Үмөтбаева Токтош: Кыз болуп кыз дооронун сүргөн жокмун, келин болуп, келиндик доорун билген жокмун

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Үмөтбаева Токтош, Талас аймагы

Зикир чалганымды сурайсың. Ичиме сактайм мунун баарын. Айтышка болбойт. Мен сага айтсам 10 күн ооруйм. Мазардын ээсин, өзүмдүн кишилеримди көрөм. Эми мен ошо чети эле Жанкороз ажы деп чакырбадымбы? Бул таятам болот. Ажы өзүмдүн апамдын атасы болот. Эл ажыга бардык деп атпайбы. Чоң кишилер кирип келгенде эмне кылаарымды билбей калам. Бардык кишилер билет мени. Мунун касиеттери аябай зор, элге тиет. 32 жыл болду киши кармаганыма. Ошондон бери карай бир адамым мындай-тигиндей болгон жок. Бүт аман-эсен, төрт көздөрү түгөл. Мазардын касиети аябай чоң тура.

Атамдар ушул Кең-Колдо жашачу. Обо Чачыке деген жерди билесиңби? Ошол жакта жашачу. Мен аны менен ал жактан жолугуштум. Туюк бучкак шишип кеттим. Анан тил-оозу жок жатып калдым. Өлдү деп төркүн-төшүмө кабар кетти. Анда апам, ажынын кызы эмеспи, кабар менен барган кайниме: «Айланайын жеңең өлгөн жок, жеңеңдин көйнөгүн айрыбагыла, берендага жаткырып, үстүнө керебет жапкычты жаап койгула, корксоңор» деп айтыптыр. Жыгылып бир күн жаттым. Тиги жайда жаттым, ал жактан мүрзөлөрдү көрдүм, кишилер менен жүрдүм. Аякта белчеден көк шибер. Элдин баары кызматчы, кызматта жүрүшөт. Уй фермасы уй ферма болуп жүрөт, ушундай эле эл. Көпкөк көк шибер, шаркыраган суу, тим эле сонун.

Мен көрбөгөн азап, мен көрбөгөн тозок калган жок. Анан кийин бизде Кара дубана деген бар болчу. Эркек киши. Устатым ушу киши эле. Ал киши Кожого кол берген киши экен. Менин алым жетпейт, сенин кишиң күчтүү экен деди дагы, Шамшыкал атага алып кетти. Ал жакка  алып барып мен кожо, мен калпа дегендерге, анан зикирге салып, ачылып келдим. Мени Манастын 1000 жылдыгында Түркияга тартып кетпедиби. Музейге илип коюптур дейт сүрөтүмдү. «Эжемби, эжем эмеспи деп барсам фамилияң окшош» – деп сиңдим келиптир мага. Кароол чокудан тартып алышты эле, эми мен көп жерге, элге белгилүүмүн. Азыр чоңдор келишет. ГАИни кармадым, рекетти да кармадым. Маңдайына жазып койбогондон кийин ким чоң, ким кичине экенин деле билбейт экенсиң. Соттун чоңдорун кармадым, баары жакшынакай азыр. Сендей кыздарды, койчу алардын баары кудайга шүгүр. Турмушка чыгып балалуу-чакалуу болуп калышты.

Мен Зулпукордо зикир чалганда баары келишет. Чепкен кийип келишет, жакшынакай болуп көйнөк, ыштанчан келишет, анан кийин билем, анын баары өзүмө таасир берип жатканын. Мага келгендер ооруп, оозу-башы кыйшайып келишет, жанагындай жандуу дарт болуп келишет, укмштуудай бир жаман нерселер менен ооруп келишет. Жакшы болуп кетишет, кагылайын.

Зулпукорго тиги кишилер[1] уруксат берсе, алып келем. Менин өзүмдүн кишилерим «баланча жерден буларга эм болот, ошол жерге алып барасың» дейт. Мен айтып жатпаймынбы, биринчи үйүм өзүмдүн үйүм, экинчи үйүм – Зулпукор. Анан Кызыл чоку да аябай жакшы жер. Анын касиети да чоң. Сен да мазарларга барсаң таасири тиет.

Мазарлардын бири-биринен айырмачылыктары бар. Мисалы, Зулпукор Манас атадан мурун чыгып жатпайбы. Манас атага сырттан келип, сырттан кетчүбүз. Азыр болсо аяк асты кылып тебелеп жатышпайбы. Кароол чокуга чыкчу эмеспиз биз. Анын төбөсүндө булак бар болучу, аны бүтөп коюптур эми. Булардын айырмасы болот. Мисалы, Кызыл чокуга барсаң, периштелер жакшынакай ак коён болуп көрүнөт. Эмнени каалап барсаң ошону орундатат. Айыкпай турган киши болсо айыкпайт деп коёт, «мына муну доктурга жибер» дейт. Ушундай ачык айтышат, ачык сүйлөшөт. Мен жашымдан кармадым. Кыз болуп кыз дооронун сүргөн жокмун, келин болуп, келиндик доорун, бозо, арак дегенди билген жокмун. Өзүмдүн кишилеримдин айтуусу менен келе жатам. Эми кудай кор кылбай, зар кылбай алсаң болду. Бала-бакырам аман болсо болду. Менин улуу балам Афганистанга кетти. Ошол учурда урунуп-беринип жүргөн убагым эле. Уулумду ойлоп ыйлап жүрөм, ушу кишилер келет 4-күнү. Зикир көтөрөмчүмүн үйдөн. Анан ошол убакта келгенин жактырбай калам. Балам армияга Афганистанга, жаман жерге кетсе деле ушулар дагы келатабы дегенимди бир ат чабым жерден билип коюшат алар. Анан бир күнү төрт күн жоголуп кетишти, келген жок «ырас болду, баламдан кат келгенче» деп ойлоп жүрөм. Бала убак да, кагылайын. Жок, андай эмес экен. Ошо төрт күн жоголуп, төртүнчү күнү саат экилерде эшиктен кирип келишти. Көзүм илинип кеткен экен. «Жанымды койбойсуң» – деп мен ыйласам, «Балаңдын тумагын алып келдик, ме, бекем бекитип ал» – дешти. «Келе бери, ырас, баламдын жанын алып келген турбайсыңарбы» деп эле минтип колумду (колун кайчылаштырып көрсөттү) сунсам, катып калыптыр. Эшикти барып сүзүп, биеримде так калды, эшиктин туткасы кирип кетиптир. Булардын мага кылган пайдаларын көр. Эми мен мунун баарын айтканда ооруп калам. Мен ошол Алла тааланын чыгарган дубасы болдум. Камчыны Алла таалам башыма жаздап кеткен. Курандын тамгасын билбейм. Ошону дагы өздөрү жаздап кетти жаздыкка. Ошо боюнча окуп калдым. Намазды үзбөй окуйм. Кудай деп жүрөм. Анан эми түбүн жакшылык кылсын.

Түлөө өткөзгөндө биякка чакырат мени, «мунун апасы келсин, биз биякка келдик» – дейт. Мен болсо «дитиңерди, диниңерди койсоңор кылгыла, койбосоңор кылбай эле койгула» деп коём. Азыр сен күбө болуп жаткан кишилер өздөрү жасап жатышат минтип. Булар аябай дубага чыланып калган. Эшигинин алдына адамдын башын, чач көмүшкөн. Буларды үй-бүлөсү менен өлүмдөн алып калдым. Өзүнүн күйөө баласынын машинесинин дөңгөлөгүнө оролуп, өлөөрүн билбей жинди сыяктуу болуп кеткен. Эми ушинтип менден калышпайт, байкуштар.


[1] Ээлер, колдоочулар

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>