Атамкул дубана: Дубаначылыктан кутулуунун эки гана жолу болот

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Атамкул дубана, Талас аймагы

Менин өзүмдүн тукумумда чоң аталарым баабедин болушкан экен. Бирок мен аны билчү эмесмин. өзүмдүн дагы дубана жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Анан кийинчирээк ооруп, башкача айтканда, жиндей баштадым. Жөн эле оорубаган жерлерим ооруп, өзүм да түшүнбөй калдым. Не бир доктурларга көрүндүм, эч кимиси кандай оору менен ооруп жатканымды аныктай албай коюшту. Анан мага атагы чыккан Көлдөгү дубана жолугуп, сенин тукумуңду мен билем, чоң аталарың дубана болушкан. Анан сен дубаначылыкты колго алмайынча айыкпайсың деди. Силер деле ойлоп көрсөңөр, өмүр бою төшөктө жаткан жакшыбы же эл кыдырган жакшыбы. Эгерде мен төшөктө жатып калсам мени бирөө караш керек, тияк-биякка алып барыш керек. Андан көрө өзүм менен өзүм болгон жакшы. Анын үстүнө ооруп төшөктө жатсаң бат эле өлүп каласың. Ал эми эл кыдырып жүрсөң ден-соолугуң да чың болот, көп да жашайсың. Дубаначылыктан кутулуунун эки гана жолу болот, же өлүп кутуласың же дубаначылыкка моюн сунушуң керек. Мен болсо ата-бабаларымдын жолун жолдоюн дедим.

Дубаналар ич ара Дербиш дубана, Кайырчы дубана, Эшен дубана, Калпа дубана, Баабедин дубана болуп бешке бөлүнөт. Мисалы үчүн, Эшен дубана китепти жатка билген киши, жалаң китеп менен жүргөн дубана, эми дубаначылыкка жакын эмес, сайраса да сайрабаса да, Эшен дубана деп коюшат. А Кайырчы дубана деген, ал өзүнүн шарты боюнча кайыр сурап жүргөн дубана. А Дербиш дубана болсо мамлекеттик кызматкер болуп саналат, же болбосо бир мамлекеттен экинчи мамлекетке бир жакшы нерсени алыш үчүн, башкача айтканда билим алыш үчүн барат. Ал эми бизге окшоп айылдан айылды, үйдөн үйдү кыдырып жүргөндү баабедин дубана деп коет. Булардын дагы касиеттери болот. Бирөөнүн касиети жакшы, бирөөнүн касиети аз, бирөөнүкү көп болот. Эми касиетсиз адам болбойт, бардыгынын эле касиети болот. Бирок ошону туура пайдалана албайбыз, кээде качырып алабыз, кээде үркүтүп алабыз, же болбосо жолотпой коебуз. Дубана болуш аябай кыйын. Дубана болуш үчүн тукумуңда сөзсүз түрдө бирөө дубана болгон болуу керек. Ал эми тукумуңда андайлар өтпөсө, дубана боло албайсың. Ошон үчүн Кыргызстанда дубаналар аябай аз.

Таяк – дубаналардын эң негизги куралы. Мисалы, молдолор, бүбү-бакшылар теспе алып жүрүшсө, биз таяк алып жүрөбүз. Бул илгертен келе жаткан салт, аны бузууга болбойт. Бу мендеги таяк жөн таяк эмес. Бул пайгамбардын көз жашы тамган таяк болуп саналат. Бирок кайсы пайгамбардын көз жашы тамганы белгисиз, мен 74 пайгамбар, кээ бирөөлөр 101 пайгамбар бар деп эсептешет. Анан бул таяк ар кайсы жерде өспөйт, тропиктүү өсүмдүктөр өсө турган жерлерде гана өсөт. Анан таякка атайлап эки четине шыңгырап турсун деп жуптап 6 темир кагып койгон. Бул темирлер ырдап жатканда бир четинен музыка болуп коштолуп турат, экинчиден жин-шайтандарды кууганга жардам берет. Анан мен таяк жөнүндө эчтеке деле билбечүмүн. Бир жолу түшүмө таяк кирип жатыптыр, анан мен туугандарыма түшүмдү айтып берсем, таякем «мага сенин чоң аталарың таягын таштап кетишкен эле, эми ошол таякты сен алышың керек экен» деп мага берген. Ошондон бери мен алып жүрөм. Кээ бирөөлөр мени «Ээ бир киши, бир балекетти көтөрүп алып эле жүрөт» дешет, дубана дегенге түшүнүшпөйт да. Ал эми илгери адамдардын ичинен дубана менен элчи гана башка адамдардан бийик турган. Согуш болобу, уруш болобу, ал экөөнө эч ким тие алган эмес. Дубана бул Алланын эркеси болгон. Алла Таалам дубананын айткан сөзүн эки кылбай аткарган. Мисалы, Чыңгыз ханга эч ким тик карай алган эмес, бардыгы аны көргөндө жүгүнө калышчу. Ал эми дубана барып алып көзүнө тик карап, Чыңгыз ханды дайыма ак булут коштоп жүрөөрүн, качан ал табигый нерсеге каршы чыкканда, ак булутунан айрылып, көптөгөн жеңилүүлөргө учураарын өзүнө алдын ала айтып, көздөн кайым болуп кеткен. Дубаналар ошондой эле алдын ала эмне боло турганын да билет.

