Бой-Булак

Корул айыл өкмөтү

Тогуз-Булак айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тогуз-Булак айылынын ортосунда жайгашкан. Ал жерде бир түп терек жана таш бар. Таштын боорунан суу чыгып турат. Эл ошол сууга келип зыярат кылышып, жара-параларын, сакайбаган илдеттерин жууса, айыгат. Көбүнесе жаш балдарды алып келишет. Токочун көтөрүп алышып, зыяратка келишет. Айыл ичиндегилер гана эмес, бүтүндөй райондогулар келишет (Жороев Авазбек, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы).