Жийде-Мазар

Кыргыз-Ата айыл өкмөтү

Ак-Булак айылы

Бул ыйык жер, аты айтып тургандай, жийденин алдындагы ыйык, касиеттүү жер. Адамдар бул жерге сыйынганы, зыярат кылганы келишет. Бул жердин ыйыктыгы негизинен үңкүргө, ичиндеги касиеттүү тамчы сууларга, эмчек таштарга байланыштуу. Бул жерде ушуга окшогон сырдуу нерселер көп.

Азыркы учурда бул жерде сыйынуучулардын саны абдан аз, себеби бул жерди катуу сел алып кетип, жолдорду көчкү жаап койгон. Бул жердин кароолчусу да, шайыгы да жок болуп кеткен дешет.

Жийде мазар аябагандай касиеттүү, сырдуу. Анын жанындагы кооз гүлдөр, арчалар, шаркырап аккан дарыялар адамды таң калтырат. Бул ыйык жерге келген адамдар өздөрүн жаннатка келип калгандай элестетишет экен. Ар кандай өсүмдүктөр, дары чөптөр, жаныбарлар көп кездешет. Бул жердин абасы таза, суусу дары, айрыкча жаз мезгилинде ар кандай жыттуу гүлдөрдүн жыты адамды уруп турат. Жийде бышкан мезгилде өзгөчө кооз. Жийдесин жеген адам ага эч тойбойт (Муратали кызы Айпери).

 

Оозеки тарыхы:

Темирова Зуура, 86 жашта, пенсионер: Бул мазарда мурда чоң-чоң жийде алмалары бар мазар болгон. Кийин жийделерди, алмаларды эл кыйып, сел алып, жалгыз бир түп чоң жийде калган. Ал жийде ошол жердеги бир чоң үңкүрдүн үстүнө көлөкө түшүрүп, ийилип турат. Ошондуктан Жийде мазары деп аталып калган.

Жаш кезимде көп келчү элем. Эми карып калып, эки-үч жылда зорго келем. Мен бул жердеги ырым-жырымдардын бардыгын аткарам: жыт чыгарам, жети токоч бышырабыз, кан чыгарабыз, күчү жеткендер кой союп, куран окуп, тилек тилеп кетишет. Кээ бир адамдар тоок союшат.

Бул жердин ар бир аккан суусу миң бир дартка шыпаа. Жийденин алдындагы үңкүрдүн ичинен суу агат. Ошол тамчы суу ар кандай ооруларга шыпаа болуп эсептелет.

Үңкүрдүн ичинде Эмгек-Таш бар. Ал жерге балалуу болбогон аялдар барып, көкүрөгүн                                                                   ошол ташка тийгизип, ниет кылса, балалуу болот. Көкүрөгү ооруган аялдар да ошондой кылса, сакаят.

Бир үңкүр таштын ичинен кандайдыр бир дары суу тамчылап турат, ал суудан ичкен адамдын ар дайым жолу ачык болуп, оорубай жүрөт. Үңкүрдүн ичине адамдар кирип, куран окушат. Эгерде маданиятсыз адамдар болсо, үңкүрдүн ичиндеги таштар кыпчып калат. Мисалы, эгерде кыздар көйнөк кийбей, денелерин көрсөтүп келсе, жоолук салынбаса, ар кандай ушак сөздөрдү айтса, кыпчып калат, бирок бардык эле адамдар бул жерге өз жол-жобосу менен келгенге аракет кылышат (Муратали кызы Айпери).