Сажида: Көзү өткөн кайын атам жүк берип ийиптир

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Сажида, 66 жашта, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад аймагы

Мен турмушка чыгып, Таш-Көмүрдө жашаганыма 40 жылдан өтүп калды. Кудай таалам ушул Нарын дайрасынын суусун буюрган экен, ушул жерде орун-очок алып, бала-чакалуу болуп, неберелүү-чөбөрөлүү болуп отурам. Убакыт деген учкан куштай тез өтөт экен, өзүмдүн дагы кантип 60 тан ашып калганымды сезбей калдым. Кудайга шүгүр, ушуга дагы ыраазыбыз.

Бул жерде ыйык жерлер көп, байлыгы да көп. Мен көбүнчө мына ушул өзүбүздүн шаардын чөлкөмүндө жайгашкан ыйык жерлерге барып сыйынып келип жүрөм. Мага көрүнгөнү келген элдерди дагы ошол өзүм барган жерлерге сыйындырып, чогуу тилек тилеп, кудай тааладан суранып келебиз. Мына ушул өзүбүздүн кичи райондо Каз-Булак деген ыйык жер бар. Анын берки желкесинде Шор-Булак деген ыйык булак бар. Ал эми Нарындын ары жак бетинде Пайыз-Булак деген ыйык булак бар. Мындан ары Таш-Көмүрдөн Тегенени көздөй кеткен жолдо Ак-Моло деген аябай ыйык чоң таш бар. Мына мен өзүм көбүнчө Каз-Булакка барып жүрөм. Каз-Булакка мен көбүнчө төрөбөй жүргөн адамдарды же балдары токтобой жүргөндөрдү алып барып келем.

Ал жер асканын түбүнөн эле жылжып аккан эки жанаша булак. Жанында жалгыз түп тамырлары каздын таманын элестетип чыккан мисте бар. Ошол мистеге сыйынып баргандар тилеген тилектерим кабыл болсун деп чүпүрөк байлашат. Андан сырткары ал жерге баргандар колунан келген, тапкан нерсесин алып барып, ошол жердин олуяларына арнап куран окуп, шам тигишет. Үйлөрүнөн ошол Каз-Булактын олуяларына атап эчки союп же тоок союп, этин көтөрүп алып, дасторкон-табактарды жасап барып сыйынып кайтышат. Ал жерге дагы ак таштан бирди алып булактын көзүнө коюп кетишет. Анткенинин себеби, ушул ак таштай аппак болгон наристе бере көр деп кудайдан тиленгендикти билдирет. Ал булак боордо жайгашкандыктан, ал жерде атайын отурганга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болбогондуктан, булактын жанында цементтен куюлган төрт бурчтук ташты коюп коюшкан. Элдер ошол таштын үстүнө отуруп, ырым-жырымдарын жасашып, тилектерин тилеп сыйынып кете беришет.

Биз ал жакка көбүнчө эртең менен эрте салкында, булакка мал-кел түшө электе барып келгенге аракет кылабыз. Ошон үчүн жайында эртең менен таң атып, ата электе эле, жерге эми жарык түшкөндө эле барып калабыз. Ал жер айылдын эле чети. Анан ошондо, эртен менен эрте барганда кез-кезде мен ал жерден аппак казды ээрчиткен келинди көрөм. Бирок ал мени менен баргандардын көзүнө көрүнбөйт экен. Аларга каздын гана какылдаган үнү угулат. Эми ушулардын баарын айтып отурса, бул дагы өзүнчө сыр да.

Анан мен мойнума алганга чейин дагы ар кандай сырлар көрүнүп, түшүмдө аяндар берилчү. Мунун бардыгын айтып берсем, бул 3-4 күндүк жомокко айланат. Ошолордун бирөөсүн айтып берейин. Жашымда курч болгон экем, канча сыр берсе деле мойнума албай жүрө бериптирмин. Бир күнү башым ооруганынан бир аз жатайынчы деп жаткам. Жатсам эле бир маалда чагылган чарт дегендей болду дагы, оң жак жаагым ысып чыкты. Мен чочуп кетип, жамгыр жаап жибердиби деп терезени карасам, күн ачык эле турат. Ошондон кийин башымды такыр өйдө көтөрө албай койдум. Анан атамдар келип бир молдого алып барып окутушкандан кийин башым жакшы болуп, көтөрүлүп калды. Ошентип, арадан бир аз убакыт дагы өтүп кетти. Бир күнү түштө эле баламды эмизип отурсам эшик ачылып эле, түлкүнүн терисинен жака таккан бир узун киши шап этип эле кирип келди. Мен аны көрө калып эле, бул ким болуп кетти деп таң калган боюнча отуруп калдым. Анан ал мени карап: «Өткөн жолу чагылган болуп жаагыңа деле чаптым. Эмне такыр кыргызчылыкты мойнуңа албайсың? Эми мына минтип өзүм келип отурам. Мени карачы, мойнуңа аласыңбы?» – деп сурады эле, мен: «Жок, ала албайм», – деп айттым. Мен жок дегенден кийин ал киши унчукпастан мен жакка басып келип баламдын башынан сылап коюп чыгып кетти. Анан ал кеткенден кийин оюма ар нерселер келип, аябай корктум. Ал киши жанымда турганда коркуу сезимин деле унутуп койгон экем. Анан аны деле эч кимге айткан жокмун. Ошентип кыжаалат болуп эми эмне болоор экен деп ойлонуп жүрүп, ал күнү дагы кеч кирди. Балам жакшынакай эле боюнча жаткан, эртең менен турсам болбой калыптыр.

