз болот, ошон үчүн мени чакырды го”, – деп ойлодум дейт. “Анда эмесе сен даткалыкка татыйт экенсиң”, – деп датка наамын беришет. Чепкен кийгизишет, атайы мөөрдү кошо беришет. Чөнтөгүнө бир шише берет, шишенин сырты алтындан экен, ичи арак экен. Ким датка болсо ошондой берет экен да. Сыртка чыкса чоң Шабдан күтүп турган экен, “Жалган жерден сен датка болуп калдың, мага соогат (сүйүнчү) бер”, – дейт экен.  Мына соогат деп баягы алтын шишени берип коет. Шабдан ошол алтын шишени элге көрсөтүп, 3 жыл ичпей жанына алып жүргөн экен. Ошентип Эгемберди Таласка датка болуп келет, 75 жашка келгенде өлөт. Өлгөндө дагы даткалыктан түшпөй, датка боюнча өлөт. Каза болгонуна жүз жылдай болуп калды. Эгембердинин баласы Озоке он беш жыл болуш болуптур, 76 жашында каза болгон экен.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>