Мен өзүм мурда айылда жашабачумун. Айылга көчүп келгениме 10 жылдай болуп калды. Ал эми мурда мен тетигил (Дубана Ата Чат мазардын бет маңдайында турган тоонун чокусун көрсөттү. – Айгине) чокуда жашачумун. Анан союз тарап, мен айылга келдим. (Дубана Атанын үйү да кадимки квадрат түрүндөгү үйлөрдөй эмес, тоголок үй экен. – Айгине). Мына ошол үйдү мен чокуда жашап жүргөндө кургам. Анан көчүп келе жатканда өзүм менен кошо ала келип кайра айылга алып келип салгам. Анан менин өмүрүмдүн көпчүлүгү мазарлар менен өттү. өзүм убагында доктур, эжем чабан болгон. өзүбүз мурда тоодо мал менен эле жүрчүбүз. Анан айылга келип 1985-жылдан баштап гана дубаначылык менен иштеп келе жатам.

Менин дубана ата-бабаларым Аксы багытына кол беребиз деп барышкан, анан кеч күз болуп, жамгыр жаап келе албай, ашуудан да аша албай калышат. Анан баягы 3 дубана келип ашууну аша албай калыптыр деп айтпасын, андан көрөкчө бир керемет менен кетпейбизби дешип үчөө акылдашып туруп, таякты минип учуп келишкен экен. Ашуунун ары жагында Арчалуу деген мазар бар. Ошол жерге куран окушуп, намаз окушуп, чай ичип, ошол жерден ушул жерге учуп келишкен экен. Анан ушул жерге конуп, чоң дубанасы берки экөөнө «эч ким жок бекен тегерек четте» десе, экөө нары жак, бери жакты карашып, «эч ким жок» дегенде, шам жагышат. Бүткөндөн кийин тоодон түшүп даарат алышып, намаз окушуптур. Ошол учурда 3 дубана турган жерге байдын жигиттери келип калышат. Алар дубаналарга көңүл бурбай эле байдын үйүнө өтүп кетишет. Ал эми байдын үйү ошол чокунун жанында эле. Бай жигиттеринен: «Эй сайдагы жигиттер, кимдерди көрдүңөр, кимдерге жолуктуңар, өзөндө кимдер бар экен» деп сурайт. «Ой эч ким жок, жөн гана 3 дубана мазарда намаз окуп жатышкан экен» десе, бай «Оо кокуй, аттан түшкүлө да, ошол дубаналарды чакырып келгиле, алар Аксы багытына кетишти эле, ошол жактагыларды сурайлы, алар көп нерселерди билет» дейт. Анан 3 дубананы алып келүүгө 3 жигитин жиберет. Келишсе дубаналар намаз окуп бүтөйүн деп коюшуптур. Анан жигиттер «силерди бай чакырып жатат» дешсе, алар бири-биринен уруксат сурашат. Ашыр деген чоң, аксакал дубанасы: «Мейли бара берели, эртең бизди үйгө жеткизип коет» деп айтат. Анан байдын үйүнө барышса, үйүндө Эшен ата отурган экен. Анан саламдашып, түнү бою сүйлөшүп калышат. Менин Кара дубана деген чоң атам насывай атчу экен. Анан жаргак деп коет, аны малдын терисинен жасашат, жакшылап ийлеп, анан ошонун ичине насывайды салып коюшчу. Анан сүйлөшүп жатканда Кара дубана чоң атам насывай атып жатса Эшен ата: «Ай дубана аке, чакчаңдан мага да берчи» дейт экен. Ал эми жаргактын сыртынын баары түк болгон экен, теринин жүнү жакшы алынбай калыптыр. Анан чакчасын алып Эшен ата күйүп турган отко салып жиберет. Анан бир убакта Кара дубана ата: «Ой Эшен ата, болдубу?» десе, «болду» дейт. Анан Кара дубана чакчасын оттон кагып алып, чөнтөгүнө салып коет экен. Анан Эшен ата Кара дубана атадан эмне болду десе, Дубана ата «сиздин даметип келгениңизден биздин бир аткан насывайыбыз артык» деп жооп бериптир. А көрсө Эшен ата байдын үйүнө бир кепич маасыбы, же бир кило өрүкпү, бир нерсе үмүтөтүп барган экен. Аны Кара дубана ата билип, жанагы айтканы менен сөзгө сындырып койгон экен. Ошондуктан дубаналар Эшенге баш ийген эмес. Дубана деген көргөнүн, билгенин, түшүндө аян көрүп бир нерсе боло турганын алдын ала билсе, ошону айтат. Эшенге окшоп бирөөдөн үмүт этпейт. Дубана деген сыпайы киши – берсе алат, бербесе унчукпай сайрап кете берет, дубаналардын шарты ушундай.

