Мамакеев Шерден: Кыргызчылык биздин ата-бабабызда болгон экен

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Мамакеев Шерден, 46 жашта, Кара-Көл шаары, Жалал-Абад аймагы

Азыр жумуш тартыш болгондуктан, жумушсуз калдым. Дипломуң болбосо азыркы заманда иш табыш дагы кыйын болуп калды. Жумушсуз калгандан кийин бир аз жандык алып жайлоого чыгып кеткем. Азыр эч жерде иштебейм, ошол мал менен алекмин. Курсагыбызды тойгуздурган дагы, кийиндирген, ичиндирген дагы- ошол мал.

Биздин Кара-Көлдө мен билгенден Кайынды деген ыйык жер бар. Бул жерге элдер сыйынып барып, куран окуп, мал союп, шам тигип келишет. Анан жаш балдардын чачтарын дагы ошол жерге барып алдырышат. Анткенинин себеби, ошол ыйык жердин олуялары колдоп жүрсүн деген ойдо болушат. Андан сырткары жанагы бүбү-бакшы дегендер ошол жакка барып сыйынып, түнөп келишет. Ал жерде казан-табак коюш үчүн атайын кепе да куруп коюшкан. Ошо кепенин ичине кирип, куран окуп чыгышат. Союлган малдын канын ошол жердеги булактын көзүнө тамызышат. Андан сырткары булактын көзүнө тыйын-тыпырларды да ташташат. Бирок ал ташталган тыйындарды эч ким албайт. Аны алса тилеги кабыл болбой калат деген ишенич бар. Тыйындардан сырткары өзүнүн көңүлүнө жаккан жакшы буюмдарды дагы «тилегим кабыл болсун» деп таштап кетишет. Биз барганда дагы булактын көзүнө тыйын таштаганбыз. Анан баягы балдарыбыз жаш да, тыйындарды көрүп, алып алышыптыр. «Биз тыйын таап алдык», – деп тим эле кудундап сүйүнүп алышыптыр. Анан биз аларга: «Бул тыйындарды алганга болбойт. Кайра алып барып ордуна салып койгула», – деп түшүндүрдүк. Бул жер аябай кооз жер. Бул жерде арча, кара-жыгач, жапайы алча, жапайы алма дегендер толтура өсөт. Анан ал жерде кайыңдар көп. Ошол себептен бул жер Кайынды деп аталып калган болуш керек. Биздин Кара-Көлдүн башка жеринде кайың көп өсө бербейт, чанда гана кездешет. Булак болсо жылгадан агат. Булактын үстү жагы камыш. Түп жагында түркүн токойлор бар.

Мен ал жерге баламды алып барган элем. Баламдын чачын ошол жактан алдыргыла дегенинен, эжемдин баласын дагы кошуп алып, экоонун тең чачын ошол жактан алдырып келгенбиз. Биздин үйдөн ал жакка менден улуу эжем бат-бат барып турат. Себеби, ал эжемдин бүбүчүлүк жолу бар. «Атына заты жарашат», -дегендей, эжемдин аты Курманжан да, анан ошол атактуу Курманжан датканын бир касиеттери бар окшойт деп ойлойм ал эжемде.

Эжем ал жакка башка элдерди алып барат. Өзүнө көрүнгөнү келген элдерди Кайыңдыга алып барып түнөтүп келет. Тапкан-ташыгандарын алып барып, ошол жерге куран окушуп, сыйынып, ар кандай жол-жоболорун жасашып, түнөп кайтышат. Азыр ал эжем 60тан ашып калган. 5 маал намаз окуйт. Ошентип бала-чака жоюп, киренелеп жүргөнүнө 10 жылдан ашып калды. Ошол айылда бала-чаканын табы айный калса, ооруканага алып барбай эле, түз эжеме көтөрүп келип калышат. Элдер эжемдин эми жакшы тийет деп айтышат.

Кыргызчылык биздин ата-бабабызда болгон экен. Мына ошолордон эжеме өтүптүр. Эжем майда бала-чаканы жоюп жүрөт. Бирок чон адамдарды дарылай элек. Себеби, азыр күчүнө кире элек. Менин баламды мазарга алып барганга дагы эжем себепкер болгон. «Кантсе дагы тун балаң, ошон үчүн баландын чачын мазарга алып барып алдырсан, баландын дени-карды соо болуп, оорубай, жакшы адам болуп чоңоет. Биздин урукта кыргызчылык бар. Ошон үчүн биз кыргызчылыкты кармап жүрүшүбүз керек. Андай кыргызчылыктын пайдасы ушул бала-чакага дагы тийет», – деп айтканы эсимде.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>