Абдуллаева Нускайым: Ушул көргөн күнүм, ичкен суум, баскан-турганым– мен үчүн бейиш

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Абдуллаева Нускайым, 62 жашта, Аксы району, Тогуз-Булак ыйык жери, Жалал-Абад аймагы

Ушул көргөн күнүм, ичкен суум, баскан-турганым– мен үчүн бейиш

Бизде Чоң-Таш-Ата, Төлгө-Таш-Ата, Жаныш-Байыш-Ата, Тогуз-Булак, Кош-Терек-Ата деген ыйык жерлер бар. Жакшы тилек тилеп, дилин коюп, кудайга ишенип, ошол жерден шыпаа таап кетейин деп, ыкыласын коюп баргандар ошол жерлерден сакайып кетишет.

Тогуз-Булак деген жеринин касиети абдан күчтүү. Бул жерге канча жылдан бери төрөбөй жүргөндөр барып сыйынып, төрөп, бала таап кетишет. Ар кандай тери оорулары менен ооругандар, жараат чыккандар ошол булактын суусунан шыпаа табат. Бул жер шаардын эле ичиндеги паркыбыздын четинде жайгашкан. Мен бир жылда бир нече жолу келип турам.

Мен табып-дарыгермин. Мени ушул жолго салган адам, устатым, мени жети жерге зыяратка алып барган. Ошол зыяратка барган жерлериме жылда эң аз бардым дегенде бир жолу барып келем. Бир жолу барганым өзүм үчүн гана, андан тышкары мага келген элдер: «Эже, бизди ошондой жерге алып барып келсеңиз, биз менен кошо барып бериңизчи», – деп суранышат. Анан мен аларды зыярат кылдырып келем. Мурда мындай жерлерге көп барып, түнөп жүргөм да. Ошон үчүнн мен кошулуп барган адамдарыма ыйык жерлерге барганда кандай ырым-жырымдарды жасаш керек, кантип куран окуш керек, ал жерге барганда өзүн кандай алып жүрүш керек, анын жол-жоболорун көрсөтүп кеңеш берип, зыярат кылдырып келем.

Мага адамдарар кандай максат менен келишет. Догдурга барып, жардам болбогондор ушул жерден айыгып кетер бекем деп чоң үмүт менен келишет. Көп жылдан бери балалуу боло албай жүргөндөр дагы келет. Эски ооруларды, «жандуу ооруларды» да караймын. Бала-чакага дем салып, жоемун. Эски чыккан жерлерди дагы, сынган жерлерди дагы дарылайм. Мен чыккан жерлерди салганда оорутпай салам. Себеби салаардын алдында укалоо жасайм.

Мен төлгө салбайм. Келген адамдардын тамырын кармайм, көзүн, жүзүн караймын. Мен ошентип тамырды кармаганда, жүзүн караганда, менин дилиме салат. Анан мен ошол дилге салган нерсени айтамын. Анан ошол мен айткан нерсе алар УЗИден өткөндө дал ошол айтканымдай болуп чыгат. Бирок ооруканадан анализи чыкпаган кишилер мага чыгат. Мен дароо эле мага келген адамдын оорусу эмне экендигин сеземин. Өздөрүнөн сурап оьтурбай эле, өзүм аныктайм.

