Таш-Булак

Мурдаш айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Алай районунун Мурдаш айылына киргенде, айылдын борбордук бөлүгүнүн сол тарабында, суунун аркы өйүзүндө, борбордук жолдон болжол менен 500 метралыстыкта жайгашкан. Ош-Гүлчө жолу 80 чакырым болсо, Гүлчө-Мурдаш жолу болжол менен 25 чакырым, ал эми айылдын баш-аягы 7 чакырымды түзөт. Ал жерде башка таштардан обочолонгон кичинекей аска сыяктуу таштар бар. Анын түп жагынан жерден оргуп булак чыгат. Булак кышында тоңбойт жана кээ бир жараларды жууганда, кетирет. Эл жыл сайын ушул жерде жыл ажыратышат. Мурда бадалдарга чүпүрөк байланса, азыр бул ырымга анча маани берилбейт.

Мазардын түрү – чоң таштар, булак, талдар менен бадалдар (Азизилла уулу Исламбектин маалыматы).