Олуя-Ата

Ынтымак айыл өкмөтү

Арык-Бою айылы

Кароолчусу – Каарбек, 49 жашта.

Мазардын түрү – үңкүр. Анын узундугу 300-400 метрди түзөт. Союз мезгилинде суу чыгарыш үчүн сууну кууп отурушуп, ушул үңкүр атайын казылган.

Мазар Арык-Бою айылынан түндүктү карай болжол менен 2 чакырым жерде жайгашкан. Эл зыяратка жайы-кышы менен каттай беришет. Майрам күндөрү кой-козусунан бери алып алышып, атайын барышат. Бул жерде ичкилик ичилбеши керек деп тыюу салынганы менен көпчүлүктүн иши экен, ичкилик ичилип калган учурлар дагы болот. Бул мазарга зыярат кылыш үчүн алыскы жерлердин тургундары дагы келишет (Үсөнов Мырзалы, Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы).