Уулжамал апа: Арбактар менен нур келишет

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью Талас  аймагында 2005-06-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган.

Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Уулжамал апа, Талас аймагы

Ата-бабаларымда касиеттүү адамдар болгон.    Менин он үчүнчү, он төртүнчү аталарым хан, молдо, бий болуп өтүптүр.  Мен атама окшошмун.  Бир байкем коенчук болуп кармап калчу.

Он биртууганмын. Мен улуусумун.  Беш жашымда эле  тилим сайрак болду, жеңелеримди ыйлатып койчум. Кыргызчылыгым  бала чагымда билинген жок,  кийин кармады да. Атамдын мүнөзү аябай кырс болчу. Бизге мээрим деле төкпөптүр. Мектепте ортодон жогору окудум.

Мен төрт айдан ашык бооруман оорудум.  Денем ысыган деле жок. Бирдемке жүргөндөй болуп эле корко берчүмүн. Дегеле касиети бар кишилердин  аркасыңда бирөө келаткансып, тарс-турс болуп эшиктер ачылып-жабыла берет. Мага түшүмдө аян берип жүрдү. Көбүнчө  мен тоодон эле уча берчү элем. Ээ, балам,  мен касиеттер менен мазардан жоолугуштум. Ириде Бакай бабам менен жолугуштум. Мына ошондон баштап эле алар менен жоолугушуп, сүйлөшүп калдым. Аба ырайын сурасак, биз сурагандай берет. Арбактар менен ата- бабадай эле сүйлөшүп калдык.

Арбактар баарын айтып турат, ошон үчүн биз жооп беребиз да. Мен 45 жашымда оорунун кесепетинен мазар бастым. Ошо жерден эле көзүм эч нерсе көрбөй барып эле,  сүйлөшүп жатып калдым. Ар түштө  аян берилет. Арбактардын айткандарын аткарбай койсоң, катуу жазалап коет. Булардын айткандарын так аткарып туруу зарыл. Мазар десе мазарга барып турсаң, алар менен  аябай жакшы мамиледе болосуң.  Арбактардан корккон да учурлар болот,  коркпогон да учурлар болот.

Эми ар бир адамдын кандай ой менен келгенин билип турасың. Оор кыйналган адамдар келатканда биз да кыйналабыз. Жүгү оор адам келатканда кадимкидей көзүбүз ачылбай калат. Менин кыргызчылыгыма алгач  түшүнбөстүк болуп өттү. Бирок – бул менин тагдырым. Аны мен эркин эле башкарам. Менин жашоом өзүмө гана таандык. Арбактар менен көбүнчө киши көрүп олтурганда сүйлөшөм. Арбактар аркылуу диагноз коелат.  Эми мен бир жолго түшүп алгандай кийин,  баш тарта албаймын. Арбактар да мүмкүнчүлүк беришпейт. Аябай сыноодо  болосуң. Касиети бар адамдардын жашоосу оор. Анткени, бир туруп арбактар менен сүйлөшүп ал  жакты карайсың. Анан ар бир ооруунун илешкерлери бар. Ал адам үчүн биз да ооруп кыйналабыз. Бул үчүн темирдей гана эрк керек. Анан барып көтөрөсүң.

Ар кимге Алла Таалам ар кандай касиет берет. Маселен, манасчыларга Манас атам көрүнүп, “ушуну айт” деп кыйнайт. Ошол үчүн алар айтат. А биз мындай эле сүйлөшөбүз. Көңүл эргүү убакта баарын эле айта бербейсиң, тигилер уруксат берген учурда гана айтасың. Эгерде оорулуу аябай ниетин койуп, даарат алып келсе,  бат жакшы сакайат.

Арбактар менен сүйлөшө билем

Арбактар менен биз мындай эле сүйлөшүп олтурабыз. Ал эми манас айтып жаткан учурда, сырттан берилген  суроого ким да болсо жооп бере албайт болуш керек. Мен арбактардын сөзү бүтмөйүнчө токтоп турам. Эгерде жооп бере турган болсом, алардан уруксат сурап, кулдук уруп туруп жооп берем. Булардын гана сөзүн угам. Негизи мен көрүп да,  мындай да  сүйлөшө берем. Алар менен өзүмдү жакшы сезем. Киши көрүп жатканда аралашып касиеттер менен эле олтурасың. Куран окуп жатканда баары келет. Ошолордун айтканы боюнча иштейсиң. “Мындай кылып даарыла,  андай кылып даарыла”, – дейт. “Эмне кылам?”, –  деп сурайм алардан. Ошондо жооп беришет. Ошол учурда кээде убакыт узарып кетет. Оорлорду эки саат, беш саат,таң атканча  да көрүп каласың. Оорулуларды карап жатканда тың эле олтурасың, бирок ар кимдики ар кандай болот. Кээ бирөөлөр талып жатып калат,  оор келгендер болсо көтөрө албай жатып калат. Эстеп кыйналат. Эми мен өзүм жол алганы эч нерсе болуп кыйнала элекмин. Ар кандай адам келгенде ар кандай абал түзүлөт. Азыр жанагы дуба деген чыкты, оор дубалар чечилгенде кыйналып кетесиң. Ошол ишти аягына чыкпайын, баары бир  мени олтургузбайт. Мен ал ишти да таштай албайм.

Арбактар менен жолугушкандан кийин өзүмдү жеңил сезем. Айрым учурда чарчайм, эстейм, көңүлүм бузулат, ошондо өзүмду тазалаймын, аппетитим ачылат, оор дуба чечкен убакта бир чайнек суу ичип коем. Киши көрүп жатканда оозуң кургайт,кубарасың, тердейсиң.  Аябай эле чарчап кыйналып калам.

Ар  кандай арбактар менен жолугушасың, бир кылым өтүп кеткен, эки кылым өтүп кеткен, он кылым өтүп кеткендер менен деле жолугуша бересиң. Арбактар биз менен аралашып жүрө берет. Алар адамзат жаралганда эле болуп келген.  Арбактар менен адамдардын жаны бирдей. Болгону бизден бөлүнүп арбак болуп турганы болбосо.   Алардын жашоосу биздикине окшош эле. Биз кандай турмушта жашасак, алардын турмушу деле биздикиндей.  Арбактар  айтканын жазайт, так жүрөт. Эки сүйлөбөйт. Кандай куракта өлсө, ошол курактагы боюнча эле жүрөт.  Ар бир арбактын мүнөзү ар башка. Бирөө кырс, бирөө ак көңүл, көбүнчө булар бир мүнөз болот, эгерде  бирөө туура эмес иш  жазаса ага жаза берип коет.  Кээ бир күчтүү арбактар жаркыраган нурлануу менен келет. Өтө касиети чоңдор. Алар келгенде каратерге түшүп кетесиң. Мисалы, жанагы Макарейи периштелер, Жебирейи периштелер менен жолугушканда,   ошондо булар башкача нурлар менен келет. Дегинкиси булардын   баары нурлар менен жүрөт. Арбактар адамдарга жакшы мамиле кылат, анан жанагы пейили тар, ичи тар, кызганчаак адамдарга терс мамиле кылат. Булар эми бүт аалам менен байланышат,  баардыгын алдын ала билип турушат. Ошон үчүн адамдарга айтып көргөзүп жатпайбы. Ал эми идолдор болсо,  туура эмес жооп берет,  арбак тим эле учуп жүргөн неме деп. Куран окулган жерде булар да оокат ичип турат. Куран окулбаган жерде, ыйлап туруп кетип калат. Ой сезимиңди билип турат. Касиет болуп туруп, булар дагы чарчап калат, ошондо  карайып кетет. Анан мазарларга барып тазаланыбыз.  Мен үчүн эки дүйнө бирдей эле.  Арбактар эч убакта жок болбойт. Руханий жашоодо «жакшы» менен «жаманга» бөлүү бар. Маселен, муунуп өлгөндөр өзүнчө, дуба окугандар бөлөк, өтө таштай болуп сараң болгон адамдар да өзүнчө турат. Баары тиги дүйнөгө барганда арбак болуп кетпейт,  булардын да жан дүйнөсү тазаргандан кийин арбактарга кошулат.Тигил жакка барганда суралат.  Ал эми дин ошол арбактардан келип чыгып жатат да. Арбактар адамдар  сыяктуу эле оор абалдарды башынан өткөрөт. Эгер кыйынчылыктар болсо эң сонун чечет,  бүтпөй жаткан жумуштарыңды бүтүрөт. Жолдоруңду ачып, тазалап турат. Болгону  таза жүрүш керек. Арбактар адамдар менен эле аралашып жашап жатпайбы. Куран окуганда келет. Бир гана жума күнү арбактар болбойт,  анткени алар Мекке, Мединага тазаланганга кетет. Ошол жакка барып сыйынып, тазаланып келет. Анткени  арбактар да карайып кетет. Себеби азыр элибиз аракка аралышып, бийликте жаман болуп жатат.  Таза арбактар баардык эле жерде жүрөт.Төгөрөктүн төрт бурчунда жүрөт. Менин колдоочум  биринчи деңгээлде турат деп ойлойм.  Бирок касиеттери чоң, мисалы, Бакай бабам,  Манаса атам,  Чолпон аталардын  арбактары да, касиетери да чоң. Хан болсо хан боюнча эле өтөт. Тиги дүйнөгө, мисалы, намаз окубай барсаң, ал жактан окутат. Билим аласың. Кайсы жумушка жөндөмдүү болсоң, ошол жумуш менен иштеп жүрө бересиң.  Биринчи адам болуп туруп, анан арбак болот да. Арбактар узун чакырымды баса алат,  баардык жакка жеңил учуп жүрөт, каякка чакырсаң ошол жакка келип калат.  Анткени  алар учуп жүрөт. Ооба, алардын сезими болот. Капа болот, сүйүнөт, туура эмес иш болгондо булар да каарданып, жинденет.

Мусулманчылыктагылар булар бирин-бири кемсинтпей, кордобойт. Акты ак деп,  караны кара деп чечет. Чындыкты сүйлөйт. Арбактар деле топ болуп жүрөт. Мага кээде көзүмө арабдын тамгаларын көргөзө берет. Бирок окуп үйрөнгөн жокмун.  Акылдуу адамдар арбактардын күчү менен көрөт.Сезим да салып турат.  Эгерде бул жолдон баш тартса, ал адам  кырсыктайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>