Таш мазар азиз

Бүлөлү айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Алай районунун Бүлөлү айылында жайгашкан. Бийик зоонун (тоо) түбүндө жайгашкан үңкүр. Үңкүр таштан турат. Таш үңкүрдөн тамчылап аккан суу үңкүрдүн ичиндеги чуңкурчага түшөт, башкача айтканда, ал чуңкурчанын өзү тамчыдан улам пайда болгон. Кыскартып айтканда, ыйык жердин түрү – жолдон, дарыядан өткөндөгү тоонун боорундагы үңкүрдөгү таштан тамчылап аккан суу жана анын жанындагы жалпак таш.

Мазардын ээси теги сүйгөн, өзүнө жаккан адамдарга ак тайлак, төө, кээде адам болуп кубулуп көрүнөт.

Мазарга балалуу болбогондор, оорукчан адамдар келип сыйынышат. Алар куран окушуп, жети нан жасап келишип, кээде мазардын өзүндө курмандык чалышат. Мазардын жанында таштан жасалган очок, суу, отун (суунун жээгиндеги агындылар) даяр экен. Курмандык чалынып союлган малдын этин өздөрү (зыяратчылар) жеп, жолдон өткөн адамдарга берет. Чуңкурчадагы сууну оорукчандар, балалуу болбогондор ичип, жарага шыбап шыпаа табышат.

Бала тилеп келгендер сууга колун салса, тыйын, кандайдыр бир таш чыкса, анда алар балалуу болгондо, ошол нерселерди тумар кылып, тагып коюшат экен. Бели ооругандар сандыкка окшогон жалпак таштан сыйгаланып түшөт (Мусакова Мария, 83 жашта, Бүлөлү айылынын тургуну).