Шаркыратма

Жошолу айыл өкмөтү

Коммунизм айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылында машина өтүүчү жолдун боюнда жайгашкан. Мазардын айланасында карагандар өсөт. Мазар жолдун боюнда жайгашкандыктан, жанында аялдама бар, тактайга булакка байланыштуу “Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот” деген жазуу бар. Булактын башы жолдон анчалык деле алыс эмес, суу өтө көп акпагандыктанбы, төрт бурчтуу цемент куюп, тороп коюшкан. Цементтен тешик чыгарып, андан суу агып түшүп, сазга кошулат. Булактын боюнда бир караганга чүпүрөк байлашып, зыярат кылышат. Суу аябай муздак, тунук болуп агып турат. Атына жараша шаркырап деле суу чыкпайт, мурда көп аккандыктан, Шаркыратма деген аталышы ошол кезден калса керек (Мурзатөрө кызы Элнура).

Зыяратчы Уулкан: Бул мазар өтө ыйык, касиеттүү. Шаркыратма тууралуу аян берет. Мында жети сыр катылып турат жана бар. Ал, менимче, көзү ачыктарга аян берип, түшсө керек. Жети сыр деген булар: өмүр, өлүм, эмгек, илим, билим, дөөлөт, атак-даңк. Мен буга бир мисал айтып кетсем: Мындан канча жыл мурда апам ооруп, ооруканага жатып калыптыр. Анан мен кетип баратып, ушул Шаркыратмага токтоп, апама ден соолук тилеп, апам жактырган өрүк менен мейизди алып, даам салып, сыйынып бардым. Өрүк менен мейизди берсем, апам да берешен адам эле, жанында жаткан адамдарга берип, анан өзү да жеди. Апам менен жолугушуп, жолдо машинада келе жатып уктап калыптырмын. Түшүмдө догдур келип апамды карап: “Өтүп кетиптир, кичине калыптыр”, – деп айтып атат. Мен апамдын оорусу кичине калыптыр, баары өтүптүр деп ойлоптурмун. Апам көп өтпөй эле каза болду. Көрсө апамдын оорусу өтүшүп, жашоосу аз калган экен. Мага бул мазар жети сырдын ичинен өлүм боюнча аян берген.

Азыр да силер келээрдин алдында бир аз жата калсам, илим боюнча маалымат түшүп жаткан. Анан эле силер келип калдыңар.

Мындан тышкары аян түшөт, бирок  ушул жерлерге барып зыярат кылып коелу десем, элдер болушпайт. Анан өзүм барып, кан чыгарып, куран түшүрүп, сыйынып турам. Бул мазарга сыйынсаң бардык жагынан рухуң тазаланат. Мазардын керемети, сыйкыры күчтүү.

Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылынын тургуну Саматбек кызы Күнзада: Мазардын жанында аялдама болгондуктанбы, кандай адам болбосун, бул жерде ар кандай сөздөрдү сүйлөп отура беришет. Ошондон улам, менимче, жаштар анча сыйына беришпесе керек. Окуучу кыздар, балдар, башка жактан келгендер булактын башына барышып, ичип, кадимки булактай көрүшөт. Жаштардын мамилесинин терс таасиири тийип жатат. Мазарды булгагандарга, ага терс таасир тийгизгендерге ар нерселер, шайтан ж.б. лар көрүнөт.