Мындай касиет менин ата-бабаларымда болгон экен. Бирок менде мындай касиет бар экенин мен билген эмесмин. Орусча өсүп, Караколдо орустардын арасында жашагандыктан, мындай нерселерге маани берчү эмес элем. Бизде кыргызчылыкты эч ким карманбаган экен. Ошентип жүрүп мен ооруп калдым, көп оорудум. Барбаган жерим, догдурум калган жок. «Бир бутум көрдө, бир бутум жерде» – болуп, өтө начар абалга жеттим. Ошентип жүргөндө мага: «Ооруканадан жардам болбогондон кийин кыргызчылык кылып көрүшүң керек», – деп айтып калышты. Ошентип, кыргызчылыкка түшүп тогуз ай бою дарыландым. Анан мени биринчи топтогу майып деп чыгарып коюшту. Себеби, мен ошондой абалга жетип калган болчум. Кыргызчылык кыла баштагандан кийин күндөн-күнгө сакайып отуруп, иче турган суум, көрө турган күнүм бар экен, эл катарына кошулуп, азыр кайра элге соопчулук иш кылып келе жатам. Ушул көргөн күнүм, ичкен суум, баскан турганым – мен үчүн бейиш. Менде кудай-тааланын берген 21 касиети бар экен. Ушул кыргызчылыкка түшкөндөн кийин табыпчылык-дарыгерчилик жолумду кармана баштадым. Бул жолду карманганыма 14-15 жыл болуп калды. Мага ыкыласын коюп келген адамдар шыпаа таап кетип жатышат. Мен аларды өзүм чакырбаймын, өздөрү издеп-сурап, таап келишет. Келгендерди кудаанын жолунда дарылап, кудай-тааланын берген касиеттерин ошол келген адамдарга сарптайм.

Мен мурда эле ар кандай сырларды көрүп жүрчүмүн. Бирок мен аларды жүрөгүмө анчалык жакын албай жүргөн экенмин. Бардык эле адамдарга ошондой көрүнөт болуш керек деп ойлочу элем да. Мына ошондой сырдын бирин айтып берейин. Анда мен кыргызчылыкка бара элек элем. Анан бир мындай нерсе болду. Мен анда ооруканада элем. Баса албайм, мени бирөө карап жатат. Бир жолу мени карап жаткан адам да, палаталаш жаткан келин да сыртка чыгып кетишиптир, мен жалгыз калыптырмын. Чак түш, мен кечке ойлонуп жаткам, ошентип жатсам эле бир жактан: «Нускайым, сен эми кыргызчылык кыл», – деп кыйкырган бир катуу үн чыкты. Көзүмө эч ким көрүнгөн жок. Анан мен: «Бул үн каяктан чыкты? Эшик деле ачылган жок, кыштын күнү – терезе жабык, эч кимди деле көргөн жокмун», – деп эле таң калып кадым. Ошол-ошол болду. Анан мен: «Өзүм минтип туралбай жатсам, алым болсо бул болсо, мен кантип кыргызчылык кылмак элем?», – деп ойлонуп калдым. Мен чындыгында жашоодон үмүтүмдү үзүп койдум эле. Анан мындай бир ой кылт эте түштү: «Догдурлардан минтип жардам болбойт экен, балким кыргызчылык кылсам жакшы болуп кетээр бекем», – деп үмүт кылып калдым. Анан мени ал жерден дагы Жалал-Абадга ооруканага алып кетмек болуп калышты. Себеби, менин оорубаган жерим жок эле, башымдан бутума чейин бүт денем, тулку-боюм ооруган. Бир кашык сууну да иче албай жатам. Доктурлар да эмне кылып дарылаарын билбей, баштары маң. Себеби, мага диагноз кое албай коюшту. Анализдерим таза чыгат, УЗИге түшсөм, дагы таза. Анан догдурлар эмне кылаарын билбегенде «Жалпы оору» деп аныктап, майыптыкка чыгарып коюп атышпайбы. Алгач УЗИнин жыйынтыгы дагы, анализдериң да таза дегенде, мен «Булар мени алдап эле жатышат, өлөм» – деген ой менен жүрдүм. Кийин бир жылдан кийин паспортумдун ичинен УЗИнин кагазын таап алдым. Карап отурсам, чындап эле баары таза экен. Ошентип Жалал-Абадга алып кетишти. Ал жерге баргандан кийин башка бөлүмгө – неврологияга котормок болушту. Анан мага баягы «Кыргызчылык кыл» деген үн угула бере турган болду. Кочкор-Атада кайын синдим бар эле, ал кыргызчылык кылчу, ошону менен кеңешип көрөйүн дедим. Анан апамдарга: «Мага ошол кайын синдим Жумагүлдү алып келгилечи. Ал күндө деле, түндө деле көрө берет экен го. Мен төлгө салдырып көрөйүн, жакшы болуп кетемби же жокпу», – деп калдым. Апам менин айтканымды жактырбагандай болуп калды. «Догдурлар жардам бере албай жатса, ал кантип жардам бермек эле», – деп ойлоду окшойт. Анан мени көңүлү ооруп калат дедиби, «Ии, макул, чакыртабыз», – деп койду. Бирок алып келишкен жок. Анан ошол убакта менин өзүмдүн бир тууган кайним келинчеги экөө келип калышты. Өтүнүчүм менен кетишип, түнкү саат экиде Жумагүлдү алып келишти.