Ушул дубаналар келген жер бардыгы биригип Чат мазар деп аталат. Бул жерде сарайлар да бар. Биринчи сарай Курманаалы сарай, андан наркысы Барпы сарай деп аталат, андан нары дагы эки сарай бар. Ошолордон бери аккан суу Карабууранын суусу деп аталат. Бул суу Чаткалдан ашат, андан бери Жаңыбазар, Ала-Бука, Жалалабаддан, Оштон келет бул суу. Анан бул мазардын тарыхы ушундай. Анан бул дубаналар коюп кеткен таш көп болсо керек. Жерде бекигени калып, бекибегендери тоголонуп жок болуп кеткен. Ошон үчүн азыр таштар аз калыптыр. Бизден кийинки урпактар айтып жүрүшсүн деп ушул таштарды коюп кетишкен экен. Жар салуучулар ушул жерге келип салышат. Эгерде күн суук болсо, ылдый жакта бир үй бар, ошол жакка салышат. Бул Чат мазарды мен өзүбүздүн мазарыбыз деп эсептейм. Анткени өзүбүздүн ата-бабаларыбыз учуп келип ушул жерди жердеп келишкен экен. Бирок мазарды меники деп айтышка болбойт. Бул элдик мазар болуп эсептелет. Бул жерге жакшы да, жаман да, байы да, кедейи да келет, жөө да, ат менен да келишет. Ошондуктан көпчүлүктүн мазары, жөн гана ата-бабаларыбыз баскан жер деп коебуз.

Бул жерге үч дубана келип таштарды коюп кеткендиги тууралу маалыматты мен өзүм уламыштан жакында эле уктум. Мындай нерсе эми ооздон оозго өтүп кете берет экен. Көбүнчө аксакалдар жакшы билишет, ошолор улам кийинки муунга өткөзүп кете беришет. Мен го көзү ачыктардан уктум. Ал эми дубаналардын качан келгенин эч ким деле толук билбейт. Болжол менен бир кылым, же андан да көп убакыт өткөн бул жерге.

Эмне үчүн дубаналар ушул жерге конуп калышты дегенде, жогоруда айткандай, алар Чаткалга жөө кетип, күн суук болуп калып, ашууну аша албай, жөө жүрүштөн эринишип, кереметтин күчү, дубанын күчү менен дал ушул жерге келишкен. Эми мындайча айтканда, алар – олуя кишилер, демек бул жердин дагы тегин эмес экендигин сезишкен.

Мен бул жерден Ойсул-Ата жөнүндөгү бир окуяга күбө болгом. Ушул жердеги бир сарайда отурчу элем, бир карагер жоргом бар болчу. Анан бир күнү мени колхозго чакырып калышты. Ошол жакка кетип бараткам, караңгы кирип калган эле. Алдымдан шалдыраган бир нерсе келе жатыптыр. Кудайдын алдында мен эч нерсе көргөн жокмун, аттын көзү ачык экен, атым көрдү. Ошол замат атым үркүп, четке чуркады. Анан тиктесем эле абдан бийик бир нерсе турат. Талдын бийиктигиндей экен. Шалдыраган бир нерсе көтөрүп келе жатыптыр. Мен көзүм менен эле көрдүм, бирок караңгы болгондуктан эмне экенин ажырата албай койдум. Коркуп кетип жол жак менен өтө албай, тоо ашып асканын үстү менен өткөм. Ошондо Ойсул-Ата жүк көтөрүп келе жаткан болсо керек. Болгону ошол, андан башка эчтеке көргөнүм жок.

