Ток-Болот

Ой-Тал айыл өкмөтү

Ой-Тал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Жанында кабыр бар. Ал кабыр кимдики экени белгисиз, биздин чоң аталарыбыз деле ал кабырдын кимдики экенин билген эмес болуш керек. Кабыр негизи булактын кыбыла тарабында таштан тизилип жасалган. Анын ичине зыяратчылар кирип жүрө беришет.

Аталган ыйык жер Ой-Тал айылынан түштүк-батышты карай 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ыйык жердин өзүнө чейин машина каттабайт, эл ат менен барат. Бул жерге бала тилеп барышат, денесиндеги жара-жураны айыктырыш үчүн, кыскасы, Алладан эмне тилесе, бара беришет. Булак суусу дарылыкка ээ, андан тышкары жээгиндеги ылайы жараны кетирүүгө жардам берет. Бул – чыныгы мазар, ага эл себепсиз, жөн-жай бара бербейт (Ибраимов Сайпидин, Ой-Тал айыл өкмөтүнүн кызматкери).