Ибраимова Нурия, 1968-ж. Бакай-Ата району. Өзгөрүш айылы.

This post is also available in: Орусча

Мага төлгө көбүнчө үч күн мурун аян аркылуу келет. Мен ошол адамды эңсеп калам. Эгер ошол адам келбей калса, менде кандайдыр бир оор нерсе пайда болуп калат. Ал мага эмне үчүн келбей калды деп мен сарсанаа боло берем. Бирок ал келгенде, сен мага баланчанчы күнү түшкөнсүң деп эч айтпайм. Ошол нерселер мага сыр бойдон кала берет.

Мен кайсыл учурда болбосун төлгө сала берем, бирок жазуу түрүндөгүсү мага түндө гана келет. Мен дайыма намаз жана даарат менен жүрсөм, мага жакшы келет. Төлгө ачканды өзү абдан каалайм, төлгө ачканда ушунчалык сергип, жеңилдеп, өзүмдү жакшы сезип калам.

Эмне болуп төлгө салып калгам? Кыргыздарда бул нерсе тукум кууйт деп айтылат, менин таятам, таянем, чоң атам ушундай төлгөчү, дем салган адамдар болгон экен. Анан мен китеп көп окуйм. Мисалы, Бает уулу Сатылган ажынын «Алладан келген сыр» деген китебин окудум. Бүбү Мариям апанын китептерин көп окуйм. Омор Хаям, Баласагындын китептерин көп окуйм. Анан Чыңгыздын китептерин көп окуйм.

Төлгөнү өзүмдүн жакындарыма деле сала берем. Төлгөм төп келген учур көп эле болот, кайсы бирин эстейин. Алар келип, кайра өздөрү айтып кетишет.

Мен өзүм ручка, дептерсиз жүрө албайм, анан төлгөнү нобуя менен салам, бул нерсе менин тайнемден калган. Анан мен камчыны ыйык сезем.

Төлгө тарткандан кийин бир нерсе үмүт этпейм. Кээ бирлер өздөрү эле төшөк жерге кымтып кетишет, кээ бирлер болсо, нандарына куран түшүртүп анан ушул жерге таштап кетишет. Бирок мага эч нерсе кереги жок, таза ниети менен келишсе болду. Ошол алган нерселердин да сурагы болот да. Үй-бүлөм мага эч кандай каршылык көргөзбөйт.

Мен көп нерселерди жазам.

              «Кошок»

Алтындан салган шакегим

Берметтен эле белдигим

Бошоп бир калды эрдигиң

Түндүктөн түштү желегиң

Аткан бир таңдын жебеси

Учуп бир кетти элеси

Удургуп шамал илеби

Учуп бир кетти белеси

Учугу узун болсунчу

Кутудан качты кушуңбу

Тизгиндеп кармап турбадың

Тигинден каркыра келеби

        «Ызага баткан аял»

Батпа сазга, алпарам дейт ошол жакка

Белдик болчу, белдик болчу жалганга

Белес ашып, баргынчы сен чарчаба

Аян берди бүтүргүн деп баарысын

Көкүрөктөн чыгат экен ырларың агыла

Караба алдайт, азгырылба

Калтырсам дейт сени ар талаага

(Бул аялды шайтандар азгырып алган экен, мага келип кеткенден кийин эле ушул ыр келип олтурат).

Ырды дайыма жазбайм, менин үй шартым ага туура келбейт, мындан беш-алты жыл мурун мен дарга кирип алып жазчумун, азыр андай болбой калды. Дар дегеним, илгери пайгамбар, сабалар көрүстөнгө кирип алып, эч кандай тамак жебей, суу эле ичип анан ыр жазышкан. Мен көрүстөнгө барбайм, үйдөн эле жазчумун. Анан ырдын келиши менин көкүрөгүмдөн келет. Анан бул нерсени түшүнбөгөндөргө айтсаң таң калат.

Жалганда келип кеткен

Бардык нерсе бирине-бири муктаж деген

Агынан карасы чыккан

Карасы деле карачы деп мактанган

(ак киши менен кара кишилерге арналган)

(ушакчы аял менен таза аялды салыштырып берген)

Агын талашып аулет турган

Анда акылы 99 муну уксаң

Агында бир акылы баса калган

64 пайгамбардын жашын санаган

Аралашып арбашып кармашкан

Аягына чыкпай акылсыз, алдан качкан

Арбалып бечара ийилип турган

Акылың жок аулет сага мен жазам.

Мен Чыныкенин мазарына барып, түнөп келем, ошол жерден мага көп ырлар келет. Анан Каныкей апага көп барам, мен олтурганда ушундай эми төгүлүп келе берет. Мен негизи жалгыз болгонду жакшы көрөм. Мисалы мен адамдарды жашынан карап эле биле берем, эгер сен мындан бир аз улгайыңкы болсоң, анда ошол жашка карап, өзүнчө кетет.

Мага төлгө ачтырган адамдардын баары эле келип, түштөрүн жорутат. Мен эң биринчи түш жоруп берем, анан эле келе баштайт. Тукумубузда тайнем түш жоручу, чоң тайнем айтымчы болгон экен, тайатам куучу болгон, чоң атам дем салган экен.

Төрөй албай жаткан аялды кандайдыр бир дубалар менен ырымдаса, ал киши куучу деп аталат. Анткени төрөй албай жаткан аялды албарсты басат дейт. Анан албарстынын дубасын билген адамдар, кет эле кет, жогол деп дуба кылса, толготуп, кыйналып жаткан аял бат эле төрөп алган. Бул нерсени Алла таала миңден бир адамга берет. Алла таала миң жылда жети адамга касиет берет экен. Менин тайатамдын түшүндө аян берген экен. Баланчанчы күнү баланча деген келин ооруйт, сен ошого барып, дем сал деген экен. Ал ошентип аян менен куучу болгон экен.

Айтымчы, тамырчы, куучу, жайчы, төлгөчү, думана, дубачы. Мына ушундай касиеттүү адамдар миң жылда бир эле жолу кайталанат. Куучу адамдын курал-жарактары ар кандай, кээ бирлери маки алып жүрүшкөн, теспе, камчы. Аянында эмне көрсөтсө, ошону алып жүрүшкөн. Кээ бирлер жай намаз колдонушкан, анда касиет көп болот. Куучулук касиеттен баш тартса болбойт, бул касиет калып, же болбосо өлүп калат деп айта албайм. Адам менен кошо жаралып, адам менен өлө турган нерсе.