Эртеси Нооруз болуп калды. Мен аны өзүмдүн кайын сиңдим деп эле, баштагыдай жакшынакай учурашат болуш керек деп ойлосом, суз учурашып, башкача болуп калыптыр. «Ии, бата жолуна түшкөндөн кийин ушинтип өзүн-өзү карманып калган турбайбы», – деп койдум. Менин тамырымды кармап туруп: «Догдур деп жүрүп акыбалыңыз ушул болуп калыптыр го», – дегенди угуп ыйлап жибердим. «Жеңе, айтып коюш менден, калганы сиздин өзүңүздөн. Догдурга дагы барсаңыз мындан бешбетер болосуз», – деди. «Мындан бешбетер дегени өлүм эмеспи», – деп, кайын сиңдимдин макулдугун алып, ага шакир болуп калдым.

Устатым ал убакта турмушка чыга элек, 28 жаштагы кыз болчу. Азыр 40тан өтүп калды, 3 балалуу болду. Ошол жылдар 1993- жылдар болчу. Ал талыкпастан күн-түн дебей, 9 ай бою мени карады. Мен анын тилин укпаганда азыр бар болот белем, жок болот белем, бир кудай өзү билет. Мен ал устатыма эки дүйнөдө миң мертебе ыраазымын. Ал мени арбактар менен дагы сүйлөштүрчү. Ал мени мазарларга деле алып барган жок, үйдө карап жүрдү. Ал убакта мазарга бара турган алым деле жок болчу. Ошентип, 9 ай өткөндөн кийин менден жакшы жылыш болбогон соң, мени чилтенге, караңгы жерге отургузушту, рухча тазалоого салды. Жумагүл мага: «Сизди эми рухтар тазалайт», – деп айтты. Мен деле ал убакта ал кандай болоорун түшүнбөйм да. Мени өзүнчө бир караңгы үйгө отургузду. Чилтенге киргенге чейин 6-7 киши мага тынбай укалоо жасап турчу болду. 5 мүнөт укало токтотулса, мен зыңкыйып катып калчу элем. Караңгыга отургузабыз дегенде, «Мени караңгыга жаткызып койсо кандай болот, мен эч кимди көрбөсөм, эч ким менен сүйлөшпөсөм, өзүм такыр кыймылдай албасам, эми көргөн күнүм эмне болот», – деп ойлодум да, кайра: «Мейличи эми, кудайдын бешенеге жазганын көрөөрмүн. Кудай жардам берсе, оңолуп кетээрмин», – деп чыйралдым. «Мага төшөктү кенен салгыла, ооруганда ары-бери оонай турган болоюн», – деп караңгыга кирип, ошол убакта 11-классты бүткөн кызым тамак киргизип турду. Биринчи отурганда 6 күн отурдум.

