Зыяратчы Тургун (80 жашта): «Кыргызчылык кайдан жоюлсун…»

This post is also available in: Англисче, Орусча

Тургун-апа, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мен мазар басууну совет доорунда орустардын убагында баштагам. Тоскоолдукту сурайсыңар. Оо тоскоолдук болгондо кандай, бизди милициялап кууп жаман кылган. Жанды койбой сурады. Мазарга барганда бара албай көрүнгөн жерге бекинип. Көрүнгөн аңга, чункурга бекинип. Түнөп келгенге уруксат берген эмес. Куугунтуктаган себеби деле ошол, көп-көп болуп жумуш убагында мазар басасыңар, жумуш калып калат деп. Дагы адамдарды ээрчитип аласыңар деп. Эми ал убакта биз адам ээрчитпей эле жан соо кала турган жер таппай калганбыз. Таластын баш-аягындагы мазар калган жок. Мен молдо, мен шайык, мен мазармын деген жердин баарына бардык. Мазардын мага тийген пайдасы – мен жиндеп кетпей үйдө ушул балдардын апасы болуп калганым.

30 жаштагы келинмин. Мазар баскан кабарым кайдан-жайдан болсо да жетчү жерге жетет. Мага келип көрүнгөн көп кишинин бирөө өкмөттүк болсо, бирөө мендик болчу. Ошол элдин арасында жүргөндөрдүн бирөөсү эле айтып коет. Милициялар менен зыярат кылып жаткан учурда көрүшкөн учурларыбыз болгон, бирок мен такыр мазардан милициянын колуна түшкөн жокмун. Бир жолу Манас атага бардык, барып он экиге чейин олтуруп, анан биз Каныкей апанын булагына кеткенде милициялар келип бизди таппай калышкан. Менин артымдан 5 жыл куугунтукташты.

Азыр мазарга барганда эл суунун агымындай эле барат да. Ал убакта болсо качып, жашынып, күндөп-түндөп жашынып, эл бирин-бири тааныбай барышкан. Ал убакта деле кыргыздын сөөгүн, изин калтырган мазарды таштай алчу эмеспиз. Анда каерге барса дагы зыяратка аттанган адам артка кайтпай туруп, бекинип болсо дагы барып келген. Артынан милиция кууп жүрсө да чычырканактын арасына болсо да түнөп, туруп келет. Биз, мисалы мен, дайыма түндөп барчумун. Каерге болсо дагы эптеп жашынып, түнөп жатчубуз. Ошентип биз куугунтукталган убакта Өзбекстанда зыяратчыларды кууган жок. Казакстанда куугунтук бир аз болду.

Мазарларга барганда кылган ырымыбыз деле жок жарытылуу. Ошол убакта эмнени кыласың, артыңдан милиция кууп жүрсө. Мен шам күйгүзө албачумун. Кууган милицияларыңдын ичинде кыргызы деле бар. Кууганда эмне кылат эле зыяратчылар, бекинип калды, мал сойгон эл ошол малды төө парасына берип, бекинип калды. Баланча атага аталды эле деп куран айттырып, үйүнөн берип калды түлөөнү. Анткен менен кыргызчылык кайдан жоюлмак. Жо-ок, жоюлбайт. 48-жылы орозо кармабагыла деп да тыюу салынган. Эл орозосун токтоткон жок, битир бербегиле деди эле, ошондо эл битирди токтоткон жок, айтта айт намазга чыкпагыла деди эле, айттоо бул кыргыздын мыйзамы болгон, аны кайдан токтотмок. Ошондо эл койгон жок, эртең менен таң багымдатта барып намазга жыгылып келишчү. Айт арапа, орозо эч кандай токтогон жок. Жеке мен колдоочуларым уруксат бербей калганда гана уруксат жок экен деп токтотуп койгонум болбосо, 15-20 күндө бир барчумун. Ал жакка барып турбасам болбойт эле, мен ден соолугум менен жан сактай албай калчумун.

Мазарга баруу жолун ошол милицияларга түшүндүрүп коюу деле ойдогу нерсе болчу. Мен Бозтектирге барып ооруп жатканда мал сойдук, менин кожоюнум мугалим болчу, аны эмне мал сойдурасың деп райкомго чейин алып барып жумуштан алабыз деп азапка салышкан. Сени иштетпейбиз, сен атеистсиң дешкен. Анан ким кантип аларга түшүндүрөт.

Ошондой шарттарда үй-бүлөң гана демөөр экен. Анан дагы Унут деген апаны устат күткөн жайым бар, бирок ал деле көпкө узаган жок. Ооруп жүргөндө мен аны ээрчип мазар кыдырып калгам. А болбосо баарын эле өзүм аздап үйрөнгөндөй болдум. Устат болуш үчүн адамга күч керек. Эми ал өзүнөн. Өзү күчтүү болсо, калганын кудай жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>