Эл ичинен дубаналар деле көп чыккан жок. Бир эле бала бар болчу. Ал кайтыш болуп кеткен. Ал эл кыдырчу эле, эми мен кыдырам. Кыргызстанды кыдырган жалгыз дубана – мен. Нарынды кыдырдым, Ат-Башыны, Тянь-Шанды кыдырып келдим. Тигил бала тирүү кезинде мен Ленинполдон ары барчу эмесмин. Манас районун, Карабуура районун эле кыдырчумун. Ал бала Талас жакты кыдырчу. Эми мен баарын кыдырам. Суусамырга бардым, Ош жакка бардым. «Сизге окшогон адам жок» деп коюшат. «Артыңызда жолуңузду улантуучулар барбы?» – деп сурашат, тилекке каршы, жок. Себеби андай бардык жагынан жетишкен балдар жок болуп жатпайбы. Бул жумушка оңой менен эч ким чыдабайт. Бирөө жарымдан бир аз эле тил угуп калса болду, анда кыдырбай коет. Дубананы «Алланын эркеси» деп коюшат. Негизи мындай да, кээ адамдар дубананы айылына келтирбеш, жолотпош үчүн, тилдеп да жиберет, уруп да жиберет. Анан ошого болобузбу, биз кудайдан коркобуз да, ошол кудайдан коркконубуздан баратабыз да, а болбосо бизге эмне, бизди уруп-соккондо ал айылга барбай калбайбыз да, кайра эле бара беребиз. Баарына чыдайбыз.

Менин элге айткан ырларымдын жалпы мазмуну төмөнкү ойлорумдун тегерегинде:

Лааиллохи иллалло 

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айланган дубана

Дубана өзү бир адам

Атын саткан миң адам

Миң адамдан бир адам

Чыгат экен дубана

Аса таяк шарк уруп

Ай сарыдан тон кийип

Аса таяк, ат минип

Дубана келди эшикке

Балакет чыксын тешиктен

«Алда үй» деп сайраган

Дубананын салты экен

Илгертен келген наркы экен

Ата-баба нарк-нуска

Айтпай койсок болобу

Кайда жүрсө жолу ачык

Баабединдин көзү ачык

Лааиллохо иллолло

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

өзөн толгон малы бар

Ойсул ата пири бар

Олуясы дагы бар

Чалкалаган жери бар

Айланайын Чат мазар

Карагай бар, чери бар

Кабылан, жолборс, шери бар

Арасынан карасаң

Жалгыз аяк жолу бар

Нары этин карасаң

Кенен ташы дагы бар

Келберсиген кең мазар

Кара коен чоң мазар

Кыдыр абам баскан жол

Кыдырып эчен өткөн жол

Лааиллохо иллолло

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

Бу дүнүйө аманат

 

Мусака өттү ким калат 

Чар дүнүйө аманат

Чалдыяр өттү ким калат

Сызып аккан суу калат

Сыдыра бүткөн тал калат

Арал менен адалдан

Жыйнаган дүйнө, мал калат

Азабына агайын

Бир чымындай жан калат

Аял калса бай табат

Бала калса мал табат

Кары да бол, жаш да бол

Кадырлашкын тирүүдө

Калат го бир күн алтын баш

Казылган көрдүн түбүндө

Кырка чыккан тал калар

Кыяндап аккан суу калар

Кыл көпүрө кыямат

Тар жайгыча ким калар

Жакасы жок, жеңи жок

Узун көйнөк кийерсиң

Эшиги жок, төрү жок

Караңгы үйгө кирерсиң

Лааиллохо иллолло

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

Замана акыр, жер такыр

Колунда жок эл жакыр

Заманам келди закымдап

Ай менен күнгө жакындап

өзөндөн аккан сууга окшоп

өмүрүң өтөөр закымдап

Ким билет кимдин арманын

Тараза билет салмагын

Кыл көпүрө кыямат

Тар жай билет нары жагын

Барып көргөн киши жок

Байлыгы менен иши жок

Көрүп келген киши жок

Ал жакта кандай жашаарын

өткөн адам келеби

өмүрүңдө көрдүңбү

Ошол жактан келгенди

 

Бакыт менен ырыскы 

Бирге жүрбөйт турбайбы

Бири келсе бири жок

Билинбей өтөт турбайбы

Саламат болсун жаныңыз

Саламат эсен туруңуз

Бакыт консун үйүңө

Бактылуу болуп туруңуз

Сандалып жүргөн дубана

Сайрап келди дебеңиз

Алданын кылган жумушун

Аткарып келдим агайын

Лааиллохо иллолло

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

Дүнүйөгө берилген

өзүммүн деп керилген

Үмүтүнө алданган

Ынсап анда калбаган

Бейкапар анда болгону

Дилине кайгы толгону

Жакын келсе ажалы

Калбай калат амалы

Малыңды берсең алабы

Жаратканга жалынсаң

Жаның аман калабы

Алмадай башың шылк этип

Жүрөктөн жаның былк этип

Алдадан келсе бир буйрук

Кетээрбиз бир күн шылк этип

Ак сөөк болоор кабыргаң

Ар жерде калар табылгаң

Көк сөөк болоор кабыргаң

Көп жерде калар табылгаң

Эңкейишке барганда

Эшен пирим колдосун

Койкойлошуп сайраса

Кошой пирим колдосун

Жаан жаайт себелеп

Дубана келсе эшикке

Балакетиң тебелеп

Лааиллохо иллолло

Баабединим кайрылло

Алда үй, алда үй

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>