Мазар

Кашка-Суу айыл өкмөтү

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Кашка-Суу айылынан 5 чакырым түндүк тарапта жайгашкан. Тилекмат деген, мындан эки кылым мурда жашаган билимдүү эшен киши ошол жерде каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлгандыгын айтышат. Жанына эл зыяраткана салып койгон. Келген зыяратчылар ал жерге дасторкон жайып, жанындагы кемегеге ашын бышырып, бата кылышат (Батыркулов Акмат, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы).