Тогуз-Булак

Кашка-Жол айыл өкмөтү

Тоготой айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Тоготой айылынан 2-3 чакырым алыс, күн батыш тарапта бири-биринен аралыгы 20-30 метр алыс болгон мазар булактар жайгашкан. Алардын суусу таза, тунук, кышкысын жылуу, жайкысын мупмуздак. Анын “торфяной, болотистый грязын” Бишкектен келип Мамакеев клиникасына алып кетишет. Союз таркаардын алдында медицина илимдеринин кандидаты Тыныбек деген жигит ошол жерге саноторий ачам деп, ал ой кийин тымып калды. Азыркы учурда Кара-Кочкордогу санаторийде лечебный грязь катары ушул жердин баткагы пайдаланылат.

Булактардын жогорку, күн чыгыш тарабында айдоо, үлүш жерлер орун алган. Батыш тарабында Кара-Дарыя агып өтөт. Булактардын бири жараны айыктырыш үчүн, калгандары дагы ушул сыяктуу ар кандай ооруларга пайдаланылат, булактардын касиеттерди ар башка (Туратов Марат, Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы).