Дул-дул-Ат

А.Анаров айылдык кеңеши

Кароолчусу – Эргешали Усманов, 58 жашта (1952-жылкы), 17 жылдан бери ушул мазардын шайыгы болуп эмгектенет.

Бул ыйык жердин түрү – күмбөз, чилдекана жана булак. Бул ыйык жер Араван районунун борборунун чыгыш тарабында, 800-900 метр алыстыкта, А.Анаров айылдык кеңешинде жайгашкан. Башкача айтканда, борбордук оорукананын чыгыш тарабында орун алган. Мазарга кире беришке арка коюлуп, сол тарабында адамдардын мүрзөлөрү, мечит, ал эми оң тарабында мазар шайыгы тарабынан өстүрүлгөн дарактар, гүлдөр, ошондой эле маңдайда шайык отура турган коргончо, чарпая (сөрү) бар. Анын оң тарабынан булак чыгат, булак тоонун түбүнөн чыгат, кызык жери, булактын көзү күндө ар түрдүү жерден атырылып чыгат. Булак октябрь айларында соолуп, июнь айларында чыгат. Булактын дарылык жана сыйынып-тиленүүдө таасир бере турган касиети бар. Тоонун бетинде жылкы менен кулундун элеси ташка түшүрүлгөн. Бул тоо тик таш болгондуктан, адам баласы ал сүрөттү тартса, шатылар менен чыгууга гана мүмкүн. Бул табигаттын белеги болуусу дагы мүмкүн, себеби канчалаган кылымдар бою бул нерсенин өңү өчпөй турат.

Булактын жанында белгисиз аалымдын кабыры орун алган. Мазар шайыгы ал кабыр кимдики экендигин билбестигин, ошону менен катар кабырды ачууга болбостугун айтат. Мурдагы адамдар билүүсү мүмкүн, бирок союз убагында бел жерге зыярат кылууга тыюу салып коюшкан.

Пайгамбардын изи (чыканагынын, пешенесинин, манжаларынын) түшкөн таш бар экен. Ал таш бирөөнүн менчик үйүнүн короосунда жайгашкан. Бул таштагы оюлган издер Оштогу Сулайман-Тоодогу Бабурдун үйүндөгү издерге окшош. Жамгыр жааганда издердин чөйчөкчөлөрүнө суу толуп калат. Андан ары бир-эки метр баскандан кийин, эки тарабы таш жалгыз аяк жол аркылуу жогору, чилдеканага чыгууга болот. Чилдеканага барган адамдар пахтаны майга чылап, жагып, сыйынышат, ошондой эле акча, бышырып келген нандарын таштап коюшат. Үйдүн ээси чилдекананын алдына очок салып койгон. Зыяратчылар келип очокко нан (жети токоч) бышырышат.

“Өзүмдүн көзүм ачык, мазарга келип калган себебим, өзүм ооруп, эмне оору экендиги беш жыл бою аныкталбай, Борбор Азиядагы 273 мазарга зыярат кылгам. Анан Дул-Дул-Атка келип, дартымдан сакайдым. Өзүм күндөлүк түзүп, бардык окуяларды жазып жүрөм. Менин тажрыйбамда ушул мазардан 148 үй-бүлө балалуу болду. Бир кызык окуя болгон. Бакшыдан балалуу болбостугун уккан бир жигит ушул мазарга келиптир. Мен ага: “Баланы бакшы берет беле, кудайдан тилен”, – дедим. Кийин ал жигит эгиз балалуу болду, бири – кыз, бири – уул. Азыр ал эгиздер 5-класста окушат. Көзүмө мазардын ээси көрүнөт, “Дул-Дул-Ат келди, тиякта, биякта деп сүйлөй берем”, – дейт мазардын шайыгы Эргешали Усманов.

Бул мазарга көбүнчө балалуу болбогондор, күйөөгө чыкпагандар, үйлөнбөгөндөр, оорулуулар, узакка сапарга чыккандар зыярат кылышат.

Мазардын шайыгы Дул-Дул-Ат мазарынан шыпаа таппагандарды же андагы булакта суу болбой калган учурларда келгендерди Оштогу Навои паркындагы булакка жөнөтөт.

Азыркы күндө адамдар мазарга келгенде, дарактарга чүпүрөк байлагандыгын токтотту. Эгилген бадамдар мөмө алып калды. Бизде чече турган көп маселелер бар. Мен отурган чарпая кышкы мезгилге карата тосулса жакшы болмок, күмбөз шыбалып, боелсо жакшы болмок. Мазарга зыяратчылардан түшкөн акчаларды мазардын айланасын тостурууга, көрктөндүрүп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен да каражат алып мечит курууга жумшадык. Мен го мазардан түшкөн акчанын 5 гана пайызын өзүмө жумшайм  (Эргешали Усмановдун маалыматы).

Оозеки тарыхы:

Б.з.ч. II кылымда, Улуу Жибек жолунун мезгилинде бул жайда Даван өлкөсүнүн атагы чыккан аргымактары сатылып, кытайлар жылкыларын алмаштырып кетип турушкан. Кийинчерээк Хань династиясы Даван мамлекетине согуш ачкан, максаты – Жибек жолуна өз бийлигин орнотуу. “Аргымак” деген сөз араб тилинен келген сыяктуу эле, “Дул-Дул-Ата” да – араб сөзү. Филологдор да бул сөздү карап көрүшөт го, менин котормомдо “келишимдүү жылкы, ат”. Оозеки тарыхында бул жерде кайып дейбизби, же кайберен дейбизби, бир жылкы болгон. Ошол жылкынын кишенегени 1000 адамдын бирөөнө гана угулат экен. Бул жерге зыяратчылардын бир бар болуп, бирде такыр жок болуп калышы булактын соолуп, али чыга электигине же аба-ырайынын бир аз начар болгондугуна байланыштуу болот (Эргешали Усмановдон жазылып алынган Жетимиш кызы Айжамалдын маалыматы).