Тамчы (Кожон-Шайык)

Сопу-Коргон айылы

Сөгөт аянты

Бул ыйык жер Алай районунун Сопу-Коргон айылынын Сөгөт аянтында, айылдын кире беришинде, жолдун боюнда жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – талы менен кошо булак. Тал менен кайың бир өскөн. Булактан дайыма ылдый көздөй ысык суу тамчылап турат. Куз болуп келатканда ал тамчы муз болуп тоңот. Жазында тамчынын эрип бараткан музу аркылуу эл жаздын кеч-эрте келээрин, аба-ырайынын кандай болоорун билет. 1990-жылдарга чейин ал жерде Халип татар деген киши булакты тазалап, мазарга көз салган, кийин өлгөн. 1990-жылдардан бери Кожон шайык шайыктык кылат, бүгүнкү күндө бул киши 80ге чыгып калды.

Тамчы мазарына жаңы үйлөнүп, баш кошкондор барышып, тилектерин айтат. Денесине бирдеме чыккандар барып жараатын жууйт.

Анча-мынча көзү ачыктар мазардын ээсин көрүшөт. Биздикилер ээси төө дешет. Мен 1975-жылы чалды көргөм. Көзү ачык катары азыр деле керек учурда ээсин көрсөк болот (Чотурова Марипат, 1955-жылы туулган, элдик дарыгер, Сопу-Коргон айылынын тургуну).