Мени чилтенге рухча операцияга салуу үчүн отургузган да. Ошол жөнүндө айтып берейин. Алым жок, жаткым келет, колу-бутумду сунуп коюп жатам, уйкум келбейт. Ошентип жатсам эле «шыбыр-шыбыр», «шып-шып» деген үндөр чыгат. Анан келип эле үстүмдү каптап калышат аппак кийимчендер. Ортосунан шыкалып эч нерсе өткөнгө мүмкүн эмес. Анан мен баягыларды карап жатам, коркунуч сезими деле жок, үн жок, сөз жок, «шырык-шырык» деп эле кайчынын үнү угулат. Анан «шып-шып» деп, жабдыктарды бири-бирине бергендери угулат. Ошентип отуруп мен уктап калам. Анан ойгонсом эле, өзүмө келип калган болом. Ошентип мен канча кун рухча операцияда болдум. Анан бир күнү мындай окуя болду: Ошентип операция болуп жатканда, Аксакал-Атам: «Керектүү жерин койгула, керексиз жерин алгыла», – деп буйрук берип жатат. Анан нары жактан үн чыкты: «Өпкөсүнчү?», – деп. «Өпкөсүн тим койгула, өпкөсүндө төрөлгөндөн кара калы бар», – деди. Аксакал-Атам дегеним – бул менин аркы дүйнөдөн ушул жолго кайтарып салып жүргөн колдоочум. Ошонун ошентип айткан үнүн уктум. Мен дагы мурда мындай нерселерге ишенчү эмес элем. Ушундан кийин ишенгенге туура келди. Бул өпкөмдөгү кал жөнүндө ооруканадан рентгенге түшкөндө дагы айтышкан. Мына ошентип караңгыдан чыккандан бир жумадан кийин апам: «Балам, мен сага көз тийип кетет экен деп эч кимге айтпадым, денең жаңы төрөлгөн баланын денесиндей болуп калыптыр. Жүзүңдө бир да бырышың калбаптыр», – деди. Ушулардын бардыгы 6 күн караңгы жерде отуруп, рухтар операция жасагандан кийин болду. Тамак тургай суу дагы иче албай жүргөн мен, караңгы жерге отурган күндөн тартып тамакты жей баштадым, өзүм да оңоло баштадым. Менин тамак жегениме ишенбей ата-энем кайра-кайра сурашат экен «Тамакты чындап эле жеп жатабы кызыбыз?», – дешип. Кудайга шүгүр, мына ошондон баштап кыргызчылыкка ишенишке туура келди. Ошентип устатым мени ушул жолума салып койду. Бирок мен кээ бирөөлөргө окшоп төлгө салбаймын, мен ал жолду жактырбагам, мен – табып-дарыгермин.

Эми мага чын дилин коюп, ишенип келгендерден ар кандай оору менен ооругандар шыпаа таап кетип жатышат. Мисалга айта кетсем, сарык оорусу менен ооругандар, коп жылдан бери башы ооруп жургондор, кыргызча жандуу оору, жараттардын түрлөрү менен ооругандар, дене сөөктөрү чыккандар жана сынган жана башкалар шыпаа таап кетип жатышат. Мисалы, мен чыккан жерди салып жатканымда оорубайт. Себеби, мен чыккан жерди салаардан мурда биоток берип анан саламын. Мисалы, мындай учурлар да кездешет, эшиктен өзү баса албай көтөртү, же жетелетип келип, мен салгандан кийин ушул жерден кайра өздөрү басып чыгып кеткен убактар да болду. Кыскасы, мен улуу кудайымдын кудурети менен оорунун бардык түрүн айыктырам.

Негизинен түрдүү чөптөр менен дарылайм. Анан эгерде мага келген адамдар дарыгерлер жазып берген дары-дармекти колдонуп жаткан болсо, мен ага тыюу салбайм. Ошол дары-дармегин бул жерге алдырам дагы, ага дем салып окуп берем. Ал дарыларын деле иче беришет, менин айткандарымды да жасай беришет. Менде атайын дары чөптөр жөнүндө китептер бар. Бирок мен ал чөптөрдүн баарын эле колдоно бербейм. Мен ошол адамды көрүп жатканда, мага «ушул чөптү ушуга буйру», – деген аян берилет, мен ошону гана буйруймун. Дарыны мен өзүм жасап берем. Чөптөрдү болсо элдин көзү көрбөгөн жерлерден терип келем. Көбүнчө Чычканга барып, жолдон алыс жерлерде өскөн таза чөптөрдү терем. Мен аларды эртең менен күн чыга электе, же кечинде күн уясына батып кеткен мезгилде чогултам. Таза көлөкө жерге кургатам дагы, анан кездемеден тигилген атайын калталарга салып сактайм. Ар бир калтага чоптордун аттарын жазып коем.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>