Сөгөт (Табылды-Булак)

Сопу-Коргон айылы

Сөгөт аянты

Бул ыйык жер Алай районунун Сопу-Коргон айылынын Сөгөт аянтында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – дарактары менен кошо булак. Жанында өскөн арчасы көп. Арчасын көлөкө кылып жатып, барган зыяратчылар булактын суусун ичишет.

Бул ыйык жер илгери Табылды-Булак мазары деп дагы аталган. Элдик айтымдарга таянсак, кадимки Эр Табылды баатыр жоодон кайтып келатып ушул булакка жуунганда, жарааттары айыккан экен. Тегерегине чеп-коргон курган экен. Азыр ошол коргондун урандылары бар.

Жергиликтүү бир адам 1970-жылдары ошол мазардын арчасынан соку жасайм деп кыйып кетип, сокусун жасап бүтүп өлгөн экен. Корккон үй-бүлөсүндөгүлөр сокуну кайра келген жерине апарып илип, бүгүнкү күнү да мазарда ошол соку илинген бойдон турат (Чотурова Марипат, 1955-жылы туулган, элдик дарыгер, Сопу-Коргон айылынын тургуну).