Үч-Көл

Буйга айылы

Кашка-Суу кыштагы

Кароолчусу жок.

Бул жерде үч көл болгон, экөө соолуп калып, азыр бир чоң көл бар. Ал көл башка көлдөрдөн айырмаланып, жердин астынан чыгып, көкмөк болуп мелтиреп турат. Бул көлдүн түбү жок деп да айтылат. Көлдүн айланасында талдар бар, ал жерден агып чыккан суу жанында аккан дайрага кошулат. Бул көл жайы-кышы менен муздак, көкмөк бойдон турат. Ал эми кышында үстү муз болуп тоңбойт. Бул көлдүн эки жагынан эки ача болуп суу агат. Бул жерге жаз-жай мезгилдеринде адамдар батпай кетишет. Көбүнчө нары-бери өтүп бара жаткан жолоочулар көп барышат. Ал жерге баргандан кийин, ошол көлдүн айланасына олтуруп, куран окушат. Үч-Көлгө жакын Котур-Булак деген булак жайгашкан. Ал булакка, мисалы, бети кубак болуп, же туурулуп кеткенде жана денеге чыккан жараларды айыктырганга чоң таасири бар. Үч-Көлдүн айланасын тоолор курчаган жана ага жакын жерлерде жайгашкан жайлоолор бар.

Буйга айылынын кулуну Мамасалиев Рысменденин баяны: Бул жерде биз Үч-Көлгө жакын болгон жайлоолордун бирине чыкчубуз. Бир күнү апам, таятам, тагаларым болуп Үч-Көлгө келип, куран окуп, дасторкон жайып отурганбыз. Бир маалда мен көлгө жакын барсам, көлдүн ичинде атка чегилген арабалуу оюнчук атты көрүп, аны алып бергиле дедим. Антип айтсам, дасторкондо отурган таятам, тагаларым, апам чуркап келип, менден эмне болгонун сурашты. Мен көргөнүмдү айтсам, “каерде турат, кана ат оюнчук?” дешип, баары коркуп калышты. Ошондо таятам аста басып барып, мен оюнчукту көргөн жерди карап, чындап эле үч атка чегилген арабаны көргөндүгүн айтты. Ошондо кайра дасторконго барып отуруп, куран окуганбыз. Бул окуя мен беш-алты жашта экенде болгон. Ошондон кийин апам коркуп, мени көлгө түшүп кетпесин деп, жайлоону таажеңелериме таштап, баса бергенбиз.

Бул окуядан кийин ал жерге барганда куран окуп, көлдөгү балыктарды көрүп көңүлүм ачылып, жайлоого чыгып кетем (Мамасалиев Рысменде).

 

Оозеки тарыхы:

 

Илгери-илгери өткөн заманда колунда жок кедей бир адам ушул жерде үй-бүлөсү менен жашап жаткан болот. Бир күнү баласы, атасы, энеси тамак издеп, башка жакка кетип калат. Ошол кишинин бойго жеткен үч кызы болот, алар ошол жерде жашап жүрүп, ачкалыктан эң кичинеси жана ортончусу өлүп калат. Эң чоңу ачка болсо да үч күн жашайт. Үч күндөн кийин ал кыз да өлөт. Үч кыз үч жерде кала берет, убакыт өткөн сайын үч көл пайда болот. Кийин эки көл соолуп, сазга айланат. Бир көл соолубай калат. Бул эң чоң кызынын мүрзөсүнөн чыккан суу. Бирок мунун тереңдиги белгисиз. Суусу жайы-кышы жапжашыл, муздак, колу-бутуңду какшатып турат. Ал жерге адамдар талдарды өстүрүп коюшкан. Азыркы учурда ошол айылдын көпчүлүк кары адамдары жакшы ниет менен барышат. Кан чыгарып, кой союп, же жети куймак бышырышып жеп, талдарга ак сурп (чүпүрөк) байлап кетишет. Ниетибиз таза, оору-сыркоодон алыс бололу дешет (Манап кызы Элиза).