Көк тоңду-Ата

Өзгөн шаары

Салам-Алик айылы

Азыркы учурда Көк тоңду-Ата мазарын оңдоо иши жүрүп жатат. Ал ишти ошол жердин кулуну Сатыбалдиев Элмурза жүргүзүүдө. Ал мазарга кетип бараткан жолдун түбүнө, зыяратчыларды тейлөө үчүн, кичинекей үй салганы турат. Бул мазардын тегереги мрамор таш менен оңдолуп, суу чыккан жерге түтүк орнотулган. Бул нерселер толук камсыз болгондон кийин, короого алуу пландашылып жатат.

Мындан 30-40 жыл мурда бул жер киши аралай алгыс, эки адам ажырап, эки жакка кетсе, бирин-бири таба алгыс, чытырман бак эле.

Бул жер Союз учурунда эле кор боло баштаган. Чечендер, орустар келип, жердеп, бак-дарактарды кыйып, отун кылып жиберген. Аллага шүгүр, ошончолук коюу болбосо дагы, бак-дарагы бар (87 жаштагы ардагер Сагынов Акмат).

Оозеки тарыхы:

Бул жердин тарыхын айта турган болсом, илгери аравиялыктар мусулманчылыкты таркатып жүрүп, ушул жерге жетейин деп калганда уруш чыгып кетет да, мусулманчылыкты таркатып жүргөн аскер башчысына Бош-Капа деген жерде ок тийип, өлөт. Аны аскерлер ушул жерге чейин атка өңөрүп келет. Андан ары алып кетиштерине көздөрү жетпей, ушул жерге Нуркожо Козубековду коюуга мажбур болушат. Эгерде денеси былжырап кетпегенде, жерге койбой, Мекеге алып кетмек. Дагы бир нерсе, ал аскердин башчысы болуп турганда, өлгөн мусулманды өлгөн жерине коюш керек деп, аскерлерин кай жерде өлсө, ошол жерге коюп кете берген. Ошол себептен да Нуркожо атаны ушул жерге коюшса керек. Бул киши өлгөндө, үстүндө көк тону болгон экен, ошол тонунун атынан, мүрзөнүн үстүнө эки таш алып келип, араб жазуусу менен “Нуркожо Козубеков, Көк тонду-Ата” деп жазып кетишкен. Бул жазууларды бир гана молдолор окуй алчу. Көк тоңду-Атага коюлган таштарды чечендердин мүрзөсүнөн табууга болот.

Бул мазар аябагандай касиеттүү. Мен өзүмдүн башымдан өткөндү айтып берейин. Бул жарык дүйнөгө келгенден кийин оорукчан болуп, жеген-ичкеним аш болбой, ичим өтүп, күндөн-күнгө өспөстөн, кайра тескерисинче кетип, калпакка бата турган болуп калган экенмин. Апам менден үмүтүн үзүп, карабай койгон экен. Чоң энем: “Кандай болсо дагы, жаны чыгып, бул дүйнөдөн өткүчө карашыбыз керек”, – деп, этегине салып, өз үйүнө алып кетип, ар жерлерге алып барып, көрсөтөт экен. Бирок, жыйынтык чыкпай, ушул булактын шайыгына келет. Шайык: “Балаңдын өмүрү узун, күдөрүңдү үзбө. Ушул жерде күт, силерге Алла Таалам тарабынан жардам аян келет”, – дейт. Энем анын айтканын кылып, түн ичинде ошол жерде Алладан жардам сурап тиленип отуруп, көзү илинип кетет. Бир маалда чочуп ойгонсо, мени чоңдугу мышыктай болгон аппак нерсе ары өтү, бери өтүп сыйпалап жаткан экен. Ошол күндөн тартып ичим өтпөй, мына кудайга шүгүр, адам болуп, 87 жашка чыктым. Ушул жашка келгиче мазардын жанынан тек өтө албай, сөзсүз кирип, суусунан ичип, бети-колумду жууп кетем. Бул мазардын үстүндө үңкүр бар эле, мен кичине кезимде энемди ээрчип келчүмүн. Энем зыярат кылып, суусунан иччү, китептерин оңдоп жайлгаштырчу, а мен шок неме, китептерди алам деп жаңжал салчумун, бирок китептерди карматчу эмес. Баягы үңкүрдү майлаган молдолор мени алдаш үчүн, үңкүрдүн ичинен бир кочуш топурак алып чыгып беришчү, ал топуракты жесең аябай ширин эле. 50 жылдан ашты, ошол топурактын даамын, андагы таттууну эңсеп келем, бирок ал кездеги жеген топуракты эми жебей, бул дүйнө менен кош айтышам го. Азыр ошол китептер барбы? Жок, ал китептер, чирип жок болду. Мен жаш кезде көргөн үңкүр да көмүлүп калды. Булактын ыйыктыгы эле элге белгилүү болбосо, бул жердеги үңкүрдү, китептерди эч ким деле биле бербейт (87 жаштагы ардагер Сагынов Акмат).

“Мен өзүм Ак-Терек айылынан болом. Бул мазарга ишенүүмдүн себеби, менин 1962-жылкы эжемдин башына таажы чыгып, ооруканалардан айыкпай, үйгө келет. Атам менен апам эмне кылышаарын билбей, молдо, кожолорго окута баштайт. Ошондо бир молдо: “Силер эч жакка чуркабай, өзүңөр жактагы эле булакка зыярат кылып, шам жагып, ысырык түтөтүп, жети токоч кылып элдерге жедирип, ошол булактын суусу менен жуундура бергиле”, – деп айтат.

Булактын суусун алып барып, эжебиздин көңүлүнө тийбеш үчүн баарыбыз эле чогуу иштетип, колубуздан келгенин кылганбыз. Эжемдин башындагы таажы ушул булактын касиети менен 10 күндөн ашык убакытта жок болуп кеткен. Башынан эле ооруканалабай, ушул жерге келсе болбойт беле деп ойлоном. Эжем ал илдеттен айыгып, мурдагы Ленинград, азыркы Cанкт-Петербургга иштегени барып, Лена аттуу аял менен таанышып калат. Ал аялдын кызы дарыны көп ичип, ошондон ооруп, башынан баштап тырмагынын учуна чейин былжырап кара болуп кетет. Ал жаранын атын врачтарга көргөзүп сураса, черепаший пансир деп айтып, “бул кызың айыкпайт, бизге сат”, – дешет. “Кантип эле айыкпасын деп ар кайсы жерлерге алып барып дарылатып жатам”, – деп өзүнүн башынан өткөнүн айтып берген ал аял кандайдыр Кыргызстанга келген. Келип, ушул Көк тоңду-Ата  булагынын суусу менен жуундуруп, бир айга жетпеген убакыттын ичинде толугу менен айыгып, Санкт-Петербургга кеткен. Азыркы учурда келип-кетип турат. Ошол убактагы акыбалын, кийимин чечкенде кийимге калган карттарды, былчылдап суусу чыгып турган жараларын, анан ошол илдеттен айыккандагысын, ага ушул булак шыпаа болгондугун айткандан тажабайт. Бул иш 1985-жылы болгон” (Калчаев Советбек, 1971-жылы туулган, андан Жумашбекова Гүлнар жазып алган).