Тал-Мазар

Кеңеш айыл округу

Шаң-Кол жайлоосу

Кароолчусу бар

Бул мазар Кеңеш айыл округунан 10 чакырым түштүк тарапта, Шаң-Кол дарыясынын жээгинде, жайлоого кеткен жолдун боюнда, тоонун боорунда жайгашкан. Ыйык жердин түрү – үңкүр. Ал Апшыр-Атадагы үңкүр сыяктуу. Ошол жерге илгертен адам коюлуп, эл зыярат кылат. Жеңил машина менен каттаса болот. Үнкүрдүн намаз окуй турган эшиги бар. Ал жердин шайыгы жанына чакан үй курган, бирок кышкысын ал жерде отурбайт. Бул ыйык жерге зыяратчылар көбүнчө бала тилеп барышат (Жергиликтүү адамдын маалыматы).