Алтын-Мазар

Чоң-Алай айыл өкмөтү

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер райондун борборунан  түштүк тарапты карай 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ыйык жердин түрү – күмбөз. Ал түштүк тарабынан Тажик Республикасы менен чектешет. Башка мамлекеттерден экскурсоводдор келип турушат, аңчылык кылышат. Ал аймак негизинен интераңчылыкка ыңгайлашкан. Быйыл Германиядан кишилер келип кетишти.

Ал эми жогорку күмбөзгө ким коюлган, ал ким болгон деген сыяктуу маалыматтарыбыз жок. Эл зыяратка барып турат (Жапаров Жумадыл, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы).