Супатаева Гүлай: Бул жолго түшкөнүмө даана 5 жыл болду

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Супатаева Гүлай, Талас аймагы

Мени мазар бас деп көзү ачыктар тээ илгери сексенинчи жылдары эле айткан. Биринчи баламды жаңы төрөп, мен анда жаш болчумун. Бир күнү уктап жатсам эшикти ачып мага карай үч киши келе жатат. Көргөн көзүмө ишенбей улам ушалап коюп карасам, алдындагысынын колунда чоң бычак бар экен. Аябай коркуп, кыйкырып күйөөмдү ойготтум. Эшикке чыга албай калдым, уктасам эле чочуп ойгоном, алым кетип шалдырап, күндүзү жөн эле жата берем.

Эч жерим оорубай, жөн гана алым жок. Догдурга барып көрүнсөм, оорумду аныктай алышпайт. Покровкада чоң молдо бар деп үйгө келип калган кайнежем мени ошого алып барды. Барсам, жанагы мени кубалап жүргөн үч кишинин мага пайдасы тийээрин айтты. Мен болсо коркуп: «Аларды көргүм келбейт, байлап салыңыз» десем, «Мейли байласа байлайын, бирок кийин өкүнөсүң. Бир жылга чейин өлгөн жерге барба, телевизор көрбө» -деди.

Ошентип жүрүп эки жыл өтүп кетти. 1982-жылы дагы эркек балалуу болдум. Бир күнү ошол балам өзүнөн-өзү эле ооруп калды. Эч жери оорубайт деп догдурдан дагы диагнозун таппай койду. Аябай шишип кетти, тамак ичет, бирок бейшептебейт. «Мен кыйын» деген бүбүлөрдүн баарына алып бардым, болбойт. Кызыл-Адырдын ооруканасында алып жаткам. Түндө эле баягы мен байлатып салган үч киши түз эле мага келди да, мурдумду бычагы менен кесип кетти. «Биздин тилди албайт экенсиң, сен эми дагы далайды көрөсүң» – деп кетти. Чочуп эле тура калдым, келме да келтире албай калдым. Шапа-шупа келип эле кетип калышты. Жанымда бир улгайган аял жатат эле, «менин үч кишим бар эле, байлатып салганыма карабай келип менин мурдумду кесип кетти, ушул балам чарчайт окшойт» – дедим. Айтканым айткандай келди, балам онтоп кыйналып, эртеси эле чарчап калды.

Эми кудайга тобо келтирип мойнума алайын деп күйөөмө айтып, ал арак ичет, 1984-жылдар эле, сен ичпе десем, «Сен ушунчалык эле кыйын болуп кеттиңби?» – деп мени менен урушту. Бир күнү дагы арак ичип келип «Эми мен сенин айткандарыңды бүт жасайм, сен чын эле билет турбайсыңбы, мага шек берди» – деп айтып, кайра жолдоштору менен кетип, түндө көлгө чөгүп өлүп калды.

Бир күнү Кочкордон чыккан бир кыйын билген бала бар деп көрүнгөнү келсем, кезекте тургандар өтө көп. Там толо аялдар, эшиктен кирсем эле, жанагы угуп эле жүргөндүрсүң, аябай кыйын билчү Алмаз Асанкожоев деген, «Оо бүбү апа, төргө өтүңүз» – деди. Менден улуу аялдар тургандан кийин өтө албай жатсам, «өтүңүз-өтүңүз, бүбү экенсиз» деп койду. Ал болсо «мага уруксат бергиле, бүбү апаны жөнөтөйүн» деди эле, отургандар макул болду.

Ар ким ар нерсе менен көрөт эмеспи, бул жоолук менен көрөт экен. Ортого белиме жоолук байлап тургузуп койду. «Айтыңыз апа, каякка, кимге бардыңыз? Болбосо мен айтам» деп айтты. Баарын өзүндөй туптуура айтты. «Сиз эми мойнуңузга албасаңыз болбойт, сиздин көзүңүз тубаса ачык экен» – деди. Мен мурда экскурсияга бара жатканда чоң каналга түшүп кетип кайра өзүм чыгып кеткем. Ал жерге түшкөндөр кайра чыга албайт. Сизге жанагы кишилер ошол суудан жолуккан деди. Сиз аларды жөн эле кыйнап жүрөсүз, албасаңыз, балдарыңызга зыян болот – деди.

Бул 1989-жылдары болчу. Мейли эми алайын деп киши-кара карап, бала көрүп калгам. 90-жылдар болуп калган. Өзүм саанда иштечүмүн. Үйгө келгенде күндү-күн, түндү-түн дебей көрүп жүрдүм. Анан бир киши жинди болуп кетиптир. Менин Таласка кетип жатканымды көргөн. Анда деле үйгө келип, «эже кайда?» деп баламдын тынчын алып, түндө 5-6 жолу келип кетиптир. Балам аябай коркуп калыптыр. Мен: «Жок, мен сени көрө албайм, сен чоң молдолорго дем салдыр, мен жаңыдан гана жолго түшүп жүрөм, алым жетпейт» – деп качсам, эртеси дагы келиптир, «карап коюңузчу, кечинде сиз мага аппак кийинип алып 3 жолу көрүнбөдүңүзбү» – деп болбойт. Мен ага жин аралашып калганын билип турам.

Жанагинтип айтып отурса кантип карабайсың. Эки кармаганда эле жакшы болуп кетти. Мен жакшы болбой калдым. Шалдырап эле, шам жаксам аным күйбөйт, же ишим жүрбөйт. Анын жүгүн көтөрүп алып кайра таштай албай калдым. Анткени намаз окубайм. Намаз окубаса күч жетпейт экен. Өзүмдү өзүм кыйнап жүрдүм. Таптак жолго түшкөнүмө 5 жыл болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>