Анан бир күнү дагы бир мындай сыр болду. Жайдын күнү. Чак түш. Үйдө бала-чака баары уктап жаткан. Анан бир маалда эле гүрүлдөп келип үйдүн жанына машина токтогондой болду. Ким экен деп чыксам, бир чоң машина турат. Андан эки адам түштү дагы: «Кайын атаңар жүк берип жиберди эле, түшүрүп калгылачы», -деп айтышты. А мен таң калып эле: «Кайын атам өтүп кеткен эле», -деп ичимден ойлоп койдум дагы, машинаны карасам үстүндө каптарга салынган бир нерселер турат. Анан алар жүктү эшиктин алдына түшүрүп коюп кетип калышты. Анан мен дагы үйгө кирдим. Карасам. балдар бардыгы эле уктап жатышыптыр. Баягыдан кийин коркуп калдым эле. Анан «бул дагы кандай сыр болуп кетти, дагы эмне болоор экен» – деп ойлонуп калдым. Анан кайра эшикке чыгып «бул эмне жүк болду экен же жаңылып таштап кетиштиби?» – деп карасам, баягы жүк жыйылган жерде эч нерсе жок.

Ошондон кийин «Кой, колумдан келишинче элдерди көрүп, кыргызчылыкты моюнума алайын» – деп, кыргызчылыкка моюн сунуп, элдерди көрүп соопчулукка иштеп жүрөм. Мага ар кандай оору менен келишет. Мен өзүм тамыр кармайм, тамыр кармап, оорулардын диагнозун коюп берем, диагнозун койгондон кийин «Сөзсүз мага кел. Мен дарылайм» – дебейм. «Кааласаңар врачка баргыла, кааласанар мага келгиле» – деп, өз каалоолоруна коем. Менин колумда биоток дагы бар. Андан сырткары, мен чыккан жерлерди салып, сынган жерлерди бүтөймүн. Кудай таалам мага ушундай касиетти бергенден кийин, аны элдин соопчулук ишине пайдаланбасаң өзүң кыйналып калат экенсиң. Мен канча жылдар бою мойнума албай, жаштык кылып, канча аян берсе деле көгөрүп жүрө бердим. Жаштыгымда курч болгон экем да, коркконду да билбептирмин. Анын үстүнө мен жаш дагы болгонмун да. Анда мен: «Мен өзүм жаш болсом же медициналык билимим болбосо, мен кантип эл карамак элем?» – деп, өзүмчө кыйналып, ойлонуп эле жүрө берчү элем. Бул мага көрсөтүлгөн сырларды, берилген аяндарды эч кимге айтчу эмес элем. Себеби, «элдер ишенбейт да» – деп ойлочу элем. Анан дагы «Бул Сажида акылынан адашып кетип жатканбы» – деп айтышабы дечүмүн. Ушул мен көргөн сырларды башка адам эмес, өзүмдүн ата-энеме, жадагалса, күйөөмө айтчу эмесмин.

Азыр биринчи жолу адам көргөнүм эсиме түштү. Анда менин ошол улуу балам төрөлгөндөн кийин эле. Үйгө бир бала колун чыгарып алып келип калыптыр. Мен кантип адам көрүштү деле билчү эмес элем, атайын устаттардан деле бата алып, көхүмдү ачтырган эмесмин. Анан тигил бала келгенде эмне кылаарымды билбей турсам, кулагыма жанымдан эле бирөө: «Баланын колун кармала», – деп айтты. Бул сөз кулагыма дапдайын угулду да, жанымда эч ким деле жок. Колдоочу адамдар мага мурда деле келип жүрчү да, кадимкидей көзүмө көрүнүп, кадимкидей эле сүйлөшүп кетишчү. Анан ал айткандан кийин мен баланын колун кармадым, ошентип турсам, андан ары эмне кылышты билбейм да, ангыча менин колумду бирөө кармады дагы тартып жиберди, ошол убакта тигил баланын колунун кырс дегенин уктум. Андан кийин: «Болду, колуң ордуна түштү. Бир айга чейин оор нерсе көтөрбөй жур, дагы бир-эки күндөн кийин келип кет. Азыр баргандан кийин шишиги таркап калат, ооруганы да басылат», – деп кантип айтканымды өзүм сезбей калдым дагы, жөнөтүп жибердим. Мына ошентип биринчи жолу баланын чыгарып алган колун салганым эсимде.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>