Кара-Шоро

Өзгөн шаары

Салам-Алик айылы

Бул ыйык жер Өзгөн районунун Салам-Алик айылынан бир канча алыстыкта жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – тоонун боорунан агып чыгып турган булак суу. Булактын башына чоң бетон челек жайгаштырылып, түтүк менен суу агызып коюшкан. Булактын суусу түтүк аркылуу келип, дарыяга кошулат. Айланасына боз үйлөрдү тигип, аларды ижарага беришет.

Кара-Шоро алыс болгондуктан, кар кете элек кезде барууга мүмкүн эмес. Ошондуктан ал жакка күн жылуу болгондо, жаздын аягында, жай мезгилдеринде барса, жолдор жакшы жана ыңгайлуу (Мурзатөрө кызы Элнуранын маалыматы).

Кара-Суу районунун Правда айылынын 65 жаштагы тургуну Айсабекова Мусакандын маалыматы: “Кара-Шоро деп эмне себептен аталып калгандыгын так билбеймин. Жери кара топурак болгондуктан, ушундай аталып калса керек. Мен Өзгөндө Кара-Шоро деген ден-соолукка пайдалуу суу бар экенин угуп, кызым экөөбүз бардык. Бир канча күн суудан ичип, тазаланганбыз. Суусу аябай муздак экен. Биз эртең менен суу куюп, кичине жылытып, бир литр сууну үч бөлүп, дем алып, баарын ичип түгөтөбүз. Суунун муздактыгы ден соолукка пайдалуу. Ал сууну ичкенден кийин, организмди тазалап чыгат. Айрыкча, бул суу боорго, ашказанга, ич ооруларына зор тасирин тийгизет. Суунун боорго кандай таасир бергенин бир баладан көргөнбүз. Бала ооруканага барса, врачтар: “Боору ооруйт экен, бир канча күн үйдөн дарылансын”, – деп апасына дайындап кетириптир. Энеси алып баргандан кийин, бала бир жума ичкенден кийин өзүнө келип, жакшыраак басып калат. Баласынын түзөлүп баратканын байкап калып, энеси ошол жерде жыйырма күн турат. Бал жыйырма күндөн кийин аттай болуп чуркап кетиптир. Кадимкидей жүгүрүп, балдар менн топ ойноп калат. Врачтар 3-4 айдан кийин анализ тапшырса дешкен экен, барышса, врачтар таңгалып: “Балаңызды каяктан тазалаттыңыз?”, – деп сурашат. Кара-Шоро деген ыйык булактан тазаланганын айтса, врачтар аларды да алып барышын суранышып, Кара-Шоронун дарылыгына таңгалышкан экен.

Өзүм деле боорго кандай таасир берээрин көргөм. Боорум ооруп, өтүмдү алдырып, кыйналып, өзүмдү начар сезе берчү элем. Кара-Шорого баргандан кийин, эч жерим оорубай, бронхитим да кармабай, өзүмдү аябай жакшы сезип калгам. Кара-Шоронун касиетине ушунчалык таңгалам”.

Бир карыянын маалыматы: “Кыргызстанда ыйык жерлер, мазарлар эң көп. Мен Кара-Шорого эки жолу баргам. Суусу табигый, газдалган сууга окшош, кышкысын тоңбойт. Кара-Шорого барып, дартына даба тапкандар өтө көп. Мен дагы барып, организмимди тазалап келгем. Ал жерге барганда, кыргыз калкынын кандай салттары болсо, ошолорду аткарабыз. Куран окуп, жети токоч жасап, ж.б. ырымдарды колдонобуз. Кара-Шорого кыргызстандыктар гана эмес, жол ачылганда Өзбекстандан, ар тараптан элдер келип, дарыланып кетишет. Кара-Шоронун айланасында да ыйык жерлер арбын.