Сасык-Булак

Кызыл-Тоо айыл өкмөтү

Кароолчусу -

Бул ыйык жер Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү алтынчы көчөнүн этегинде жайгашкан. 72 жаштагы Табылдыева Айсалкындын айтымы боюнча: “Мен 1958-жылы бул жерге келин болуп түшкөнмүн. Башында мындай нерселерге көңүл бурчу эмес элем. Жолдошум менен жашап жүрүп, жайлоого көчө турган мезгил келип, жүктү, малды жиберип ийип, жолдошум экөөбүз аркасынан ат менен жөнөдүк. Кетип бара жатканда кулагыма катуу бир үн угулуп, чыңырып жибердим. Эртеси учук чыгып, кулагым укпай, чочуй бердим. Кайненем муну угуп, булактын жанына мени алып келди. Ал жерден куран окуп, шам жактык. Андан кийин ал суу менен бети-колумду, кулактарымды жууй баштадым. Көп өтпөй уккан добушту унуттум, чочубай калдым, оозумдун тегерегине чыккан учуктар өзүнөн-өзү эле жок болуп кетти. Ошондон кийин балдарга жара чыкса, чочуп калса, алып келип зыярат кылып, суусуна жуундуруп коем. Кантсе да кайненем илгерки адам болгон да, бала-чака ооруса, ушул булакка алып келип, эмдеп, жакшы болуп кетишине түрткү болчу (Жумашбекова Гүлнардын маалыматы).