Сары-Булак

Көлдүк айыл өкмөтү

Көлдүк айылы

Кароолчусу жок

Бул мазар Көлдүк айылынын тургуну Молдокасымов Сатар агайдын (белгилүү журналист Кыяз Молдокасымовдун атасынын) үйүнүн жанында жайгашкан. Мазардын түрү – булак. Ал үч таштын кошулган жеринен чыгат. Кыяздын бир тууган агасы Манас үй-бүлөсү менен атасынын үйүндө турат. Алар ошол булактын суусун ичишет. Айылдагылар ал мазарга зыяратка барып турушат. Жети токоч алып барышат, шам жагышат, бала-чака ооруп калса, ал булактын суусу менен дарылашат (Кеңешова Гүлканиса, Өзгөн районунун Соцфондунун пенсия бөлүмүнүн кызматкери).