Эшен-Ата

Чоң-Алай айыл өкмөтү

Ынтымак айылы

Кароолчусу – Саткын апа, 80 жашта.

Бул ыйык жер Дароот-Коргон айылынан түштүк тарапты карай 15-20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мазарга көпүрө аркылуу өтүп барууга болот. Жанында мүрзө жана жанында жашаган 25-30 түтүндүк чакан айыл – Ынтымак курулган. Жергиликтүү эл, андан тышкары тыштан дагы адамдар келишет. Ал жерде молдо-кожонун кабыры, зыяраткана үйү бар. Ал жерди дагы даанараак элестетсек, жогорто, 50 метр бийиктикте булак, андан ылдыйда кабыр, андан бери 150-200 метр жерде Ынтымак айылы бар.

Бул мазарга бала тилегендер, ден соолук сурагандар жана башка жакшылыктар үчүн келишет. Эл жайы-кышы менен каттай беришет, бирок жайкысын жол катаалыраак.

Мурда бул жердин шайыгы Токур деген адам болгон. Келген элге куран түшуруп берип, мазардын шартын түшүндүрүп, иш жүргүзгөн. Ал мындан 5 жыл мурда 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, азыркы учурда анын кемпири Саткын апа шайыктык кылат.  (Жапаров Жумадыл, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы).