Калчаева Айна: Меники – дубаначылык

Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Калчаева Айна, 1951-жылы төрөлгөн, Ысык-Көл аймагы

Бисмиллаахир рахманиир рахим.

Менде бул касиет бала чагымда эле бар окшойт, себеби беш-алты жашымдан туруп-туруп эле тоого, ар кайсы жерге коркпой түнөп келчүмүн. Үйдөгүлөр урса деле болчу эмесмин жана коркчу эмесмин. «Калчанын жинди кызы» дешчү. Үйдөгүлөр да жаман көрүп, мурдумду каната, кычкач ийилгиче сабашчу. Ооручумун, кийин чоңойгондо, Фрунзеге барып, башым ооруурун айтып, догдурларга көрүнсөм, «менингит артрит» деген илдет деп, менден кан алып, текшерип көрүшсө, таза болуп чыкты. Күнгө чыдай алчу эмесмин. Кандай кол саат тагынсам, мейли дүкөндүн өзүнөн тагынып көрсөм дагы, токтоп калчу. Мен таң калчумун, бирдеме айтсам, ошол туура чыкчу. Бирөөнө: «Сенин бүгүн ичиң өтөт», – деп тамашалап койсом, эртеси келип, таң аткыча ооругандыгын айтып, ал киши жандырып берүүмдү өтүнчү. Мага келген адамдар жаман ой менен келсе, көзүмө бир киши көрүнүп, «Кетир!», – деп айтчу. Мен айта албай кыжаалат болчумун.

1990-жылы кошунабыздын кызы жин оору менен ооруп калды. Хайриса деген көзү ачык бар эле, «Күн чыгыш» кичи районунда жашап, өзү университетте мугалим болчу. Ага жанагы кызды кармашып алып барсам, экөөбүз тең чыңалып, кыпкызыл болуп чыктык. «Сиз чыга туруңуз, үйүңүздү тазалап берейин, биз менен киши көрүңүз», – деди эле, мен болгон жокмун. Үйгө келсем, бир өрөөнүм кыймылдабай калды. Жумгалдагы Кочкон молдо суу окуп берип, ошону менен жакшы болуп, үч жыл ооруганым жок. Кайра ооруп барсам, ал адам каза болгон экен. Бутум баспай, ооруканага жатып, неврология бөлүмүнөн балдак менен чыктым. Көзүмө көрүнгөн колдоочум: «Суу ылдый бар. Сагын деген бала күтүп жатат», – дегенинен, айтканындай бассам, чындап эле күтүп жатыптыр. Ал бир окуганда эле мен басып кеттим. Бирок элден уялып, «актык албайм» деп болгон жокмун. Үйүмдү таштап, башка үйгө көчтүм. Ал үйдөн андан бетер көрүнүп, өзүм эле тургай, кошо жашагандар дагы коркушту.

Күйөөм да, уул-келиним да, сиңдим да мени менен жашагысы келген жок. Мен жалгыз жашадым, көзү ачыкмын дегендерге көп бардым, баары эле артымда кишилеримдин тураарын айтышчу. Үйүмдөн бирдеме уурдалса, касиеттер «тигил алды», «бул жерде» деп айтып берчү, таап келсем, «өзүң катып коюп эле алып келдиң да», – деп ишенишчү эмес. «Күн чыгыш» айыл өкмөтү жакта жашаган Айгүл деген көзү ачыкка бардым. Анын мечитинде сеанста отуруп, өзүмдүн колдоочуларым менен болуп, алар күлсө, мен ыза болчумун. «Сен жалгыз жашайсың, азгырык дегендер тоого, мүрзөгө азгырып отурат», – дегендер да болду. Мен коркчумун. Айгүлдүн устаты Айбүбүгө, Нурбү апага, мени туура жолго салгандыктары үчүн чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мен азыр колдоочуларым менен коркпой эле сүйлөшөм.

Менин көзүмө бирдемелер көрүнө берет. Мисалы, бир жолу Чеч-Дөбө мазарына жалаң көзү ачыктар менен бара жатсак, машинени жандап, узун азиз учуп баратты. Жанымда катар отуруп бараткан Абакирге бул тууралуу айтсам, «Сени азыткы азгырып калыптыр. Жалгыз болсоң, сени тоо, мүрзө аралатат. Зындандык Элчибектей болосуң», – деп оозун жыйгыча, азиз машинанын маңдайынан сүзө качырып, тарс урунду. Машинанын дөңгөлөгү жарылып, биз токтоп барып, мен айткан азизди издешти, өлүгү табылган жок. Мен издеген жокмун, анткени ал көрүнгөн касиеттүү күч андан кийин Ат-Башынын кире беришинен көк жал болуп коштоду. «Шакен, сен көрдүңбү?», – деп жанымда отургандан сурасам, ал дагы «жок» деди. Көк жал баарынын көзүнө көрүнүп, машинанын алдынан чуркап өттү, бирок, отургандар аны чабандын ити деп, тим болушту. Торпоктой көк жал – менин гана колдоочум, муну өзүм гана билем.

Биз Чеч-Дөбөгө барып, булакка зыярат кылып жатсак, дүбүрттөр угулуп, ызы-чуу болуп, маңдайдан чыккан курал-жаракчан киши: «Мен Алмамбет атаңмын. Сен эшикке жат», – деп айтып кетти. Мен коркуп, эшикке жаткан жокмун. Эртеси туруп алып, кечээги Алмамбет ата келген жакка жөнөдүм. Артымда кыргызчылыгы бар төрт келин келе жаткан. Алмамбет ата тосуп алып, зоока менен жол баштап жөнөдү. Бир маалда токтоп: «Артыңдагы Айгүлдүн кийими булганып, суу болуптур, кайра кайтсын», – деди. Айтсам, чын эле бир сыйра кийим менен келип, кийиминин ылайыгы жок экенин айтып, ал келин макул болду. Аны менен кошо эки келин башка жолго түшүп, биз Гүлнур деген келин экөөбүз Алмамбет атаны ээрчип жөнөдүк. «Адашпагыла, аркы дөңсөөдөгү эмес, мына, менин жайым бул», – деп, Алмамбет ата суу жактагы урчук кызыл зоону көрсөттү. Биз куран окуп, кечирим сурап, тигилер суу болгонун айтып суранып, анан кеттик…

Мен негизинен оорулууларды үйдөн эмес, кыдырып көрөм. Айылдан айылга түшүп, кайсы үйдө оорукчандар болсо, өзүм барып көрүп, дартына даба тапканга аракет кылам. Менин бир таякем чоң дубана болгон. Ал киши өлөөрүндө аса таягын мага мураска калтырган. Мен бардык эле учурда ал таякты жанымда алып жүрбөгөнүм менен, керек учурда пайдасы көп тийет жана өзүмдүн дарыгерлигимди көбүнесе дубаначылык деп мүнөздөйм.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>