Сапанов Зулпукор: Адам касиети

Сапанов Зулпукор Акматбекович  Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун, Мургаб районунун Көөнө – Коргон деген айылында туулган.

Бир жайлоого барганыбызда бир үңкүрлөр бар, ошол үнкүрлөрдүн бирин Жайчынын үнкүрү деп коюшат эле. Анан мен сурап, жайчы деген ким болот? дегенимде коңшу эжебиз: – Мерген киши болот. Кыргызга жакшылык кылып, үнкүрлөрдү үй кылып, үңкүрлөргө түнөп, тоодон кийик атып жеп, ушундай элге жакшылык кылып жүргөн адам – деп айткан.

Кыргыздардагы  куучуну бизде Албарстысы бар, же болбосо кыздары бар киши деп коюшат. Бизде Бакай деген киши болгон. Бу кишинин баласы болгон эмес, мал багып, тоодо кемпири экөө тирилик кылып жүргөн. Ал улам конгон жерине таштан короо салган. Ташты калама деп коет бизде, каламаларды тизип койгон. Ал кишини карасаң бою кичинекей киши, ал эми ал алып келип тизген таштарды карасаң, беш-алты киши көтөрө албайт ал ташты. Ошондой чоң таштарды алып келип тизген.. Бирок тизип жатканын эч ким көргөн эмес. Жаңы көчүп барып отурат, үч-төрт күндөн кийин караса эле каламаны тизип койгон. Анан башка жерге көчүп барса, ал жерлерге да тизип койгон. Бирок ал кишинин кыздары бар деп коюшчу. Ошол кыздары тизет деп. Ошого адам ишенет, себеби ал киши кичине киши, ал ташты көтөрө албайт. Беш алты киши дагы көтөрө албайт андай ташты. Азыркы күндө ал киши өзү жок, бирок, ал тизген каламалар бар. Жакында эле көзү өткөн киши. Каламалары азыр да турат.

Ыйык адамдардан бакшылардын бирин көрүп калдым. Кечээ жакында Кытайда да талма оорусу деп видеого тартыптыр, мен дагы ошондой бакшыны көргөм. Адамдын психологиялык оорусун дарылаган. Психикасы бузулган адамды азыр медицина илими да дарылай албайт. Медицина илими дарылай албаган дартты мына ушул кыргыздын бир бакшысы дарылаганын мен көргөм. Таң бергем, баа бергем. Ал бакшы өзү аксакал киши, тагам болуп кетет. Акыркы сеанстарын көрүп калдым. Үй-бүлөлүү адамдар бар экен, балалуу боло алышпаптыр, балдары бат эл чарчап калып жатыптыр. Ошону окутканы келген экен. Жинин бууп, өлтүрүп сал деген неме менен келишкен да. Анан дагы бир абышка такыр баса албай келди. Ошону жөлөп-таяп алып келишти. Кечээги Кытайдагы видеотасмада турат. Түндүктөн чыгып алып түшкөн экен. Ал биздин Асамидин деген бакшы дагы, түндүккө чыгып түшүп, керегенин башы менен чуркаган экен. Мен буларды уккам, бирок көргөн эмесмин.

Баягы баса албай жаткан абышканы, жөлөп таяп, Асамидиндин мандайына отургузушту. Бир чыныга суу куюп, суунун ичине шакек салып, анын жанына бир бычак, камчы коюп туруп чыныдагы сууга дуба окуй баштады. Күлкүлүү болот экен, күлүп жиберет экенсиң. Көрсө дуба окуганда жин кире  качат экен да. Анан шайтан күлдүрөт экен. Анан күлгөндө ошол киши отурган боюнча бир секирип, мен жакка карап отуруп калды.  Анан эки адам эки жагынан жөлөп алып келген 70-80ге келип калган абышка камчы менен урса да сезбей отурду. Бир маалда бир аз отургандан кийин баягы жөлөп таятып келген киши чуркады. Кадимкидей камчы менен жинди, шайтанды кубалап чуркап жүрөт. Анан мени таң калтырганы, ошол кишинин жакасынан тиштеп, бир нерсени алып келип сууга салды. Суунун ичинен баягы шакектин көзүнөн өткөрөт экен да. Өткөргөнү билинбейт экен, бирок  ак материалга алып келип түкүргөндө кызыл бир нерсе түштү. Анан ал кызыл нерсени сайганда куртка окшошуп секирет. Аны куртпу дейин десең, бычак менен баягыны сайганда, манжага окшоп, бешке жазылып кетет. Мен ошону көргөндө таң калдым. Дагы бычак менен сайганда ал курт болуп калат.  Улам бычак менен сайган сайын секирип качат. Анан эптеп бычакка дааналап туруп сайганда кайра манжага окшоп жазылып кетет. Анан ошону бакшы тиштеп барып туруп отко түкүрө салды.  Чыныдагы сууну дароо төк дейт экен, баягы чыныдагы суу кыпкызыл кан болуп калыптыр. Дагы баягы кишини кубалап, жакасынан тиштеп алып чыгып туруп, дагы шакектин көзүнөн өткөрүп, ак материалга дагы түкүрдү. Ошентип эки жолу кайталады. Мурун жаш кезинде мындайдан сегизди алчу экен. Картайып калган үчүн экини алды. Үч күн окуду. Окуп бүткөндөн кийин байкуш аксакал аябай чылпылдаган суу болуп тердеп калат экен. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Азыр Мургаб районунда андай адам жок.